Кылым кылмышы же кыргыз элине жасалган кыянатчылык! (Макаланын соңу) 

 

(Башталышы өткөн сандарда)

                                                             

Биз табиятка канчалык кыянатчылык кылсак,

жаратылыш бизден айыгышкан түрдө ошончолук өч алат”.

                                                                                                       (Ф.Энгельс)

 

Карылык касиетти качан сактайбыз?

 

Жакында чатактан башы арылбаган “Кумтөр” кени боюнча Орозбек Дүйшеевдин макаласын окуп отуруп, “бул адам түшүнөн чочуганбы?”- деп ойлодум. Алтын чыры болгон жерде бул адамдын төбөсү такай көрүнөт. Бул пикиримди тактап далилдеп берүү үчүн аракет жасайын. Кыргыз Республикасынын ЖоКесинин депутаты О.Дүйшеев 2004-жылы: “Кумтөр” кени кыргыз эли үчүн иштеши үчүн мамлекетке алышыбыз керек. Канадалык ишкерлер биздин мамлекетти алдап жатышат”,- деген мааниде чуу салган эле. Адилет пикирин айтты, эми элибиздин өкүлү катары бул маселени бийликке кабыргасынан коюп, сөзүн иши менен айкалыштырат го деген үмүт оту жанган болчу.

Ишенимибиз аткарылган жок. Курган адам, ач айкырык, куу сүрөөн менен жүрүп бир күнү канадалыктарды жактап “көшөгөнүн” артына кетти. Кайрадан 2012-жылы “...алар биздин бюджетибизге акча төгүп жатышат, тийбеш керек...” деп канадалыктардын жактоочусунун милдетин аткарган эле. Кайсы кимдин тапшырмасын аткаруу үчүн алгачкы пикиринен тайды болду экен деп элибиз элейди. Канадалыктардын таламын талашканынан кийин алтын кен боюнча “дүжүр” чалдардан го деген пикир эл арасында айтылып калды.

 

Жакында эле бул адамдын “Кумтөр” маселесинде кайрадан “акыл үйрөткөн” кеп-сөздөрү жаңырды. Бул адам “2009-жылы 24-апрелде жаңы шарттагы келишимде Кыргызстан алтындан пайда таппай турган туңгуюкка кептелгенин” жар салыптыр. Таң каларлык “улуу ачылыш” десекпи, анда неге 2012-жылы алардын, “КОКтун”  коргоочусу болуп чыкты?  “Авантюра аракеттерине макул болбоого” “баалуу кеңешин” да бериптир. Биз кайсы О.Дүйшеевге ишенебиз? Кокус “КОК” тарабы көбүрөөк кошумча каражат менен камсыз кылса, кайрадан алардын “ырын ырдап” чыкпас бекен?

 

Бул маселе боюнча бир маалыматты жалпы журтубузга жарыялап жиберсек айып болбос. “Кумтөр” маселесинин чыры өз апогейине жеткен мезгилде, тактап айтканда 2012-жылы 27-июнунда ошол кезде парламенттик комиссия тарабынан канадалыктардын алтын өндүрүүдө экологиялык эрежелердин одоно бузуп жаткандыгынын бетин ачышканда, алтын маселесинин тагдыры чечилеринде “КОКтун” таламын талашканын калкыбыздын көпчүлүгү унутпаса керек. Менин оюмча ошол учурда бул адам КСДПнын эксперти катары бул жыйынга чакырылган сыяктанат.

 

Эң өкүнүчтүүсү, “төө ашуудан өткөндөн” кийин “патриот” болуп чыга келбей, ошол алтын үчүн “депжепжутарлардын” кыл чайнашкан мезгилинде карылык калыстыгынан тайбай  айтканга жараган эмес. Эми эл үчүн күйгөн түр көргөзгөнүнө караганда дагы бир кимдир-бирөөнүн атайын тапшырмасын аткарып жаткандай түрү бар. ”Дүжүр” чалдарыбыз ким акысын көбүрөөк төлөсө, ошолордун ырын ырдап чыгарын чейрек кылымда билип калбадыкпы? Деги карылык касиетибизди сактап, качан калыс кебибизди айтар экенбиз?

 

Сары-Төрдөгү ууланган суулар Нарын дарыясына куюла баштадыбы же экологиялык катастрофаны тирүүбүздө көрүп калабызбы?

 

“Кумтөр” кыргыз жери болгону менен азапка бүткөн алтын кени элибизге эмес, чет элдик шылуундар менен жергиликтүү мыкчыгерлердин гана “саан уюна” айланганын какшап айтып тил деле тешилгендей болду. Алтындан түшөр кирешеден үмүтүбүз үзүлдү. Жоготкон байлык менен бирдикте көгүлтүр көлүбүздүн касиетин асманга учуруп, ага кошуп Борбордук Азиянын кыйла аймагына экологиялык орду толгус зор кырсыктын очогун даярдап отурабыз. Кокустук кайдан-качан болорун айта албайбыз, бирок, кен иштетилгенден кийинки калдыктары сакталган жерде кырсык болсо келтирилүүчү зыяндын ордун толтурууга экономикабыз өп-чап болгон ушул шартта мүмкүн эместигин эсибизден чыгарбасак болмок...

 

Маалыматтарга таяналы. “Кумтөр” руднигигинин уулуу калдык сактоочу жайы (хвостохранилищеси) Петров көлүнөн 5 километр төмөн жагында жайгашкан. Бирок мүмкүн болуучу кырсыктан четтетүүгө эч кандай аракеттер жасалган эмес. Эң чоң коркунучу уулуу калдык сакталуучу жайдын (УКСЧ) курулушу толук курулуп бүткөрүлбөгөндүгү. Айрым маалыматтарга таянсак, уулуу калдыктардын агып кетишин убактылуу токтотууга ылдыйкы бөлүгүнө 100 метрдей аймакка гана атайын плёнка төшөлүп, калган бөлүктөрүнө плёнка төшөлбөй, уулуу суюктук же цианид  жер кыртышына куюла баштаганы 2012-жылы эле далилденген..

 

УКСЧчынын калган аймактарындагы дамбаларды химиялык заттардын идиштерин, жарактан чыккан техникаларды, иштетилген кендин топурагы менен тосуу адатка айланганы да ошондо элге белгилүү болгон. “КОК”  18 тонна алтынын алган Сары-Төргө рекультивацияны ушул күнгө чейин жасалбагандыктан, аңгекке толгон ууланган суу капкара болуп, Нарын дарыясына агып кирип жатканын жашырууга мүмкүн эмес. Ошол мезгилдеги парламенттик комиссия кен иштетилген 60тан ашык аймагындагы топурагын, суусун алып, Алматыдагы Улуттук ядролук физика лабораториясына жөнөтүшөт. Анализдин жыйынтыгында булардын бир дагы үлгүсү таза же нормага туура келбестиги, тактап айтканда жөнөтүлгөн үлгүлөрдө уулуу заттар мышьяктын, сымаптын, коргошундун курамы нормадан 22 эсе көп экендиги аныкталат. Мындай фактылар менен таанышкан ар бир адам муну экологиялык кыянатчылык экендигин айттырбай эле баамдашат.

                           

Давыдов мөңгүсүнө төгүлгөн цианид калдыктары сууга кошулбай, абага учуп кетеби же Кыргызстан уулуу таштандылардын өлкөсүбү?

 

“КОК” дейбизби же “Центерра Голд” дейбизби,  канадалыктар алуучу алтынын алып, алар кыргыз элине азапты салып кетишет. Алардан бизге мураска калтырары 360 гектарды ээлеген уулуу калдыктарды сактоочу жай (УКСЧ)...  Байлыктын булагы 360 тонна алтынды алып кетишип, 100 миң тоннадан ашык бул УКСЧына каражат бөлбөй, жыл сайын зыянсыздандырып жана бекемдеп туруу милдетин кыргыз элине калтырышат экен. “Жооштугуң билип алдым, кырманыңа кирип алдым”- дегендей, эмитен эле “Центерра Голд”  “экологияга келтирилген зыяндар боюнча финансылык милдеттенме алган эмеспиз”- деген шылтоолорду беттерине бекем кармап, кенди менчиктеп алышыптыр.

УКСЧыны зыянсыздандырып туруу алтындын асылын көрүп жаткандар тарабынан кароосуз калтырылган. Ал эми толук бүткөрүлбөгөндүгүнө карабастан пайдаланылып жаткан дамба сөрөйгө суткасына 17 миң куб уулуу суюктук УКСЧыга куюлуп турат. Ал эми кени (алтыны) алынган куру тоо тектери келишим боюнча Лысый жана Чоң-Сары-Төр сууларынын жээгине ташылып төгүлүшү керек болсо, “ЦГ”  аларды Давыдов мөңгүсүнө төктүрүшкөндү адатка айландырышкан. Мунун курамында цианид сыяктуу көптөгөн уулуу заттар бар. Натыйжада мөңгү козголо баштагандыгы ачык эле айтылып келет.

 

“Кумтөрдүн” мол запасынан киреше албагандыгыбызды билсек дагы алтын кенинен жем жеп калган бийлик өкүлдөрү акыркы жылдары кыргыз жергесиндеги дагы 12 алтын кенин чет элдиктерге иштетүүгө берүүгө шымаланып киришкенин жар салышкан. Кайталап коёюн, дүйнөдө алтындын запасы боюнча 10 кендин катарындагы “Кумтөрдөн” таппаган кирешени калган алтын кендеринен табарыбызга эч ким кепилдик бере албайт. Талас, Чаткал, Талды-Булак алтын кендерин иштеткенден мамлекетибиз канчалык пайда табары элибизден жашырылып жатат. Бул аймактар да келечекте таштандылардын аймагына айланабы? Алтындын канча пайызы Кыргызстанга калтырылат? Бул маселеге келгенде бийлик өлүмүш болуп үн катпайт. Ушундан улам, биздин “ак шакалдарга” айланган “ак жакачандар” мамлекеттин кызыкчылыгына эмес, өз кызыкчылыктарына ылайыктап, жең ичинен соодалашып койгон сыяктанат.

 

“Эсиң барда, этегиңди жап” – дейт элибиз. Ансыз да таштандылардын аймагына айланган Ак-Түз, Кажы-Сай, Майлуу-Суу, Миң-Куш сыяктуу кени иштетилген жерлердин уулуу калдыктарын сактап туруучу жайларды зыянсыздандырып  турууга өлкөбүздүн бюджетинен МЧСке миллиондогон акча каражаттары бөлүнүп турат. “Кумтөрдүн” “уулуу көлүнө” дагы 12 таштанды жайы жана “уулуу көлү” кошуу башкы максатпы? Аларга каражатты кайдан аларыбыз табышмак. Күнөстүү Кыргызстан “өлүк көлдөрдүн”  жана жалаң таштандылардын өлкөсүнө айланабы? Же бийликтегилерге Мекенден да алтын кымбатпы? Тизгинди тарта жүрсөк жаныбыз тынч болорун унутпасак, атагана-а-ат!?

 

Экологиялык кыйроо алдында турган дагы 13 аймак бар

 

Кыргызда: “Ыйлагандын көзү жаман, айткандын сөзү жаман”- деген накыл кеби бар. Кокустук күтүүсүз жерден болот. Эң опурталдуусу, кендин “Центральная” участкасында тектоникалык жарака (разлом) ушул жерде экендигинде. Табияттын ар кыл кубулушу адамзатка көз каранды эместигин эске алсак, коопсуздукту сактоо үчүн кендин калдыктарды сактоочу жайын эрежеге ылайык иштетүү зарылдыгын “Центтерра Голддон” талап кылууга бизге эл аралык мыйзамдар мүмкүнчүлүк берет.

Кептин ачыгын айталы, кокус көз жумду мамиледен улам талапка жооп бербеген “Кумтөрдөгү” уулуу калдыктар сакталган жайы кырсыкка учураса, эл аралык чоң ызы-чуу башталары анык. Себеби, 100 миң тонна уулуу суу Арабел, Тарагай, Кумтөр суулары менен Нарын дайрасына кошулат. Ал эми Нарын дарыясы Борбордук Азиянын бир кыйла аймагында сугат иштеринде пайдаланарын да унутпашыбыз керек.

 

Ошону менен катар өлкөбүздүн негизги энергетикалык булагы болгон Токтогул каскадындагы электроэнергия ушул Нарын дайрасынын кубатынан алынат. Ар кандай уулуу заттар аралашкан суулар ГЭСтердин толук кубаттуулукта узак мөөнөттө иштешине кедерги болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстан арзан электроэнергиясынан да ажыроо коркунучуна  кептелип отурат.

 

Канадалыктар келет, кетет. Бул жерде алтынынан ажыраган, жалаң таштандыны кучактап отурган, ал түгүл күзгүдөй тунук сууларын ууландыргандарга кошомат кылып, алардын ыркынан чыкпаган бүт алтынын ит бекер берген биз кыргыздар ушул жерде калабыз. Алтын казылган кыргыз жергесиндеги 13 аймак билинбей чөлгө айланат. Кылым кылмышына каршылык кылбагандыгыбыз үчүн урпактарыбыздын алдына жоопкер экенибизди унуттукпу, иттики! Аңкоолуктун айынан, кайдыгер мамилебизден улам жараткан даярдап берген алтыныбызды таштандыга алмаштырганыбыз үчүн укум-тукумубуздун алдында эмне деп жооп беребиз? Ойгон кыргыз, кежигеңди кашылап ойлон кыргыз!

 

Эртабылды АТТОКУРОВ, 

эркин журналист

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: