Биз ишенген “каймактар”, барсыңарбы?
Эгемен жылдардагы коомдук жана гуманитардык илимдерибиздин уюштуруучулук жана каржылык колдоо жок шарттагы түйүндүү маселелери жана абалы тууралуу 2011-жылы кыргыз жана орус тилдеринде “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” газеталарында “Кыргыз илими кыймылда, бирок өзгөчө көңүл бурууга муктаж”- аттуу чоң макала жарыялаган элем. Андан бери да бул илимдер ошондой эле абал сакталып жатканына карабастан өнүгүүдө, аларда атайын көнүл бөлчү жаңы жагдайлар болууда. Ошондуктан бул темага кайра кайрылып, алгылыктуу көрүнүштөр жана кай бир кемчиликтер жөнүндө кеп улоону эп көрдүм.
Табияттын, адамдын, коомдун маңызын, түзүлүшүн жана өнүгүш жолдору менен мыйзам ченемдерин жалпысынан иликтеген илим-философия. Ал бизде Совет дооруна чейин негизинен оозеки чыгармачылыкта жана жазма эстеликтерде тажрыйба (эмпирия) түрүндө кездешсе, 1920-1930-жылдарда алгачкы агартуу, илим жана мамлекетте ишмерлерибиз И.Арабаев, Б.Солтоноев, А.Сыдыков, К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов, Т.Айтматов, Б.Исакеев, Т.Жолдошев, И.Тойчунов ж.б. макала-китептеринде коомдук-саясий жана адабий-маданий сыпатта бүчүрлөнүп, түптөлө баштаган. Философияны илим шекилинде кесип түткөн биринчи окумуштуулар 1940-жылдардын аягы - 1950-жылдардын башында пайда болду. Алар Москвада аспирантурада окуп, философия илимдеринин кандидаты деген илимий даража алышкан А.Алтымышбаев, А.Давлеткелдиев, М.Джунусов, А.Салиев эле. Алардын артынан 1950-жылдары философия илимине Т.Абдылдаев, А.Брудный, Б.Аманалиев, К.Молдобаев, 1960-жылдарда А.Табалдиев, А.Исмаилов, Т.Аскаров, К.Матиев, А.Медетбеков, А.Карыпкулов, А.Какеев ж.б. келишти. 1970-1980-жылдары философия Кыргызстанда кадыресе калыптанып, бутуна туруп, тарамдалып (тармак-тармакка бөлүнүп) калды, алдыңкы үлгүлөрү союздук денгээлге чыкты. Бул ишке мурдакылар менен катар илимге жаңыдан аралашкан К.Исаев, Р.Ачылова, Т.Каракеев, А.Элебаева ж.б. өз салымын кошушту.
Кыргыз философторунун ичинен академиктер А.Алтымышбаевдин, А.Салиевдин, корресондент-мүчө Т.Аскаровдун эмгектери жөнүндө мурда жылуу пикирлеримди басма сөздө жарыялагам. Азыр арабызда жок, бирок убагында жакындан тааныш, жакшы мамиледе болгон философторум да бар болчу. Алар А.Салиев, А.Карыпкулов, А.Исмаилов, Т.Каракеев, Р.Ачылова эле. Айрыкча эсимде калганы - ыраматылык Туйту Каракеев 1978-жылы Москвада “Социалдык өнүгүүнүн диалектикасынын маанилик жагдайлары: цивилизация жана анын коомдук аң-сезимде чагылышы” деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаганында (анда мен Москвада аспирантурада окучумун) катышып отурган адам катары абдан сыймыктангам. Анткени мындай темадагы диссертацияны кыргыз Москвада - мурда бизди «артта калган”, “жапайы” деп сыпаттап келген метрополиянын борборунда жактаган эле!
Философияны жана башка илимдерди да кесип катары карманып өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзгөн Совет мезгилине ыраазылык билдирүү менен бирге анын көлөкөлүү жактары, кесепеттери да болгонун белгилөө зарыл. Атап айтканда, анда коомдук илимдер марксчыл-ленинчил философия (диалектикалык жана тарыхый материализм), саясий экономия, илимий коммунизм, КПССтин тарыхы деп аталып, Батыштын башка өлкөлөрүндөгүдөй онтология (болмушту таануу), гносеология (аңдап-билүү), аксиология (дөөлөт таануу), антропология (адам таануу), социология (коом таануу), политология (саясат таануу), культурология (маданият таануу), экономика ж.б. деп тарам-тарам, өз-өзүнчө болуп окутулушуна жана иликтешине жол берген эмес, аларды «буржуазиячыл” илим деп сындаган, жападан жалгыз туура илим-марксизим-ленинизм деп атаган. Экинчиден, Батыш менен Чыгыштын марксчыл-ленинчил эмес, коомдук жана адам таануу илимдеринин классиктерин окууга жана которууга тыюу салган, эгер которууга анда-санда уруксат берсе да аны “илимий китепканалар үчүн” деген эскерткич (гриф) аркылуу чыгарган. Мындай абал М.Горбачев демилгелеген демократташуу жана кайра куруу жылдарында гана (1985-жылдан тартып) аз-аздан өзгөрө баштаган. Философиядагы кайра куруу, өзгөрүү, жаңылануу зарылдыгын СССРдин кыйрар алдында - 1991-жылы уюштурулган “Философиялык аң-сезим: жаңылануу азабы” деген чоң талкууда (ал китеп түрүндө жарыяланган) ар тараптан каралып негизделген. Кайра куруу убагында бүчүрлөнгөн философия, коом таануу (социология), саясат таануу, маданият таануу илимдери СССР ыдырап, Кыргызстан көз карандысыз, эрктүү мамлекет болгондон тарта өз алдынча, өз бетинче өнүгүү жолуна түштү, айрыкча саясат таануучулар козу карындай жайыла баштады. Мында, тилекке каршы, мурда эле боло келген эки терс көрүнүш кайталанды. Биринчиси - жаңы кырдаал-шартка ыңгайлашуу: башта тарыхый материализм, илимий коммунизм, партиянын (КПСС) тарыхы боюнча акырдан жем жеп жүргөндөр саясат таануу боюнча атайын даярдыгы, билими болбосо да бул тармакка өтө качышты, ошондуктан алардын сүйлөгөндөрү жана жазгандары тайыз, үстүрт, илим эмес, илим сымал. Экинчиси - өмүрүндө илимге кызыкпаган, колуна калем кармаган, бирок саясий-аткаруучулук, мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндөр СССР убагындай эле колунан келген башка бирөөлөргө жаздырып, кандидат, докторлук даража алышты. Мындай адамдар экономика илиминде да аз эмес.
Бактыга жараша, СССР маалында эле өздөрүнүн жөндөм-шыгы, терең билими, каржалбас мээнети аркылуу илимге аралашып таанылган, эгемен жылдарда коомдук илимдерди андан ары илгерилеткен, жаңы деңгээл-сапатка чыгарган кайраткерлер бар. Мен ошолордун айрымдары жөнүндө учкай сөз (кеңири жана терең талдоого убакыт да, аянтча да жоктуктан) кылмакчымын. Алардын аксакалы, эл-журтка, илимий-педагогдук журтчулукка ашкере таанымалы-философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан эл мугалими Кусейин Исаев.
Мен бул окумуштуунун айыл менен шаардын социалдык маселелерине арналган китептерин жаш чагымда, 1980-жылдардын башында барактап көргөн элем. Макалаларын да Москванын журналдарынан көрүп, сүйүнүп калчумун. Кайра куруу маалында ал “Ленинчил жашка”: “Элибиздин эртеңи эмне болот?”- деген макалалар топтомун жарыялаганда үзбөй окуп, досум, акын Эсентур Кылычев аркылуу (экөө бир үйдө жашайт экен) таанышкам. 1992-жылы өкмөт башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары (вице-премьер-министр) болуп турганымда атайын жолугуп, көпкө дейре сүйлөшкөм. Ошондон тарта мамилебиз түз, оюбуз окшош, тилегибиз бир. Ага өбөк-жөлөк болгон нерсе - илим.
Ал илимге айрымдар сыяктанып сырттан же жогортон кирбестен, ичтен, чоң камылга-даярдык менен келген: жетим болуп өссө да мектепти алтын медаль менен аяктаган, университеттин экономика факультетин артыкчылык диплому менен бүткөн, Москвада аспирантурада окуп, диссертация жактап, экономика илимдеринин кандидаты деген окумуштуу даража алган. Анын конкретүү илим-экономика менен шугулдануусу бара-бара коом таануу (социология) жана саясат таануу менен алектенгенде жакшы статистикалык негиз түзүүгө көмөктөшкөн. Ага чейин К.Исаев, жогоруда айтылгандай, айылдын, айыл менен шаардын социалдык маселелерин, өз ара карым-катнаштарын иликтеп, илимий коммунизм алкагында философия илимдеринин доктору болгон. Заманына жараша социализмдин (өзүнүн ал кездеги адистиги болгон илимий коммунизмдин биринчи баскычы деп эсептелген) запкысын көрүп, куугунтукка тушуккан, өзү сүйгөн социология илими менен шугулданганга жакшы шарт түзүлбөгөн. Бул тууралуу анын “Кыргыз таануу маселелери” (2013), “Кыргыз ооматы Чыгышта” (2016), “Ааламдашуунун жана демократиянын эрктүү Кыргызстандагы орду-мааниси” (орус тилинде, 2016) аттуу китептеринде ачык баяндалган.
К.Исаевдин илимпоздук бактысын эгемендүү жылдар ачты, анын эл сыңары руханий кайра жаралышына жана гүлдөшүнө өбөлгө-шарт түздү. Натыйжада, 1983-жылы Фрунзе политехникалык институтунда ал уюштурган социология лабораториясы Бишкек гуманитардык университетинде өзүнчө кафедрага жана факультетке айландырылды, буларды К.Исаев өзү жетектеди, Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүндө жана эл аралык, дүйнөлүк социологиялык уюмдарга мүчө, атүгүл башчылардын арасында болду, ал жерлердеги жыйындарга такай катышып, сөз сүйлөп, баяндама жасады, Россиянын айрым коомдук Академияларына мүчөлүккө шайланды, “Кыргызстандын эл мугалими” деген ардактуу наамга арзыды. Булар анын уюштургуч талантын жана коомдук беделин далилдейт.
Ал эми түздөн-түз илим жагына келсек, менимче, К.Исаев үч багытта, үч тармакта жемиштүү эмгектенүүдө. Алар - коом таануу (социология), саясат таануу жана маданият таануу. Аны изилдөө, иликтөө чөйрөсү да 3 түрдүү, кенен: кыргыз таануу жана азыркы Кыргызстан, түрк дүйнөсү, ааламдашуу.
Социология жаатында анын уюштургуч ишинен тышкары педагогдук (окутуучулук жана шакирт даярдоо) устаттыгын жана илимий-теориялык, ошондой эле колдонмо (прикладдык) изилдөөлөрүн баалоо кажет. Бул жагынан да К.Исаев көп тармактуулукка, көп багыттуулукка умтулат. Атап айтканда, анын китептери, изилдөөлөрү жалпы, айыл, шаар, миграция, жаштар, үй-бүлө, саясат, этно, революция социологиясына жатат. Китептеринин аталыштарын эле окуп көргүлө: “Кыргыз социологиясы: өткөнү, түптөлүшү, келечеги” (2009), “Кыргызская социология: становление и развитие” (2013), “Политическая социология: становление и развитие” (2003), “2005-жыл - Кыргызстандын кайра жаӊылануусунун башаты” (2005), “Коом жана ыӊкылап” (2011), “Кыргыз таануу маселелери” (2013), “Саясий элита: коомдогу бедели, социологиясы” (2014), “Бостери жана Бостериликтер” (2016), “Кыргыз ооматы Чыгышта”, “Роль глобализации и демократии в суверенном Кыргызстане” (2016), “Таза коом - Кыргызстанды өркүндөтүүнүн келечектүү жолу” (2017).
Булардын алгачкы үчөөсү колдогоо арзырлык агартуу-үйрөтүү мүнөзүндөгү окуу китептери болсо, дагы бири автордун туулган айылы Бостеринин тарыхы, азыркысы, келечегине арналган биз үчүн жаӊы, бирок салттуу, Батыштагыдай социологиялык китеп, саясий элитанын 13 жылдык (1991-2014-жж.) бедели жана коомдук-саясий окуялар, жараяндар жөнүндөгү фундаменталдуу эмгек 2005-2010-жылдардагы революциялардын себептери, жүрүшү, натыйжаларын талдаган эки китепти коом жана саясат таануунун көз карашынан улантып, тереӊдетип, тактайт. Анан калса бул эмгектин аты да, заты да кыргыз окурмандары, жалпы эле журтчулук үчүн жаӊы, Батыштын илимий салтын бизде уланткандык.
Нукура илимийлик, концептуалдык-методологиялык жактан караганда мага К.Исаевдин эки революцияга арналган жана “Кыргыз таануу маселелери”, “Кыргыз ооматы Чыгышта”, “Роль глобализации и демократии в суверенном Кыргызстане” деген жалпылоочу сыпаттагы фундаменталдык китептери кызыктуу көрүнөт. Дал ушуларда өйдө жакта айтылган үч тармак (кыргыз элинин жана мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы, азыркысы, келечеги, түрк дүйнөсүнүн, цивилизациясынын маӊызы менен өзгөлүктөрү, ааламдаштыруу (Батыш цивилизациясы) ар тараптан каралат). Бул темалар боюнча ой жорууларында ынандырчу, талаш жаратчу, карама-карышылыктуу жана таптакыр макул болбоочу жерлер көп. Маселен, К.Исаев ар дайым, бардык китептерде: “Кыргыз ким эле? Кыргыз ким болчу? Кыргыз ким болот?”- деген олуттуу суроолорду коюп, аны кыргыз идеясына жана мамлекеттүүлүгүнө байланыштырып иликтегени, жүрөгүндөгү толто катары аздектеп- барктаганы мактоого арзыйт, бирок аларды чечмелеп-түшүндүрүүдө илимий калыстыктан тайып, бир беткейликке (кыргыздардын Россияга кошулганга чейинки көчмөн тарыхын көкөлөтүп, Совет доорундагы турмушун жымсалдап, төмөндөтүп, эгемен жылдардагы иштерди такыр эле кара боекко сүртүп) жол бергени, Батышка каршы койгону, ушул жагынан окумуштуу, илимпоз катары эмес, эмоцияга алдырган публицистикага өткөнү таӊ калтырат. Ушундай эле мамилени К.Исаев түрк дүйнөсүнө карата да көрсөтөт, тагыраак айтканда, эки учурда теӊ (кыргыз жана түрк дүйнөсүн) бир эле терминде: “кыргыз көчмөн цивилизациясы”, “көчмөндөр цивилизациясы”, “түрк цивилизациясы” деп колдонуп, булардын окшоштуктарына, бирдейлигине (иденттүүлүгүнө) басым жасап, айырмачылыктарды эске албайт. Цивилизациялар жөнүндө сөз кылганда ал Батышка караганда Чыгышты өйдө коюп, көбүнчө Данилевский, Шпенгер, Тойнбинин эмгектерине таянып, Вико, Гердер, Кондорсе, Ф.Гизо, Л.Февр, Ф.Бродель сыяктуу классиктердин изилдөөлөрүнө көӊүл бөлбөйт. Кыргыз, түрк, Чыгыш тарыхы, цивилизациясын караганда басымды адамдын жан-дүйнөсүнө, рухка, тиричиликке басым жасайт, цивилизациянын башка эӊ маанилүү көрүнүштөрү болгон экономика, техника, илим, технология, рационалдуу башкарууга тиешелүү маани бербейт, буларды негизинен Батыш цивилизациясына мүнөздүү деп, XX-кылымдын акыр жагында араанын ачкан ааламдаштырууну да Батыштан көрөт.
А чындыгында тарых, цивилизациялар толкун, цикл, К.Исаевдин өзү элестүү айткандай, төө өркөчтөнүп өнүгөт. Айталы, цивилизациялар жакынкы Чыгыштан башталып, Греция, Римге өткөн, байыркы жана орто кылымдарда Кытай, Индия, Персия, Араб, Орто Азия мамлекеттеринде өйдө көтөрүлүп (Ренессанс болуп), XIV-XV-кылымдардан тарта оомат Европага, Батышка оогон. XIX-кылымдын акырында Батыштын билимин, илимин, укук системасын, нарк экономикасын, аскер ишин, техника менен технологиясын үйрөнүп Япония Мейзи доорунда Батышка теңелген. Анын нускасын алып XX-кылымда Түркия, Түштүк Азия өлкөлөрү, Индия, Кытай алдыга жылды. XXI-кылымда болсо, К.Исаев өзү туура белгилегендей, оомат Чыгышка ооду. Кудай буюрса, XXI-кылым - Чыгыштын, Азиянын кылымы болору шексиз. Бул тууралуу мен 1992-жылы эле эл аралык билермандардын пикирине таянып, кыргыздардын дүйнөлүк 1-курултайын ачып жатканда айткан элем. Демек, кеп цивилизациялардын бирин өйдө, экинчисин төмөн, карама-каршы коюуда эмес (америкалык саясат таануучу С.Хантингтон сыяктанып), алардын айырмачылыктарын, өз ара алакаларын, баарлашуусун, түпкүлүгүндө адамзат тарыхы бирдиктүү, уламачыл экенин так аңдап-билүүдө. Бул туурасында К.Исаев өзү бир нече ирет шилтеме берген академик Н.Конрад 1960-жылдары эле “Батыш жана Чыгыш” аталган капиталдык китебинде жана Ирандын мурунку президенти М.Хатами эмгектеринде сонун жазган.
Кыргыз темасына кайрылып келсек, К.Исаев бул өңүттө көптөгөн кызыктуу, алгылыктуу, келечектүү пикирлерди айтат. Айрыкча анын “Кыргыз таануу маселелери”, “Кыргыз ооматы Чыгышта” аттуу көлөмдүү, маңыздуу жана мазмундуу китептери атайы көңүл бурууга татыйт. Аларда кыргыздардын байыртадан азырга чейинки тарыхы, цивилизациячыл өзгөчөлүктөрү, идеологиясын түзгөн теңирчилик, “Манас”, башка оозеки чыгармалар, санжыра, улуттук каада-салт, мамлекеттүүлүк, демократия, ааламдаштыруу шарттарындагы ал-ахвалыбыз, келечегибиз, өздүктү, өзгөчөлүктү (идентификация) сактап калуу зарылдыгы кайра-кайра кайталанып, коңгуроо сыңары кагылат. Ушул эле маселелер орус тилиндеги “Ааламдашуунун жана демократиянын эрктүү Кыргызстандыгы маани-орду (роль)” аттуу чоң китебинде да кайталанып, тереңдетилет жана кеңейтилет. Бул маселелерде К.Исаевдин ою, көз карашы, карманган позициясы айкын: ал-улутчул, консерватор, Батышка, либерализмге каршы. Муну, албетте, түшүнүүгө болот, бирок макул болуу мүмкүн эмес: жогоруда айтканымдай, Батыш бир кезде эки жолу (байыркы заманда жана орто кылымдардын аягында) Чыгыштан үйрөнгөн, Чыгыш XIX-кылымдын аягы - XX-кылымда Батыштан таалим алды, эми кайра алдыга озууда. Бир убакта (Петр I, Екатерина II) Россия да Батыштан (Европадан) нуска алган. Ошондуктан биздин (кыргыздардын) жолубуз өзүбүздү, өздүктү сактоо менен Чыгыштын да, Батыштын да жакшы, алгылыктуу жактарын алуу, өз оюбузга жана боюбузга жууруу, сиңирүү. Ушул мааниде К.Исаевдин “Адамда Чыгыштын жан-дили, Батыштын акыл-эси топтолгон”, “Улуттун рух дөөлөтү жана Европа акылы - Кыргызстандын XXI-кылымдагы өнүгүү стратегиясы”- деп жазганы эң туура. Бул үчүн өзүбүздү өзүбүз, өзгөчө өткөнүбүздү ашыкча көкөлөтүп, мактай бербестен, тарыхыбызга жана азыркыбызга так, даана, сынчыл көз менен карап, кемчиликтерибизди ачык айтып, андан арылуунун жолдорун, ыкмаларын табуубуз, айрыкча жакшы келечек үчүн жапырт жан аябай изденүүбүз жана эмгектенүүбүз зарыл.
Ушул өңүттө XIX-кылымдагы немец тарыхынан жана философиясынан үлгү иретинде мисал келтиргим келет. Ал мезгилде Германия бытыранды, экономикалык-укуктук, саясий жактан Англияга жана Францияга салыштырганда артта калган мамлекеттерден турган. Ошого карабай улуу ойчул Гегель немец духун, Пруссия мамлекетин көкөлөтүп мактап, үлгү, акыркы чек катары сыпаттап жазганда андан кем эмес ойчулдар К.Маркс менен Ф.Ницше немец экендиктерине сыймыктануу менен бирге өз элинин кемчил жактарын да көзгө сая көрсөтүп, алардан арылууга чакырышкан. XIX-кылымда Россияда да ушундай чоң талаш-тартыш (батышчылар менен славянофилдер ортосунда) жүргөнү белгилүү.
Акырында дагы бир классикалык далил келтирейин. Азыр гүлдөп жаткан Япония 19-кылымдын аягында ошол эле Англия менен Францияны басып өткөн Германиядан үлгү алган, бүгүнкү Конституциясын 1948-жылы Американын буйругу, түздөн-түз көзөмөлү астында кабыл алып, 70 жылдан бери канча аракет кылса да өзгөртө албай келатат.
Экинчиден, К.Исаев айыптаган батыштыкы деген ааламдашуу жараянына экономикалык, технологиялык жарылуу, көкөлөө жасаган ошол эле Япония, Түштүк Корея, Түштүк Азиянын башка жолборстору, Кытай менен Индия да тиешелүү жана себепкер.
К.Исаевдин азыркы, эгемендүү Кыргызстан жөнүндө жазгандарына да эки-үч кайчы пикир айтайын.
Биринчиси, мен азыркы Кыргызстанда баары эле начар дегенге эч кошула албайм. Эгер андай болгондо башкысын мындай коёлу, социология илими өнүкмөк, К.Исаевдин ашыкча мактаган же сындаган ой-пикирлери жарыяланмак, өзү каалагандай сүйлөп-жазып наам, атак алып жүрмөк эмес.
Экинчиси, эки революция (2005 жана 2010-жылдардагы) жөнүндөгү эки китебин, башка жазып-айткандарын жалпы жонунан колдойм, бирок окумуштуу, социолог, саясат таануучу, маданият таануучу адамдын революциянын терс, көлөкөлүү жактарына көңүл бурбаганы, иштерди, кайчы пикирлерди, келишпестиктерди укуктук-конституциялык тартипте эмес, мыйзамсыз, революциячыл мүнөздө чечүүгө чакырганын таптакыр түшүнө албайм. Ушул жагынан караганда анын социология менен саясат таануунун классиктери А.Токвиль, Б.Констан, Ф.Гизо, М.Вебер, П.Сорокин, Х.Арендт, К.Манхейм, Р.Дарендорф, О.Тофлер, Ф.Фюле ж.б. башкаруу, оппозиция, революция жөнүндөгү эмгектерин эске албаганы өкүнүчтүү. Бирок ал М.Вебердин “Илим кесип жана шык катары”, “Саясат кесип жана шык катары” деген эмгектерин окуган окшойт, аны туурап орус тилинде “Социология кесип жана шык катар” аттуу макаласын “Ааламдашуу жана демократиянын эрктүү Кыргызстандагы орду-мааниси (роль)” деген китебине кошуптур.
Үчүнчүсү, өтө өкүнүчтүүсү - К.Исаев өз макалаларында, маектеринде, китептеринде эгемендүү Кыргызстандын президенттери кызматка келгенде жана иштеп жатканда аларды мактайт, сөздөрүн келтирет же аларга шилтеме берет, алар качып кеткенде же кызматын өткөрсө жамандайт жана сындайт. Мунун акыркы күбөсү – “Таза коом” - Кыргызстанды өркүндөтүүнүн келечектүү жолу” деген китеби (2017). Бул, албетте, илимпоз, айрыкча калыстыкты, тактыкты, бейтараптыкты талап калган социолог жана саясат таануучуга (ал талаптарды, чен-өлчөмдөрдү К.Исаев өзү да көп жолу белгилейт, эскертет) гана эмес, өзүн сыйлаган ар бир адамга аброй алып келбейт. Ушул сыңары эле К.Исаев өзү жаман көргөн саясатчыларды (Ф.Кулов, Ө.Текебаев) катуу сындайт, жакшы көргөн адамдарын, илимпоздорду, шакирттерин ашыра мактайт (“улуу инсан”, “кеменгер”, “даанышман” деп). Бул көрүнүштөр анын субъективизмге жеңдиргенин, илимдин жана социологиянын калыс, так талдоо (анализ), баалоо (аксиология), болжоо (прогноз) милдеттерин кыйшаюусуз сактабаганын далилдейт. (Эгер саясатка түздөн түз аралашып, күрөшүп жүргөн, бирөөлөргө каршы чыгып, өзгөлөр менен пикирлеш, тилектеш болгондо кеп башка). Анан калса акыркы китепке улуу ойчул Сократтын жупунулук тууралуу үлгүсүн колдобой “Кыргыз Республикасынын Баатырдыгына” көрсөтүү жөнүндөгү макала-кайрылууларды кошо жарыялашы ыңгайсыз, орунсуз көрүнөт.
Эми түбү келип баарыбыз пенде экенбиз да. К.Исаевдин китептеринде байкалган мындай мүчүлүштүктүрдү ак пейилден, К.Исаевди окумуштуу жана накта мекенчил адам катары сыйлагандан, көптөн бери билгенден, эмгектерин окуп жүргөндөн жана колдогондон айттым. Анан да экөөбүздүн тагдырыбыз окшош. Чынында анын кыргыз калкына, социология илимине жасаган кызматы, кошкон салымы зор. Ошондуктан аны өз мектебин түзгөн көптөгөн шакирттерди тарбиялаган биринчи кыргыз социологу, бул илимдин Кыргызстандагы атасы деп атасак куп жарашат.
Ырас, ал өзү А.Табалдиевди биринчи социолог деп жазыптыр. Бирок азыркы замандын илиминин көзү менен караганда кантсе да А.Табалдиевдин жана анын кесиптештеринин 1960-1970-жылдардагы жазгандары тарыхый материализмдин алкагынан чыккан эмес, бүгүнкү күнү кадимкидей эскирди, жараксыз болуп калды. Бирок биз аларды, эмгектерин тарыхый ченемде карап, баалап, унутпайбыз. Ошондой эле маркум К.Бектургановду да эстей жүрүү зарыл. Ал СССР убагында Компартиянын алдында социологиялык лабораторияны жетектеген, социология боюнча докторлук диссертация коргогон, бир нече китеп чыгарган.
ххх
К.Исаев менен узак жылдардан бери жогорку окуу жайларында жана илим жолунда чогуу келаткан белгилүү окумуштуулардын бири - Жолборс Жоробеков. Мен аны менен тарыхчы - студент кезинен бери таанышмын. 1970-жылдардын экинчи жарымында экөөбүз Москвада СССР илимдер Академиясында (ал Н.Миклуха-Маклай атындагы этнография институнда, мен М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институнда) стажировкада жүрүп, бир жатаканада жашап, оокат-тиричилигибиз, жүргөн-турганыбыз бир болгон. Ошондо академик Ю.Бромлей жетектеген ал Институтка барып, анда иштеген В.Токарев, В.Тишков, Ю.Арутюнян, Я.Дробижева, М. Губогло, А.Сусоколов, С.Чешко деген этнографтардын жана этносоциологдордун атын угуп, эмгектерине көз артып калдым. Ж.Жоробеков да этносоциология менен шугулданып, илимий иш жазууга белсенген эле.
1980-жылдардын башында ал Алма-Атада “Социалдык структурага үй-бүлөнүн таасири” аттуу темада кандидаттык диссертация коргоду, мезгилдүү басма сөзгө социологиялык жана адабий макала, рецензияларын жарыялады. Адабиятка кызыкканы, балким, чогуу жүргөн менин жана илимий жетекчиси профессор Р.Ачылованын өмүрлүк жары, белгилүү жазуучу жана кино ишмер Э.Борбиевдин таасиринен болсо керек.
1993-1994-жылдарда Ош областынын акими болуп турганымда Ж.Жоробековду коомдук пикирди жана улут аралык мамилелерди изилдеген борбордун башчылыгына дайындадым. Ошондо айрым райондордун акимдигине жана областтын тармактык жетекчилигине өзүм жеке тааныш, алыш-бериш болбогон, бирок эл ичинде жакшы кепке татыган адистерди социологиялык сурамжылоого таянып көтөргөм. Мындай иш түштүктө биринчи жолу болгон эле.
1995-2000-жылдары Ж.Жоробеков атаандаштык шайлоодо утуп, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болду, андан соң азыраак убакыт Бишкек гуманитардык университетин, бир нече жыл дин иштер боюнча өкмөттүк комиссияны эки ирет жетектеди. Кийинки мезгилде жогорку окуу жайларда саясат таануу боюнча профессор болуп эмгектенүүдө. Буга себеп - анын 1996-жылы Алма-Атада кыргыз илимпоздорунун ичинен биринчи болуп “Кыргызстандагы этнодемографиялык жана этносоциалдык процесстер” деген темада докторлук диссертация жактап, “саясат илиминин доктору” деген окумуштуу даража алышы. Сөз ошол нуктагы илимий китептери жөнүндө болмокчу. Бирок анын алдында жеке өмүрүнө байланыштуу дагы бир-эки сүртүм, анткени бул зарыл, адамдык жана илимий ишмердигин туура талдап-билүүгө жардам берет.
Биринчиси - Ж.Жоробековдун өжөрлүгү. “Түмөн түйшүктүү тагдыр” аттуу чакан китепчесинде жазганына таянсак, ал атасынан 4 жашында ажырап, кенедейинен эмгектенүүгө, өзүн өзү багууга аргасыз болгон, билим артынан сая түшүп, улуттук университеттин тарых факультетине кайра-кайра тапшырып, өтпөй калган жылдары борборубуздагы ал кезде дүркүрөп турган Фрунзе атындагы айыл чарба заводунда жумушчу болуп иштеген. “Саргая жортсоң кызара бөртөсүң”- дегендей, акыры каалаган окуусуна өтүп, аны ийгиликтүү бүтүрдү, жогоруда айтылгандай, Москвага дейре жетти (Совет мезгилинде бул эң бийик чек эмес беле), кандидаттык, докторлук, депутаттык даражаларга ээ болду.
Экинчиси - анын үй-бүлөлүк чеби бекем: бир факультетте чогуу окуп каалашкан өмүрлүк жары Мариям Эдилова да өзү сыяктуу окумуштуу-философия илимдеринин доктору, профессор. Ал өз жетекчиси Р.Ачылованын илимий жолун улап, үй-бүлө жана айылдын социалдык маселелерин изилдейт. Кыскасы, Ж.Жоробековдун үй-бүлөсү - илим менен жашаган үй-бүлө.
Анын китептерине өтсөк, алардын алгачкысы “Парламент жана социалдык саясаттын айрым маселелери” (1994). Ага чейин Ж.Жоробеков тарых, коомдук жана саясий маселелер боюнча кыргыз жана орус тилинде көп эле макала, пикир жарыялады. Бул китебине ошолордун айрымдары кирип, жалпысынан илимий-публицистикалык таризде. Анын атынан жана затынан байкалып турган нерсе- Ж.Жоробеков жаңыдан калыптанып, тажрыйба топтоп жаткан кыргыз парламентинин ишине назар салганы. Бекеринен ал бир жылдан кийин парламенттик шайлоого катышып, депутаттык мандат алган эмес.
Албетте, Ж.Жоробековдун кыргыз илимине кошкон олуттуу салымы - анын “Кыргызстандагы этнодемографиялык процесстер” деген монографиясы (1994-жылы кыргыз тилинде, 1997-жылы орус тилинде чыккан). Бул - өлкөбүздөгү өтө маанилүү маселеге (сөз көп улуттуу калкыбыздын өткөнү, азыркысы жана келечеги жөнүндө болуп жатпайбы) арналган биринчи илимий эмгек. Анда негизинен үч чоң маселе талкууланат: демократиялык процесс жана демократиялык саясат, анын Кыргызстандагы өзгөчөлүктөрү жана стратегиясы (1), улут маселелери демократия шартында (2), миграциянын социалдык жана улуттук жагдайлары (3). Эгер биринчи маселе көбүнчө теориялык өңүттө болсо, экинчиси жана үчүнчүлөрү теория менен Кыргызстандагы практиканы эриш-аркак байланышта карайт жана ушунусу менен кызыктуу, баалуу көрүнөт.
Конкреттүү айтканда, Ж.Жоробеков биринчи жолу Кыргызстандын этноменталитетин, титулдук (уңгу, түнкү) улутту, аны менен орустардын жана республикада жашаган башка калктардын (этностордун) өз ара мамилелерин, менталитетин, Кыргызстандагы этносаясатты, демократиянын улут аралык мамилелерге тийгизген таасирин, миграциядагы этнодемографиялык жана этносоциалдык жагдайларды, этнодемографиялык процесстеги миграциянын ордун, миграциянын социалдык маселелерин илимий талдоого жана чечмелөөгө алат. Мында ал ошол кездеги демография жана улут саясаты боюнча теориялык эмгектерди ыктуу колдонот, аларды Кыргызстанда 1897-жылы Россия империясынын убагында жана Совет заманында өткөн эл каттоолордун расмий жыйынтыктарын, статистикалык жана социологиялык эсеп-кысаптарды, иликтөөлөрдү пайдалануу менен ырастайт жана бекемдейт, кээде төгүндөйт.
Ж.Жоробековдун бул эмгектеринде кемчиликтер да жок эмес. Маселен, “Этнодемографиялык процесстин стратегиясы” деген бөлүмчөдө стратегия, ачык айтканда, жокко эсе, “Кыргызстандын этноменталитети” аттуу бөлүмчө аталган кубулушту өздүк, бирдейлик окшоштук (иденттүүлүк) менен карым-катнашта карабайт, дегеле Ж.Жоробеков акыркы түшүнүккө (өздүүлүк, бирдейлик, окшоштук) көңүл бөлбөйт, “Кыргыздар жана Кыргызстандагы этностук катнаштар”, “Демократиянын улут аралык мамилеге тийгизген таасири” деген бөлүкчөлөр өтө эле кыска, үзүл-кесил, үстүрт. Ушул маселелерди иликтөөдө ал ошол мезгилде чет тилдерден орусчага которулуп калган классикалык эмгектерди, айтайлы, М.Вебер, Э.Геллнер, А.Лепхарт ж.б. пайдаланса болмок.
Ошол боюнча Ж.Жоробеков 15 жылдан кийин, 2009-жылы эки китеп чыгарды. Алар- “Транзиттике Кыргызстандагы улут (этносаясий процесстер)” жана “Президент Курманбек Бакиев”. Биринчисине негизинен 1994, 1997-жылдардагы монографиясындагы айрым бөлүмдөр киргизилиптир. Жаңылары – “Титулдук улуттун тили”, “Билим берүү жана улуттук коопсуздук”, “Базар экономикасынын тушундагы кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүнө карата”, “Кыргызстандагы улуттук маселелерде парламенттик орду”. Буларда омоктуу ойлор, туура жана келечектүү пикирлер бар, бирок жалпысынан китеп Ж.Жоробеков мага өзү жазып бергендей, жеңил-желпи жазылып калганы өкүндүрөт. Тилекке каршы, анын “Президент Курманбек Бакиев” деген китеби да ушундай, эки ачакей таасир калтырат. Мисалы, “Кыргызстандагы элдик революция”, “Конституциялык реформа жана оппозиция” деген бөлүмдөр калыс, далилдүү, ал эми “К.Бакиев тушундагы ички-тышкы саясат”, “К.Бакиевдин тең салмактуулук идеясы” аттуу бөлүмдөр өзү айткандай, тең салмактуулуктан, калыстыктан тайгандык: аларда А.Акаев баштан аяк караланат, К.Бакиев макталат. Эгер мурда Ж.Жоробеков акактай таза жетекчилер И.Раззаков, Т.Кулатов жөнүндө жазып келгенин эске алсак, эки мурдагы президент менен саясатта, кызматта чогуу болгон анын минтип бир жактуулукка жол беришин, окумуштуулук, саясат таануучулук озуйпасын (тактык, далилдүүлүк, калыстык) толук аткарбашын актоого болбойт. Муну “Платон менин досум, бирок чындык баарынан кымбат” деген айтылуу сөзгө ылайык эскертип кетүү парз.
Арийне, акылдуу адам катары ал тарыхый окуялардын күбөсү жана катышуучусу катары сабак алды. Андан бери жана азыр коомдук - саясий жараяндарга абай көз салып, сергек мамиле жасап, өзүнүн окутуучулук, илимий жана публицисттик иштерин ийгиликтүү улантууда. Эгер ал маалында саясат таануу боюнча биринчи докторлук диссертация жактаса, андан бери Кыргызстанга кеңири таанымал тажрыйбалуу саясатчы, мамлекеттик ишмерлер М.Шеримкулов, Ж.Сааданбеков, У.Чиналиев, А.Жекшенкулов, К.Иманалиев, белгилүү окумуштуулар М.Артыкбаев, А.Дөнөнбаев, атүгүл кызмат абалын пайдаланган, аты-жөнү элге белгисиз айрым атка минерлер жана башка адамдар ошондой даражага ээ болушту, аларга ал оппоненттик кылды же добушун берди. Ошентип, Кыргызстанда жаңы илим-саясат таануу аягына турду. Буга Ж.Жоробековдун түздөн-түз салымы, кошумчасы бар. Муну акыйкаттык үчүн айтуу менен бирге ага алы-күчү бар чакта илгери баштаган жакшы ишин улантып, Кыргызстандагы этнодемографиялык жараяндар жана миграциянын эгемендик жылдардагы ички-тышкы кыймылын, карама-каршылыктарын, өзгөрүү өзгөчөлүктөрүн изилдеп, сунуштарын кошуп койсо ат көтөргүс эмгек кылган болор эле деген каалоо-тилекти кыстара кетмекчимин.
Сөздү философиядан баштадым эле. Эми аны кайрадан улантайын. Философияны кесип катары тутунуп, аны менен шугулдагандар адеп 1940-жылдардын аягы - 1950-жылдардын башында пайда болгонун мурдараак эске салбадымбы. Ошол убактан эгемендик мезгилге чейин философиялык эмгектер негизинен орус тилинде жазылып, корголгону белгилүү. Ырас, кыргыз тилинде да жарык көргөн илимий иштер кездешкен. Маселен, А.Салиев, Т.Абдылдаев, Т.Аскаров, Т.Каракеев, А.Медетбеков, К.Матиев, Н.Кулматов ж.б. кыргызча жазышкан, бирок алардын жазганы көбүнчө орусчадан которулгандай (калька таризинде) таасир калтырган. Философияны нукура кыргызча жатык, түшүнүктүү, элестүү, ошол эле ченде илимий деңгээлде кубулткан жана сүйлөткөн Жамгырбек Бөкөшев болду окшойт. Ал экөөбүз да 1970-жылдардын биринчи жарымында университеттин филология факультетиндеги кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө чогуу окудук (ал менден эки курс кийин эле), адабий сынга кызыгып, бул ийримде чогуу жүрдүк, адабий талкууларга катышып, сын макалаларыбызды жарыяладык, жылдызыбыз келишип достоштук. Ошол мезгилдеги жана андан соңку сын, макалаларын, экөөбүздүн “Ала-Тоо” журналына жарыяланган философиялык маегибизди “Философия жана адабият” аттуу китебине (2002) киргизиптир. Ушул китебинде ал жаш кезинде жазган “Философияны “кыргызча сүйлөтүү” маселесине карата” деген макаласы, улуу ойчул, тили татаал Гегелдин “Ким абстракттуу ойлойт?” аттуу чакан макаласын атактуу советтик философ Э.Ильенков орусчалатканын кыргыз тилинде сүйлөткөн котормосун кошо жарыялаптыр. Философияны кыргызча сүйлөтүүнү дагы да иш жүзүндө көрсөтөйүн деп Ж.Бөкөшев 1988-жылы “Кыргызстан” басмасы Москванын “Мысль” басмасы “Өспүрүмдөр үчүн философиялык китепкана” аттуу серия ачканын үлгү тутуп “Философиялык китепканача” деген серия уюштурганда “Таанып-билүүнүн табышмактары” аттуу чакан китеп чыгарган. Эгерде мурда Т.Абдылдаев табият таануунун (биологиянын), А.Салиев, Т.Аскаров, Т.Каракеев ж.б. рухий турмуш, асылдык, көркөм өнөргө байланыштуу кыргызча жазышса, Ж.Бөкөшев биринчи жолу татаал кубулуш-таанып-билүүнүн (гносеология) табияты тууралуу абдан түшүнүктүү, жатык, элестүү тилдеги эмгек жарыялаган. Андагы бөлүмдөрдүн аталышын эле абайлап көрүңүздөр: «Таанымдын табияты», «Ачылыштын арт жагын аңтарсак», «Жоктон барды жаратып», «Көбү төгүн, көбү чын».
Албетте, ал кезде Совет коому, илими марксизм-ленинизмден биротоло кол үзө элек болчу. Ошондуктан Ж.Бөкөшев да китепчесинде Маркс, Энгельс, Лениндин философиялык ой-пикирлерине таянып, шилтеме бергени түшүнүктүү.
Башка кеп-анын докторлук диссертациясы, “Өбөлгө билим” (1991), “Таанып-билүүнүн башаттары жана мейкиндиктери” аттуу орус тилиндеги маңыздуу китептери. Аларда Маркс, Энгельс, Лениндин жыты жокко эсе, теориялык-методологиялык негиз жана нуска катары ар кайсы илимдердин (философия, психология, физика, математика, биология ж.б.) накта өкүлдөрүнүн, улуу жана белгилүү классиктеринин (Платон, Сократ, Спиноза, Декарт, Кант, Гегель, Гадамар, Уайтход, Эйнштейн, М.Бор, Н.Бор, В.Гейзенберт, Т.Кун, К.Мамардашвили ж.б.) эмгектери кызмат кылат. Жалпылоо мүнөзүндөгү акыркы китепте өбөлгө билимдин табияты, түзүмү жана формалары, кыймылы, кайра жаралышы далилдүү жана ынанымдуу түшүндүрүлүп чечмеленет. Теориялык деңгээли бийик жана өз алдынчалыгы бар, бул эмгек, менимче, А.Салиевдин ой жана ойломду, А.Брудныйдын (ал Ж.Бөкөшевдин илимий жетекчиси) аң-сезим, маани жана түшүнүү жөнүндөгү терең изилдөөлөрүнөн кийинки жаңы жол, жаңы салым.
Сөз жок, Ж.Бөкөшевдин китебин телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Менин жеке пикиримче, анда өбөлгө билим менен тажырыйбалык (эмпирикалык жана практикалык), теориялык билимдин, ишеним менен билимдин карым-катнаштары, тармактык (физикалык, математикалык, гуманитардык ж.б.) билимдердин башаттары, өзгөчөлүктөрү менен окшоштуктары, өбөлгө билим менен жаңынын, башталуунун, калыптануунун карым-катнаштары каралбаган, психологиялык жагдайларга жетишүү көңүл бурулбаган. Ырас, Ж.Бөкөшев илимий аң-сезимдүүлүк, эстилүүктү (рациональность) талдаганда К.Юнгдун архетип теориясын эске алат, бирок анын окутуучусу З.Фрейддин “бейаң” (“бессознательное”) окуусун, америкалык (Джеймс, Бруннер) жана немец (Хайдеггер, Ясперс, Хабермас, Келер) философтору менен психологдорунун, прагматизм, экзистенциализм, коммуникация жана гештальт тууралуу классикалык изилдөөлөрдүн, И.Павлов, М.Сеченов, Л.Выготский, С.Рубинштейн, Р.Лурия, А.Леонтьев сыяктуу орус жана советтик дүйнөгө таанымал психологдордун эмгектерин, Т.Ойзерман, В. Бабушкин, А.Ракитов, Н.Вахтомин, Н.Мотрошилова ж.б. философиялык илимдин жана билимдин табияты тууралуу монографияларын көз жаздымда калтырат.
Ж.Бөкөшевдин алгачкы китептериндеги мындай кенемтелер Кудайга шугур, анын акыркы он беш жылда жарыялаган “Философия” (2002), “Онтологиянын зарылдыгы”, “Ойду сүйүү” (2004), “Окуя өтөт, ой калат”, “Кыргыз философиясы” (2013), “Салт жана билим”, “Ой жана мезгил” (2014) деген кыргыз жана орус тилдериндеги жаңы китептеринде жоюлуп, коюлган философиялык маселелер ар тараптуулукка, комплекстүүлүккө, туташтыкка, бүтүндүккө айланат. Бул китептерди жалпысынан үч топко бөлүп кароого болот.
Биринчиси - докторлук диссертациясында коюлган жана анда каралбай же жетишсиз талданган маселелерди иликтөөнү улантуу, тереңдетүү жана кеңейтүү. Бул багытта ал убагында эмгектери менен тааныша албай калып, эми өзүнө жаңыдан ачкан М.Хайдеггерге өтө көп жана кайра-кайра кайрылат. Дагы бир жакшы жагы - СССРде убагында кудайга айланып, азыр унутулуп калган, бирок Батыш өлкөлөрүндө ойчул, даанышман катары саналган К.Маркска кайрылып, анын социалдык таанып-билүүсүн (онтологиясын) жаңыча ишенимдүү түшүндүрөт.А.Табалдиевдин жолун улап “Салт жана билим” деген атайын китеп (кыргыз тилинде) жазып, теманы дүйнөлүк жана кыргыз турмушу менен илиминин алкагында терең изилдейт. Философиялык өңүттө жазылган бул жаңычыл эмгек К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинин авторлор жамааты чыгарган (анын ичинде Ж.Бокошев да бар) “Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери” (2014) жана Г.Ботоканова жазган “Салттуу билимдер (философиялык талдоо)” (2015) деген китептер менен бирге элибиздин өткөнү менен бүгүнкүсүн туура кабылдоого жана түшүнүүгө көмөктөшөт.
Экинчиси - Ж.Бокошев көптөн бери айланчыктап жүргөн тар темасынан - таанып-билүүдөн (онтология, гносеология, эпистомология) тышкары чыгып кенендикке, ар тараптуулукка умтулат, өзү бир кезде учуп чыккан адабиятка (А.Осмонов, Ч.Айтматов, К.Жусубалиевден тартып С.Станалиев менен С.Раевге чейин), “Манаска”, Токтогулга, саясатка, мамлекеттүүлүккө, анын башчыларына (Курманжан датка, Ж.Абдырахманов, А.Сүйөркулов), билим берүүгө, катнашуу жана маалымат каражаттарына, акыры келип улуттук философия (Толубай сынчы, А.Брудный) менен идеологиянын башаттарына, өбөлгөлөрүнө, азыркы абалына жана келечегине, улуттук коопсуздукка көз чаптырат. Нукура мекенчил ойчул, даанышман катары “Кыргыз философиясы” аттуу жалпылоочу, фундаменталдык эмгегинде “Кыргыз ким?” деген суроону оңкосунан коюп, кыргыздын онтологикасы, дүйнө танымы, Кудайы, адамы, аң-сезими, логикасы, менталитети, социологикасы, этикасы, эстетикасы жөнүндө өз ой-пикирлерин ортого салат. Сыртынан жана ичинен жөнөкөй, токтоо, ойчул көрүнгөн Ж.Бөкөшевдин улуттун, мамлекеттин, интеллектуалдык, маалыматтык коопсуздугубузга, Афган маселесине айрыкча камтама болуп, кабатырланып, кам көрүп бир нече макала жазышы жана Жалал-Абад, Чүй университеттеринин ректору болуп турганында (ал айтмакчы 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты да болгон) үч жыйнакты жетектеп чыгарышы жаран, окумуштуу жана мурдакы мамлекеттик ишмер катары мени терең кубантат.
Үчүнчүсү, мен башында белгилегендей, Ж.Бөкөшев накта кыргызча ойлонгон жана мыкты, эркин, бай, элестүү тил менен жазган биринчи кыргыз ойчулу, даанышманы. Бул жагынан мурда-кийин эч ким ага теңеле албайт. Ушуга ишенгилери келгендер анын “Таанып-билүүнүн табышмактары”, “Философия”, “Кыргыз философиясы”, “Окуя бүтүп, ой калат”, “Салт жана билим” деген китептерин окушсун. Анан калса ал “Манастан” да шатыратып үзүндүлөрдү айтат, өзү төкмөчүлүк кылат жана ыр жазат. Кыскасы, ал барлыкты (өзүнүн сөзү менен айтканда, “бытие” дегенди ушинтип айтат), коомду, адамды изилдеген, кыргыз жана дүйнө тарыхын, маданиятын, илимин, философиясын жакшы билген жана эки тилде (кыргыз жана орус) жакшы жазган накта кыргыз. Тилекке каршы, академик А.Ч.Какеевдин “Кыргызстандагы философия илиминин тарыхы” аттуу жалпысынан пайдалуу китебинде (2012, орус тилинде) Ж.Бөкөшевдин мындай таланты, улуттук философиябызга кошкон олуттуу салымы таптакыр эске алынган эмес.
Арийне, анын акыркы китептеринде деле талаштуу, карама-карышылыктуу, жеткиликтүү негизделбеген ой-пикирлер (ансыз илим, айрыкча философия болчу беле) аз эмес. Айталы, ал өзү жактырып-сүйгөн М.Хайдеггер менен М.Марлардашвилиге китептеринде өтө эле көп орун берет, алар сыяктуу башка көрүнүктүү ойчулдарды (Ж.П.Сартр, М.Фуко, Ясперс, Хабермас, Гассет, Унамуно, А.Лосев, Э.Ильенков ж.б.) анча таназар албайт. Талаштуусу – 20-кылымдын эң көрүнүктүү ойчулдары Хайдеггер менен Гассеттин эмгектерин талдап жатканда биринчисине (немец) тан, артыкчылык берип, экинчисин (испан) төмөнүрөөктөй көрөт, жаман жагы - кыргыз окурмандарына Хайдеггер убагында нацисттер менен кызматташып, университетке ректор болгонун түшүндүрө кетпейт. Бул жагынан О.Гассет мекендеши – 20-кылымдын дагы бир көрүнүктүү жазуучусу жана ойчулу М.Унамуно менен бирге өйдө туруп, монархияга жана фашизмге каршы чыгышкан. Демек, биз илим, философия жөнүндө сөз кылганда ойчулдардын жарандык-саясий көз карашын кошо караганыбыз жөн.
Азыр кыргыз философиясында Ж.Бөкөшев, албетте, жалгыз эмес. Аксакалдардын артынан аны менен кошо А.Бекбоев, Ш.Акмолдоева, М.Жумагулов, О.Тогузаков, С.Мукасов, Ж.Урмамбетова, А.Бугазов, А.Жусупбеков, Р.Стамова ж.б. сыяктуу таланттуу окумуштуулар келатат. Алардын бири - белгилүү хирург, медицина жана философия илимдеринин доктору, Улуттук илимдер Академиябыздын корреспондент-мүчөсү Исабек Ашимов. Ооба, так ушундай: бизде табигый жана так илимдерден философияга өткөн жаңы, жакшы кубулуш пайда болду.
Алардын арасында географ-экономист Т.Койчуев, геологдор А. Бакиров, К.Бөкөмбаев бар. Алардын философиялык эмгектери жөнүндө мен мурда жазган элем. Эмки кеп - И.Ашимов туурасында.
Мен анын өзүн да, эмгектерин да башта билчү эмесмин. 2012-жылы Улуттук Илимдер Академиясын жетектеп калдым. Мага чейин И.Ашимов ал жерде башкы окумуштуу катчы болчу. Чогуу иштедик. Байкашымча, И.Ашимов жумушка абдан так, тартиптүү, жөнөкөй, кагаз (документ) даярдаганга мыкты, өтө билимдүү экен. Мурда – кийин мамлекеттик чоң кызматтарда жүрүп мындай астейдил жана кыргызча-орусча сабаттуу жазган адамды көргөн эмесмин. Тилекке каршы, ал бир жылдан соң “иштей бер” деп айтканыма карабастан “кагаз иши экен, жададым, өз ишимди, илимимди жылдырайын”- деп суранганда уруксат бердим. Кийинчерээк белекке деп орус тилиндеги 5-6 китептерин алып келиптир. Ал убакта чолом тийбей, жакында “Биофилософия” деген үч чоң томдук эмгегин (2012) окуп чыктым. Ырасын айтсам, адегенде, окуур алдында “хирургдар да философ болчу беле?”- деп (улуу Ибн-Синанын философиясын бир кезде окусам да) ыргылжың болдум. Окугандан кийин канаат алдым, ичимден сүйүндүм, себеби көп тааныш нерселерди да, билбеген керектүү маалыматтарды да жолуктурдум. Көрсө, И.Ашимов алыскы Лейлектен келип, медициналык жогорку билим алыптыр. Устаты академик М.Мамакеевден таалим алып, анын кол алдында иштеп, хирургиянын чебери болуптур, андан кийин эки илимдин - медицинанын жана философиянын докторлук даражасына жетишиптир, Улуттук илимдер Академиябыздын корреспондент-мүчөлүгүнө жана Башкы окумуштуу катчылыгына шайланыптыр, ал ортодо кесиптеш пикирлештери жана уулу (ал дагы медицина илимдеринин доктору) менен биргеликте Орто Азияда биринчи болуп органдарды алмаштыруучу (трансплантология) борбор уюштурушуптур. “Биофилософия” аттуу үч томдук эмгек ошол көп жылдык дарыгерлик (хирургдук) жана даанышмандык, ойчулдук аракеттеринин үзүрү, жемиши экен.
Биринчи том (286 бет) “Трансплантология: адеп-ахлак (мораль) укук, этика” деп аталат. Байкалып тургандай, мында органдарды алмаштыруунун медициналык жагдайлары эмес, анын адептик-ахлактык, укуктук, этикалык жактары талдалат. Ал үчүн И.Ашимов чыныгы окумуштуу-ойчул (философ) катары адегенде жалпы нерсении - биологиялык философиянын предметин, тарыхын жана проблемалык-тармактык чектерин аныктап чечмелейт. Андан кийин адам органдарын башка бирөөгө берүүнүн, алуунун, колдонуунун (операция маалында жана андан кийин) татаал, түйүндүү (проблемалык) кырдаалдарындагы (өмүр менен өлүм ортосундагы) донор, анын туугандарынын эрки, дарыгердин (хирургдардын) абалы, мамилесине байланышкан ыймандык, укуктук, диний, этикалык маселелерди карайт. Айрыкча татаал, түйүндүү, карама-каршылыктарга толгон маселе-адамдын дене, тулка боюндагы органдарды жана башты, мээни ажыратуу, башка адамга салуу. Бул хирургдук устаттыктан мурда адеп-ыйман, мээримдүүлүк, сабырдуулук, жоопкерчилик маселелерин жаратат жана алар гуманизм, этика жана укук жактан терең каралып, так чечилүүгө тийиш. Турмушта (практикада) ушул маселелерге байланыштуу ар кандай карама-каршылыктар, этикалык жана укуктук жаңылыштыктар, анын ичинде дарыгерлик, атүгүл акчага, дүйнө-мүлккө сатуу, айырбаштоо, кызмат абалдан пайдалануу, түздөн түз мыйзам бузуп, кылмыш жолуна түшүү жыш кездешет. Аталган маселелер боюнча дүйнөлүк диндердин (христиан, анын бутактары - католиктер менен православийлер, ислам ж.б.) да өзүнчө көз карашы, тутунган позициясы бар. Ушулардын баары 1-томдун мазмунун түзөт.
“Медицина: аңдап-билүүнүн, өнүгүүнүн, ыңгайлашуунун (адаптация) диалектикасы” деп аталган экинчи том (398 бет) автордун өз сөзүнө ишенсек, 20-21-кылымдын ашташуусунда хирургияда колдонула баштаган илимий-техникалык жана технологиялык жаңылыктарды философиялык-медициналык өңүттө талдаган Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү биринчи эмгек экен. Мен медицина, асыресе хирургия боюнча адис болбогондуктан, И.Ашимовдун ушул тармактарга (айталы, патология, нозология ж.б.) карата айткан конкреттүү ой-пикирлерине баа бере албайм, бирок жалпы илимдин, философиянын, социологиянын, саясат таануунун, психологиянын методологиясына ылайык келген көптөгөн ой жорууларына, өзгөчө түйүндүү кырдаал, айрыкча татаал кырдаал, маңыздуу карама-каршылыктар, чек-тосмолор, чечим кабыл алуу теориясы, хирургдардын ишинин жана ишмердигинин коомдук жагдайлары тууралуу жазгандарына ынандым.
3-томдун (272 бет) аталышы өтө кызыктуу: “Тобокел таануу (рискология): кайчылыктар (дилемма), ойлор, чечимдер”. Мында байкоочу материал катары тез жардам медицинасы кызмат кылат, бирок автордун тобокелчиликке, анын өлчөмдөрү жана таразасы, стратегиясы менен тактикасы, тандоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү ой-пикирлерин жеке адамдын турмушунда, социалдык топтор менен жамааттарда, экономика менен саясатта, дипломатия менен аскер ишинде, өнөрүндө колдонууга болот.
Жалпысынан эмне десем? Медицина жагын айталбайм (буга чейин атактуу хирургдарыбыз М.Мамакеев, М.Мамытовдун, украиналык академик Н.Амосовдун, канадалык Г.Сельенин, француз Сейван-Шрейбердин жатык тилде жазылган жана орусчага которулган китептерин окуп, анча-мынча маалыматым бар болчу), бирок И.Ашимовдун философиялык, социологиялык, укуктук жана этикалык нукта жазгандары канааттандырбай койбойт. Бекеринен анын изилдөөсү быйыл КМШ мейкиндигинде ачылыш катары бааланган жок. Бул коомдук илимдер, асыресе, философия боюнча кыргыз кыртышында жана КМШда жаралган биринчи чоң эмгек. Эми аны автор кыргызчалатып, өз элине жеткириши керек. Анын алдында орусча варианттагы артыкбаш көрүнүштөрдү (кайталоолорду, айрыкча 3-томдогу, чубалжыган узун автордук санактарды, серептерди, ар бир томдо 30-40-50 бетке жеткирилген адабият тизмесин) алып же чечкиндүү кыскартып салуу зарыл.
Ошентип, макаланын аягына чыктык. Ачык байкалып, көрүнүп тургандай, азыр мамлекет илимге анча көңүл бурбай, колдобой, каржылабай жаткан шартта өз элине жана илимге берилген бул төрт азамат - кайраткер талыкпастан, муюбастан илим, билим, коомдук иштерин ийгиликтүү улантууда. Алардын илимий иштери, оригиналдуу эмгектери татыктуу бааланууга тийиш.
Абдыганы Эркебаев,
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
Академиясынын академиги
Булак: “Майдан.kg” гезити