Чуулгандуу китеп кыргыз тилинде 

 

Кириш сөз

 

Бул китептин темасы - Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин саясий мурасы болмокчу. Атамбаевдин саясий мурасы туурасында кеп кылууга 2018-жылдын 26-январында, Бишкек ЖЭБинде болгон кырсык жана анын жыйынтыгында агрегаттардын кээ бирлери иштен чыгып, жылуулук түтүктөрүндөгү суунун температурасы кесин төмөндөп кетиши себеп болуп олтурат. Ал күндөрү аба-ырайы өзгөчө суук болуп, 27-январь күнү абанын температурасы -26 градуска төмөндөдү. Мындай кара суук Бишкек шаары үчүн көнүмүш эмес жана жылуулук берилбей калгандан кийин, шаардын тургундары тоңо башташты.  Кырсыктын кесепеттерин бир топ узак убакытка чейин жоюуга аракеттенишип, араңдан зорго 30-январь күнү түштөн кийин батирлерде бир аз жылуулук пайда боло баштады.

 

Бишкек ЖЭБинде бул кырсыкка чейин бир аз эле убакыт мурда, кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан реконструкция иштери аткарылып, агрегаттардын жана казандардын бир катары жаңыланганы кабарланган. Маанилүү жылуулук берчү борбордун реконструкция болгондугу Атамбаевдин ири ийгиликтеринин бири катары сыпатталы жаткан кезде, мынтип кырсык орун алды.

 

Атамбаевдин башкаруусунун аяктоосу, өзгөчө алкоого алынынып, массалык маалымат каражаттарында анын жетишкендиктерин байма-байма мактап, жарыя кылып жатышкан. Балким, мындай даңазалоо бир топ убакытка созулмак, бирок орун алган кырсык мунун баарын  жокко чыгарып койду. Ошол замат суроо пайда болду – чындыгында эле Атамбаевдин башкаруусу айтылып жүргөндөй ушунчалык жакшы болгон беле? Чындыгында, андай экен эмне үчүн Кыргызстанда буга чейин болбогон технологиялык кырсык болуп олтурат? Эгерде ушундай суроо жаралган болсо, анда албетте Атамбаевдин президент болуп турган кездеги ишмердүүлүгүн дыкат карап чыгуу зарыл.

 

Бул жерде айта кетчү нерсе, Атамбаев өзүнүн президенттик кызматына бир топ оңтойлуу жагдайларда киришкен. Атап айтсак, КРнын Убактылуу президенти Роза Отунбаеванын мандаты аяктагандан кийин, президенттик шайлоо аркылуу тынчтык жолу менен бийликке келген Атамбаевке - өлкөдөгү жашоону жакшыртат жана саясий туруктуулукту камсыздайт деген ишеним бар эле. Бир караганда, өлкө ичин дайыма козголоң кылып турган “жоогазын революциялар” жана аяк-чени жок митинг-пикеттер мындан ары болбой тургандай көрүнгөн болчу. Ушунун баары, Атамбаевдин имиджине оң таасир берип турган жана жыйынтыгында, Кыргызстан мындар ары 2000-чи жылдардагыдай региондогу кооптуу чөлкөм катары эсептелбей калган.

 

Мына ошондуктан, Атамбаев өзү каалагандай саясат жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк алды жана ошол себептен, анын бүт жетишкендиктери татаал абалдагы аргасыз кадамдардан же күчтүү атаандаштарынын каршылыктарынан келип чыккан эмес. Мунун баары, Атамбаевди жеке аракеттеринин жана жеке чечимдеринин жыйынтыгы. Ал эми бул чечимдердин басымдуу бөлүгү анын жеке мүнөзүнө жана кызыкчылыгына шайкеш келип чыкты.

 

Ишмердүүлүгүнө саресеп салып жатканда, мүмкүн болушунча объективдүү жана такталган (эч кур дегенде, ачык булактарга жарыяланган) маалыматтарга таяндык жана жыйынтыгында кыргыз басма сөзүндө айтылып келген нерселерге таптакыр карама-каршы тыянак жаралды. Анын башкаруусу жалпысынан негативдүү жыйынтык берген.

 

Биринчиден, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизин түзгөн тармак – бул энергетика тармагы. Электрсиз күнүмдүк жашоо да, өндүрүш  жүргүзүү да татаал. Ал эми Атамбаев эскилиги жеткен кыргыз энерготармагын жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн түп тамырынан талкалады. Ал негизинен жаңы ГЭСтерди куруп, ал эми эскиргендерин капиталдык ремонт кылуусу зарыл болчу. Бирок, анын бирөөсү да аткарылган жок.  КМШ өлкөлөрүнүн Энергетикалык Кеңешинин божомолуна ылайык кыргыз энергетикасынын кубаттуулугу кескин жогорулап, 2016-2020 жылдары 2521 МВтты түзүп, ал эми 2021-2030 жылдары болсо дагы кошумча 2355 МВт кубаттуулук ишке киргизилмек. (шилтеме: Исполнительный комитет Электроэнергетического совета СНГ - http://energo-cis.ru/wyswyg/file/Kyrgyziya.pdf).  Бирок, иш жүзүндө Бишкек ЖЭБинде ишке киргизилген кытай генераторлорунун эсебинен гана болгону 300 мВт кубатуулукка өсүү болду. Бул көрсөткүч божомолдун 12% гана түзөт. Мына ушунун өзү эле чоң кемчилик! Анысы аз келгенсип, Атамбаев кыргыз энергетикасына каражат коротууга ниеттенген чет өлкөлүк инвесторлор менен араздашып, курулуп баштаган жаңы электростанциялар да токтоп калды. Азыркы күндө, Кыргызстанда жаңы ГЭС куруу боюнча иштеп жаткан бир да долбоор жок. Ошол себептен, өлкө электр энергиясын сатып алууга мажбур болду, анткени энергетиканын эски кубаттуулугу республиканын муктаждыгын толук камсыздай албай калды.

 

Демек, Кыргызстан электр энергиясын өндүргөн ири экспортер позициясын жоготту (так ушул нерсе башка мамлекеттердин жана Орусиянын республикага болгон кызыгуусунун негизин түзчү) жана эскилиги жеткен агрегаттар иштен чыгып, аларды жаңылоо мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстандын алдында “караңгы жылдарга” кабылуу коркунучу жаралды. Бишкек ЖЭБиндеги кырсык так ошол келечекте боло турган энергетикалык көйгөйлөрдүн башаты болду бейм. Балким, Атамбаевдин айынан, кыргызстандыктар келечекте көмүр мештерин колдонуп, ышка тумугуп же кирешелеринин чоң бөлүгүн генераторлорго май сатып алуу үчүн коротуп калышы толук ыктымал. Же болбосо, кошуна мамлекеттерге жалдыраганга мажбур болушу мүмкүн. Балким, Атамбаев көз карандысыз бололу деген – Өзбекстандан оор кезде жардам сурап кайрылууга туура келет.

 

Экинчиден, өз башкаруусунун башында Атамбаев коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Бирок, жалпы абал жакшырмак тургай, ого бетер начарлады. Айрыкча, 2017-жылы Казахстан тараптан Кыргызстан тарап Кытайдан ири көлөмдөгү товарлардын реэкспортуна аткезчилик аркылуу жол берип, жыйынтыгында Кыргыз Республикасы 2015-жылда катарына кирген ЕАЭБке мүчө болгон мамлекеттерге олуттуу экономикалык зыян келтирди деген күнөө коюлду. Албетте, бул нерсе өтө деле жаңылык эмес болчу, бирок буга чейин мындай ачык түрдө күнөө коюлган эмес. Атамбаев, Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүнүн негизги шарттарынын бири болгон – бажы өзөмөлүн күчөтүү жана үчүнчү мамлекеттер менен болгон соодага импорттук салыктарды көбөйтүүнү аткарбай туруп, биримдиктин пайдалуу тараптарын гана колдонууну максаттаган.

 

Негизи эле, изилдеп келгенде, өзү башкарган жылдары орун алган конфликттүү учурларда, Атамбаев негизинен ошол кыргызстандык аткезчилердин жана коррупционерлердин таламын талашып, аларга ыңгайлуу шаттары түзүп келгени байкалат. А эгер андай болбой бара жатса, ошол замат көп ойлонбой туруп, буга чейинки жетишилген келишимдерди бузуп, көп убакыт жушалып биргеликте аткарылган жумуштардын жыйынтыктарын талкалап келген. Булардын баары жөнүндө, тийиштүү бөлүмдөрдө (главаларда) айтылат. Албетте, мунун баары ойдон чыгарылган нерселер катары кабыл алынмак, бирок баарысы жарыяланган фактыларга жана логикага негизделген. Арийне, Кыргызстанда болуп келген коррупциялык схемалардын баарысы бизге маалым эмес, бирок алардын саясий негизи бар экендигинде шек жок. Ошентсе да, бизге маалым болгон нерселердин негизинде эле, Атамбаев ошол коррупциялык системанын бир бөлүгү, а балким анын кызыкчылыгын Кыргызстанда жана анын сыртында коргогон эң негизги адам катары кабыл алсак болот. Болгондо да, ошол кызыкчылыктарды толук аң-сезими менен коргоп келген сыяктуу.

Ушул жагдайлар Кыргызстандын бүгүнкү абалын өтө начарлатты. Өлкө өзүнүн мурдагы экономикалык позицияларын калыбына келтирүү жана мындан ары өнүгүү жолуна түшүү үчүн чоң инвестицияларга муктаж. Атамбаев башкарган жылдары сырткы карызы өтө өсүп кеткен республиканын азыр андай каражаты жок. Эгерде, кыргызстандык коррупционерлер жана аткезчилер өздөрүнүн кирешелерин өлкө үчүн инвестиция катары коротушса, балким Кыргызстан азыркы абалдан чыгып кетмек. Бирок, андай мартчылыкка алар бар турган түрү жок. Ал эми бүт өнөктөш мамлекеттер менен да, потенциалдуу инвесторлор менен да араздашкан Атамбаевдин башкаруусунан кийин, жаңы насыяларды жана инвестицияларды табуу өтө кыйын маселеге айланды. Атүгүл, дайыма ири насыяларды берип турган Кытай мамлекети да, акыркы эки жылда өзүнүн республикадагы активдүүлүгүн кескин түрдө азайтып, жаңы долбоорлорду баштаган жок. Ушул себептерден, жакынкы жылдары Кыргызстанды узакка созулган экономикалык кризистин эпкини күтүп турат жана бул кырдаалда эч кимден жардам болбошу ыктымал. Коррупция менен өлкөнүн ортосунда Атамбаев өз тандоосун жасады жана ал үчүн Кыргызстан толук жооп бериши керек.

 

Ошондуктан, Атамбаевдин саясий мурасын кылдат изилдеп чыксак, 2017-жылдын аягына чейин айтылып келгендей кубандыра турган эчтеке жок.

 

Бул китептин максаты - кыргыздарга өлкөнүн бүгүнкү абалынын канчалык даражада оор экенин жеткире түшүндүрүү, буга чейин болбогон оорчулуктар күтүп турганынан кабар берүү болмокчу. Кеп Атамбаевди сындоодо жана каралоодо деле эмес. Себеби, аны кандай тагдыр күтүп турганы эч ким үчүн сыр деле эмес. Анын аракеттери жана чечимдери толук ашкереленгенден кийин бул адамды бир гана уят жана каргыш күтүп тураары бышык. Кыргыз эли Атамбаевке чейин деле болуп келген жана андан кийин деле болот. Бирок, эл экономикалык кырсыктын азабын тарта электе, азыртадан туруп мамлекеттин абалын толук түшүнүшү абзел.

 

Биринчи бөлүм
Кыргызстандын электроэнергетикасы: терең аңды көздөй жол

 

Биринчи глава

 

“Стратегиялык ЖЧЧ”: кытай насыясы жана кытайлык компания

 

Сөздү электр энергетикасынан баштайлы. Себеби, 2017-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Атамбаевдин башкаруусу кезиндеги жетишкендиктерин даңазалаган тизмеде так ошол электр энергетикасы сап башында болгон. Конкреттүү түрдө, Атамбаевдин эң бир көрүнүктүү жетишкендиги катары “Датка-Кемин” ЖЧЧсын (жогорку чыңалуудагы чубалгылар) атап жатышты жана аталган ЖЧЧ Кыргызстан өзү өндүргөн электр чыңалуусун өлкөнүн түштүгүнөн түндүк регионуна ташып келүүдө буга чейин өзбекстандык чубалгылардан болгон көз карандылыктан куткарды деп жар салышкан эле.

 

Куру сөз болбош үчүн, прессада жарыяланган кээ бир маалыматтарга кайрылалы. Мисалга, саясий серепчи Марс Сариевдин айтканы: “Принцибинде, Атамбаевдин заманында саясий туруктуулук сакталды, аябай чоң долбоорлор болду, мисал келтирсек, “Датка – Кемин” ЖЧЧсы энергетика тармагында Өзбекстандан көз карандысыздыкты камсыздады”. (2-шилтеме: Итоги правления: Алмазбек Атамбаев. // «Взгляд», 1 декабря 217 года - http://ru.vzglyadriv.kg/history/12585-itogi-pravleniya-almazbek-atambaev.html ) . Knews.kg сайтынын редакторлук макаласынан: “Алмазбек Атамбаев өз кызматына киришкенден бери маселе чечиле баштады. 2011-2012 жылдары сейрек түрдө жарык өчүрүүлөр болуп жаткан, бирок алар техникалык себептерге байланыштуу болгон. Бирок, 450 чакырымдан турган “Датка - Кемин” ЖЧЧсы ишке киргизилгенден кийин эл андай өчүрүүлөр эмне экенин таптакыр унутту. Бул долбоор Кыргызстандын толук энергетикалык көз карандысыздыгын кепилдеп, өлкөнүн ичинде электр энергиясын ташуунун жабык процессин камсыздады”. (3-шилтеме: Атамбаеву – 61: Каковы главные достижения президента КР за годы правления. // Knews.kg, 17 сентября 2017 - http://knews.kg/2017/09/atambaevu-61-kakovy-glavnye-dostizheniya-prezidenta-kr-za-gody-pravleniya/ ) Ошол эле булак бул ЖЧЧнын 2012-жылдын башынан баштап, 2015-жылдын күз айларына чейинки куруу мөөнөтүн “өтө жагымдуу таң калтырды” деп мүнөздөгөн. Дагы бир белгилүү эконмика адиси Капарбек Чалбаев ЖЧЧнын курулушун салмактуу факты катары сыпаттап: “Датка – Кемин” ЖЧЧ-500 долбоорун куруу менен, биз энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. (4-шилтеме: Чалбаев К. Эпоха четвертого преззидента. Какое наследие оставляет Алмазбек Атамбаев своему преемнику? // «Слово Кыргызстана», 25 августа 2017 года - http://slovo.kg/?p=86265 ) Ошондой эле, Чалбаев Атамбаевдин ишмердүүлүгүн ашкере мактоодон алыс экенин да айта кеткен.

 

Албетте, айтылуу чубалжыманын курулушу боюнча жарыяланган толгон-токой маалыматтарды оңой эле тапса болот. Себеби, ошол кездеги маалымат булактарына бул туурасында өтө көп көлөмдө маалыматтар жайгаштырылып жаткан жана негизинен суктануу менен чагылдырылып турган. Ошондуктан, алгач караганда чындап эле “Датка – Кемин” ЖЧЧсы Атамбаевдин президенттик кызматындагы маанилүү жетишкендиги катары көрүнөт. Себеби, ошол кездеги кыргыз прессасында так ошондой таризде сүрөттөлгөн эле.

 

Бирок, эгерде биз бул ЖЧЧнын курулушун тереңирээк изилдеп карай турган болсок, анда бул курулушту Атамбаевдин үлкөн жетишкендиги катары кароо – көбүртүп жибергендик болоор эле.

 

Биринчиден, татаал тоо шарттарында курулган ЖЧЧны чындап эле Кыргызстандын жана анын президенти катары Атамбаевдин зор жетишкендиги деп эсептеш үчүн, бул чубалжыманы Кыргызстан өз каражатына жана кыргызстандык ишкана куруш керек болчу. Бирок, ал андай эмес. “Кыргызстандын Улуттук Электр Тармактары” ААКнун Башкы директору Медетбек Айткулов “Спутник-Кыргызстан” агенствосуна берген маегинде ЖЧЧнын курулушуна жумшалган каражат Кытайдан алынган экенин ачык эле баяндаган. Кытайдын” Экспорт-импорт Банкы” 389 млн доллар насыяны 20 жылга 2% үстөк менен берген. Анын ичинен, төлөп баштоо мөөнөтү 9 жылдык жеңилдикке ылайык жылдырылып, узартылган. (5-шилтеме: Достроили ЛЭП "Датка - Кемин". Что изменится? // Спутник-Кыргызстан, 27 августа 2015 - https://ru.sputnik.kg/economy/20150826/1017714321.html )

 

Эгер, насыянын суммасын сомго айландырганда, 2012-жылдагы валюталар курсуна (бир АКШ доллары 46.4 сом) ылайык 18.05 млрд сом болмок. Бул деги көп акчабы же жокпу? А чындыгында, бул сумма 2012-жылдагы бюджеттин таңсыктыгынан (20.2 млрд сом) бир аз эле аз экенин айта кетели (6-шилтеме: Дефицит госбюджета в 2012 году в 20,2 млрд. сомов был самым высоким за последние годы – Нацбанк КР. // For.kg, 1 июля 2013 года - http://www.for.kg/news-231236-ru.html ) Баса, ошол жылы Каржы министрлиги 18 млрд сомдун тегерегиндеги таңсыктыкты божомолдоп жаткан, а бирок ал божомол ишке ашкан жок. Же башкача салыштырсак, бул сумма ошол жылдагы мамлекеттик бюджеттин киреше (86.7 млрд сом) бөлүгүнүн 20% ын түзөт. Же болбосо, Кыргызстандын 2012-жылдагы (273 млрд) ИДПнын 6.6% ын түзгөн. Чындыгында эле, мындай көлөмдөгү каражат каржыдан кансырап турган кыргыз мамлекети үчүн бир топ эле олуттуу сумма эле. Албетте, мындай масштабдагы курулушка Кыргызстандын күчү жетпейт эле. Айткуловдун айтуусунда, кытай насыясы ар тараптан эсептелинип, мүмкүн болгон тобокелчиликтер эске алынган. Ошентсе деле, мындай эбегейсиз чоң сумманын 2% эле жылына 361 млн сом туумду берип жатпайбы. Демек, 20 жылдык мөөнөттө үстөктүн суммасы 7.6 млрд сомду түзүп, насыяны кайтара турган жалпы көлөмү 25.2 млрд сомду түзүп жатат. Бул сумманы насыялык келишимге ылайык 11 жылдын ичинде төлөшүбүз керек, башкача айтканда жылына 2.2 млрд сомдон төлөнүшү керек. Бул келишимге Атамбаев 2012-жылдагы Кытайга болгон визитинин алкагында кол койгонун эске алсак, жеңилдик мөөнөт 2021-жылдын июнь же июль айларында аягына чыгат. Ошол кездеги өкмөттүн ичиндеги булак билдиргендей - “Алмазбек Атамбаевдин өткөн жумада Кытай мамлекетине жасаган иш сапарынын алкагында 500 киловольттук “Датка – Кемин” ЖЧЧнын курулушу боюнча келишимге максималдуу жеңилдик шарттар менен кол коюлду” (7-шилтеме: Киргизия: ЛЭП «Датка – Кемин» построят на китайские деньги и на максимально льготных условиях. // ИА Фергана, 13 июня 2012 года. - http://www.fergananews.com/news.php?id=18864 )  Албетте, пайыздык өлчөмү өтө деле оор көрүнбөгөн менен, бирок насыянын жалпы суммасы кыргыз бюджети үчүн өтө чоң акча экени талашсыз жана аны кайтаруу милдети (ансыз деле Атамбаев башка насыяларды да көп санда алып койгон)  кыргыз өкмөтүнүн каржылык көйгөйүнө айланаары турган сөз.

 

Эми, эң кызык нерсе - кыргыз өкмөтүнүн келечеги! 2012-жылы Атамбаев ушунчалык жөнөкөй жана ачык сөз менен айтканда ыплас кадамга барган. Себеби, насыяны алып жатып, өзү башкарган убакытка жеңилдик мөөнөт алып, ал эми карыздын негизги бөлүгүн төлөө милдетин Кыргызстандын кийинки президентине жана Өкмөтүнө жүктөп койду. “Жоону чапса эр чапты, даңкы калды Манаска” (авт) демекчи, “Датка – Кемин” ЖЧЧнын даңкы Атамбаевке ыйгарылып, а бирок олчойгон карызды кимдир башка төлөшү керек болуп калып жатпайбы.

 

Айта кетчү нерсе, өз кезинде Атамбаев мамлекеттик бюджетти таңсыктык менен кабыл алган жана ошол эле бойдон калтырып кетти. 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча бюджеттин дефицити 17.4 млрд сомду түзгөн (8-шилтеме: Дефицит бюджета Киргизии в 2017 году составил 17,4 млрд. сомов. // 24.kg, 26 января 2018 года - https://24.kg/ekonomika/74260_defitsit_byudjeta_kyirgyizstana_v2017_godu_sostavil_174_milliarda_somov/ ) Анын 6 жылдык башкаруусунда мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү дайыма кирешеден көп болуп, өлкөнүн каржылык абалы жакшырбады. Ошондой эле, жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда деле бул абал олуттуу түрдө жакшырып кетиши күмөн. Демек, азыркы президенттин мөөнөтүнүн акыркы эки жылы так ушул карызды төлөө убактысына туш келип (эгерде эле ага чейин Кыргызстанда кандайдыр бир окуялар болуп кетпесе), Атамбаевдин бул жетишкендиги үчүн андан кийинки, 2023-жылы бийликке келе турган президенттин мойунуна жүктөлөт жана ал кездеги бийлик бюджеттеги орчундуу дефицитке кабылаары анык. Ошентип, “Датка – Кемин” ЖЧЧсы башка бирөөнүн эсебинен уюштурулган той болуп кала бермекчи.

 

Экинчиден, бүт курулуш иштери кытайлык компания ТВЕА – Tebian Electric Apparatus Stock Co.,Ltd тарабынан аткарылган. Бул ишкана жоопкерчилиги чектелген компания болгону менен, анын артында бүт Кытай мамлекетинин кубаттуулугу турат. Мисалга, “Кытай Эл Аралык Радиосу” билдиргендей, 2012-жылдын 1-августунда ЖЧЧнын курулушунун башталышын түптөө аземине КРнын президенти Алмазбек Атамбаев жана КРнын энергетика жана өндүрүш министри Аскарбек Шадиев менен кошо, Кытайдын Синцзянь-Уйгур автономиясынын Өкмөтүнүн орун басары Ши Даган, Кытай Элдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Кайвень, Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Цзинь Юйлунь жана албетте ТВЕА комапаниясынын башкармасынын төрагасы Чжан Синь мырзалар катышкан. (9-шилтеме: Китай помогает Киргизии в реализации проекта строительства линии электропередач «Датка – Кемин». // «Международное радио Китая», 2 августа 2012 года - http://russian.cri.cn/841/2012/08/02/1s436818.htm ) Башкача айтканда расмий кытай өкмөтү так ушул ишкананы колдоору айгинеленди. Ал эми кийинчерээк, Бишкек ЖЭБиндеги модернизация боюнча болгон окуяларды эске алсак, ал ирет дагы насыя бөлүп берүүнүн негизги шарты – бул жумуштардын көлөмүн кытай ишканасы гана аткарышы талап кылынган экенин байкайбыз. Демек, “Датка – Кемин” ЖЧЧнын курулушуна берилген насыя деле так ошондой шарт менен берилген.

 

Эми болсо, кытай тараптын мынчалык берешендигинин түпкү максаты эмнеде экенин түшүнүүгө далалат уралы. Карыз берген жана өзүнүн подрядчигин жиберген кытайлыктардын албетте өздөрүнүн эсептери жана кызыкчылыктары болгону анык дей бериңиз. Балким, Кытай өлкөсү өзүнүн энергетикалык тең салмактуулугун кыргыз гидроэнергетикасынын эсебинен калыбына келтирип алуу максатын көздөгөндүр.

 

(Уландысы бар)

 

Кыргызчалаган

Шаирбек Маматокторов

 

Булак: “Майдан.kg