Ой-илик
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы?
Исхак Масалиев, Жогорку Кенештин депутаты:
“Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек”
- Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү кечээки шайлоодо анын женишин камсыз кылган өзүнүн айланасындагы адамдардан башташы керек. Үгүт иштерине чачылган эбегейсиз акча каражаттарын алар айлыктын эсебинен эле чогулткан жок да. Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөргө мен олуттуу деле карагым келбейт. Бул шоунун бир элементи. Президент мындай катуу сөз сүйлөгөнү менен бир да адамды кызматынан алган жок. Ал болгону эле эл ичинде айтылып жүргөн сөздөрдү кайталап койду: күч органдарына ишенич жок... Бирок, Сооронбай Жээнбеков эч кандай аракет жасабады. “Жакшы ит үрбөйт, ал тиштейт”- деген сөз бар эле... Коррупционерлер жөнүндө кыйкырып, сөгүнүп, сүйлөп олтуруштун кереги жок. Аларды эч эскертүүсүз эле жок кылыш керек.
Алмаз Акматалиев, профессор, серепчи:
“Жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, президентке күч, кайрат жана ишеним беришет”
- Чыгууга милдеттүү жана толук мүмкүнчүлүгү бар. Себеби өзү таза, эч ыплас иштерге буга чейин аралашкан эмес. Ушундай жетекчи гана чечкиндүү кадамдарга баралат. Анан да, бүт кыргыз эли президенттин бул кадамдарын колдоп турат. Бул да чоң фактор, эл колдогон, журт ишенген жана талап кылган реформалар гана ишке ашышы мүмкүн. Ал реформаларды президент коркпой-үркпөй жасашы керек, бирөөлөр бут тоссо да эл президентти колдогонго даяр. Бир эле чакырык жасасынчы: “мынабу күчтөр менин коррупцияга каршы күрөшүмө бут тосуп жатышат, элим мени колдогула” деп! Жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып катуу колдоп, президентке күч, кайрат жана ишеним беришет. Мен буга ишенем.
Нурбек Токтакунов, “Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетечиси:
“Эгерде коррупцияга каршы күрөштү саясий оппоненттерине каршы пайдаланса – үмүт өчөт!”
- Мурунку президенттик команда коррупционерлерди саясий каршылаштарынын катарына издеген өнөкөт ооруга чалдыккан эле. Эгерде Сооронбай Жээнбеков да дал ушул жолду тандай турган болсо, ага эл таптакыр ишенбейт. А коомчулукту ынандыруу үчүн, президент бийлик башындагы коррупционерлерди камай башташы зарыл. Эгер ушуга эрки жете турган болсо, коррупцияга каршы күрөштүн жаңы доору келет. Эл да кубанат. Бирок, мен ишенгим келип турса да, буга анчалык үмүттөнбөйм.

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы:
“Эгер тез арада тийиштүү чаралар көрүлбөсө, ишеним кетет...”
- Президент Сооронбай Жээнбеков туура багыт алды: коррупцияга каршы күрөшкөн укук коргоо, көзөмөлдөө органдарын тазалоо керектигин айтып, тартип сакчылары өздөрү да ошол жемкорлукка малынып жатканын белгиледи. Бирок, андай фактылар президентте болгону менен чара көрүлбөстүгү коомчулукту таңгалдырды: чечкиндүү күрөш дал ошондой коррупцияга аралашкан кызматкерлердиен башталышы керектигин коомчулук күтүүдө... Эгер тез арада тийиштүү чаралар көрүлбөсө, анда ишеним кетет. Кошуна Өзбекстанда президент Ш.Мирзиеев бул тармакта кандай иш-чараларды колдонгонун ММК аркылуу биздин да эл көрүп турат. Мисалы, мурда кол тийгис болгон прокуратура органдарын, сот, атайын кызматын сындоо менен кандай реформалоо жасап жатканын интернет булактары аркылуу биздин окурман маал маалы менен кабар алып жатат. Бизге да ошондой өзгөрүүлөр келе турган убакыт келди.
Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник:
“Эми ал айткан сөзүн иши менен далилдеши керек”
- Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштө кай жерде кемчиликтер кетип жатканын белгилеп, биринчи кадамды жасады. Эми ал айткан сөзүн иши менен далилдеши керек. Эскертүү берилди, ким түшүнбөй калган болсо, аны кызматынан алып гана тим болбостон, жоопко тартуу абзел. Ошол эле кезде, коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, саясий каршылаштарды ооздуктоо тажрыйбасын токтотуу – учурдун талабы.
Самат Аалиев, коомдук ишмер:
“Карышкырларга “койлорго тийбегиле” дегендей эле болду”
- Биздин мамлекетибиздин эң башкы проблемаларынын бири - аткаруу системасынын инерттүүлүгү жана укук коргоо органдарынын коррупцияга башы менен батканында. Анан президенттин бул тармактагы талаптары карышкырларды “койлорго тийбегиле” дегендей эле болду. Ошол себептен аткарылбайт деп ойлоймун.
Асия Сасыкбаева, экс-депутат:
“Оозунан чыккан сөздүн кулу болуп, коррупция менен күрөштү күчөтүшү керек”
- Президент эң жогорку даражалуу кызматта отурган адам. Анын айткан сөзү куру сөз менен калбай, ишке ашышы керек. Антпесе, ага эл ишенбей калат. Элдин ишенимине ээ болом, элдик президент болом десе, оозунан чыккан сөздүн кулу болуп, коррупция менен күрөштү күчөтүшү керек. Ошондой эле президенттин коррупция менен күрөшкөн иш-аракети элге жакын болуп, эл көрүп, билип баа берип турушу керек. Антпесе, иштеп жатат деген нерсени билдириш үчүн ак жеринен бирөөнү каралап, камап, чыныгы коррупционерлер гүлдөп жүргөн мезгилден айырмасы болбой калат.
Ырысбек Өмүрзаков, журналист:
“Эмнеге тоок урдагандарга шанс берилбейт да, мамлекетти тоногондорго шанс беришибиз керек?”
- Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрө турганын айтты. Ал убадасын эл укту. Бирок, азырынча, кандай чара көрүлөрү, чоң суроо... Президент, “буларга дагы бир шанс бериш керек”,- деп айтканы, түшүнүксүз болуп, аны колдойбуз дегендерди бир аз ойго салды... “Эмнеге бир тоок урдагандарга шанс берилбейт да, мамлекетти тоногондорго шанс беришибиз керек?”- деген суроолор пайда болууда. Президент Сооронбай Жээнбековдун бир касиети бар - ал коррупциялык схемаларга жана коррупциялык иштерге, башкысы, 2010-жылдагы кан төгүүлөргө кошулган эмес. Фарид Ниязов - бет тырмоонун чоң адиси. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы күрөш эми башталат.
Рита Карасартова, укук коргоочу:
“Адилеттүүлүктү талап кылгандар, күтүп жаткандар көп”
- Ал сөздөн жыйынтык чыкпаса, анда эч нерсе өзгөрүлбөйт. Элинин оозунда жакшы иши менен тарыхта калгысы келсе - чечкиндүү кадамга барып, туура багытты ишке ашырышы керек. Башка жол жок. Ошол туура жолго кетип баратканын биз көрсөк колдоого алабыз. Адилеттүүлүктү талап кылгандар, күтүп жаткандар көп.
Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:
“Кадр маселесин да түп-тамырынан өзгөртүү талапка ылайык”
- Менин оюмча жыйынтык чыгарууга аракет жасайт. Бирок ошол эле коррупционерлер тегеректеп тургандыктан, аталган маселенин аягына чыгышы кыйын болот. Кыйынчылыкты жеңүүгө Сооронбай Шарипович аракет кылышы керек. Жалгыз бул аракет үзүрүн бербейт! Кадр маселесин да түп-тамырынан өзгөртүү талапка ылайык! С.Жээнбеков белгилеп кеткендей, азыркы күч органдарындагы жетекчилер коррупция менен күрөшө албайт. Анткени, алар “экс-президенттин буюртмасын аткарам” деп өздөрүнүн түздөн-түз иши көмүскөдө калды.
Касымкул Райымбек, жарандык активист:
“Президенттик айткандары ишенимсиздей көрүнөт”
- Бул маанилүү чоң жыйында президент тарабынан Кыргызстандын сот жана башка мамлекеттик органдарында коррупция бар экени, атүгүл мамлекеттик жетекчилер жансакчы менен жүрөөрү айтылыптыр. Мындай далилдер болгондон кийин, С.Жээнбеков президент катары мындай билдирүүлөрү жок эле тигил же бул мамлекеттик кызматтын жетекчисин кызматтан алып, же чара көрүп чечкиндүү кадамдарды жасаш керек эле. Ошондуктан президенттик айткандары ишенимсиздей көрүнөт. Бийлик тарабынан коомчулук менен байланыш жок. Коомчулуктун ордуна дежурный аналитиктери массалык маалымат каражаттары аркалуу бийликти мактап жатышат.
Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:
“Сооронбай Жээнбеков өз убадаларын аткарат деп ишенем”
- Сооронбай Жээнбеков өз убадаларын аткарат деп ишенем. Анткени, таза, иш билген инсан. Өкмөт башчы болуп турганда көп жакшы иштерди кылды, дагы да болсо талапты катуу коюп иштейт. Апрель элдик революциясынын максаттарын ишке ашырат деп ишенебиз. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Сооронбай Жээнбековдун иштерин колдойбуз жана кубаттайбыз.
Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан.” гезити, №05 (342), 14.02.2018-ж.