Жуурканыңа жараша бутуңду сун! 

 

Республикалык бюджет 2018-жылга 142.5 млрд. киреше, 163 млрд. сом чыгашасы менен кабыл алынды. Таңкыстыгы (дефицит) 20 млрд. сомдон ашык. Ошондой эле 2019-2020-жылдарга божомолдонгон бюджеттин көлөмү да, дефицити да ушул жылдын денгээлинде калат экен. Демек, чеке жылытаарлык жылыш күтүүгө болбойт. Тескерисинче, инфляция менен девальвацияны эске алсак, жакырчылыктын катмары калындай берет. Анткени, экономикабыздын абалын күндө көзгө сайып көрсөтүп турган инфлация менен девальвацияны күч менен кармап туруу мүмкүн эмес.

 

Экспорт импорттун үчтөн бирин түзөөрүн эске алсак, доллардын баасы турмушубузда кандай роль ойноору айтпаса да түшүнүктүү. Мамлекеттик бюджет импорттун, экономика мигранттардын кара күчүнүн көзүн карап калганда,Улуттук банктын (УБ) кымбатчылыкты интервенция жасап ооздуктоо аракети агымга каршы сүзүп жаткандай эле таасир калтырат. Карапайым элдин камын ойлоп, экономика үчүн жооптуу көрүнөт. Ырас, кан тамырда жүгүргөн кандай эле экономиканын каны да акча. Бирок, акча-кредит саясатын “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей, өз алдынча көз карандысыз укугуна ээ, кымбат насыя берип, сомдун курсунун өйдө-төмөн ойноосунан кызыл кулактык кылып пайда көрүп, кирешесин эселеп көбөйтүп жаткан Улуттук банк жана анын карамагындагы коммерциялык банктар жүргүзөт. УБ өз алдынча сомдун эмиссиясын да жүргүзө алат. Экономикага жооп бербеген бирок, өз алдынча акча саясатын жүргүзгөн УБтын иш-аракетинен логиканы көрө албайсың. Өткөн жылдын экинчи жарымында базардагы акча көлөмү 75 млрд. сомдон жыл аягында 86 млрд.га жеткен. Мындай 10 млрд. сомдон ашык акчаны араң жан экономикабыз сиңирмек турсун, кыл тамагынан да өткөрө албайт. Бул мезгилде доллардын баасы өсүп 1.5-2.0 сомго кымбаттап кетти. Кымбатчылыка өзү түрткү болгон УБ мындай жоругун кандай түшүнсөк болот? Ооба, экономиканы жандансын десек акча салуубуз керек бирок, ал каражат инфестиция болуш керек. Эгемендик алганы сомдун кунун түшүрбөө аракетин көрүү менен экономиканын колу-бутун тушап, алкымдан алып муунтуп келебиз. Акча саясаты башка көйгөйлөрдүн туундусу, эпкини гана. Экономикага инвестиция тартып, өндүрүшкө жан берип, элдин жашоо-турмушун оңоп, өсүп-өнүгөлү десек бийлик элдин көйгөйүнө жакын иш-пландарды колго алып, элге жүзүн буруу керек, “Кырк кадам”, “Таза коом” деген элдин мүдөө­­-талабынан алыс жомокту таңуулабай. “Ач кадырын ток билбейт” деген ушу.  Коомчулук кырк кадамды эмес бир-эки арыш болсо да алдыга илгерлөөнү, таза коомду эмес таза бийликти талап кылууда. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей өз мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалана албай элдин, келечек муундун эсебинен алынган насыяга жүзөгө ашчуу программаларга муктаж эмеспиз.

 

Бүгүн жүз миңдеген жарандарыбыз асманды чапчыган пайыз менен насыя алып, соода-сатык менен алектенип күн кечирип келет. Насыя берген банктар, микро-кредиттик компаниялар кара таман калктын канын кызылдай эле соруп жатышат. Ал эми жумушсуздук көйгөйү эмгек мигиранттарынын эсебинен жөнгө салынат деген терең жанылыштык. Экономиканын күрөө тамыры акча-кредит саясатын жүргүзгөн, океандын ары жагындагы Эл аралык валюта кору (МВФ), Дүйнөлүк банктын (ДБ) тескөөсүндө иш жүргүзгөн Улуттук банкты улуттук деп айтууга да ооз барбайт. МВФ, ДБ А.Акаевке миллардаган доллар насыя берип экономиканы либералдаштыруу, базар экономикасына өткөрүү, менчиктештирүү ишин жүргүздү. Союздан калган өнөр-жайды, өндүрүштү, айыл-чарбасын талатып-тонотуп, күлүн асманга сапыртты. Кытайга кара темирдин баасында сатылып кеткен станоктор өндүргөн товарды бүгүн кайра сатып алуудабыз. МВФ, ДБ, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (ВТО) доллардын эмиссиясын, эч нерсе менен бекемделбеген акчаны, башка өлкөлөргө кредит берип, адалдоо, мыйзамдаштыруу максатында түзүлгөн уюмдар. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан биринчилерден болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) да кирдик. Асмандан жааган акчага мас болуп, эйфорияга алдырган Акаевдин “Кыргызстанды демократия аралчасына, Швейцарияга айлантам”- дегенине да ишендик. Рынок экономикасынына биринчилерден болуп өткөнүбүз туура кадам болгонун тана албайбыз бирок, алган кредиттерин натыйжалуу пайдаланып, баштаган реформасынын өтөөсүнө чыгыш керек эле да. Жок дегенде пайдубалын  түптөп кетсе кана. Акаев бузуп салган айыл жеринин дыңы ошол бойдон жатат. Өнөр-жайдын тирилчүүдөй түрү жок. Болгон күчүн тоо-кен менен энергетикага тармагына салган экен кийинкилери да анын өрнөгүн улантып келет. “Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти, силерди Манас атанын арбагы урсун”- деген каргышы өз башына тийди көрүнөт. Анан Фридмандан монетардык, Шумпетерден “созидательное разрушение”, Кейнстандан дагы башкасын алдым дейт. Башка постсоветтик өлкөлөрдүн жетекчилери андай китеп окубай эле ушу күнгө чейин жакшынакай башкарып атышат.

 

Доллардын эмиссиясы Американын жогорку технологиялык экономикасына залакасын тийгизип атканын түшүнгөн Б.Обама 2014-жылы акча басып чыгарууну токтотуп койду. Акыркы 70 жылдагы экономикалык кризистер, көбүк акча менен дүйнө жүзүн желедей чырмап алган МВФ, ДБтын кызыл кулактыгынын кесепетинен болуп келет. Бирок, жарды экономикасы, чакан рыногу бар өлкөлөргө андай кризистин таасири деле тийбейт. Дүйнөлүк экономикадагы Кыргызстандын үлүшүн микроскоп менен да көрө албайсың. Биздин экономикадан 25 эсе күчтүү Оруссияныкы болгону 2.5 пайызды  гана түзөт. Анан бир нерсе болсо эле дүйнөлүк кризиске шылтамайды адат кылып алдык. Буга да жүйөлүү себеп бар. Анткени, капитализм эмес, феодализимди башынан кечирбеген өз үрп-адаты, каада-салты, нарк-насили менен көчмөндүк турмуштун күнүн көрүп келген элдин тарыхы, нечен кылым калыптанган батыштын эволюциялык жолун, баалуулуктарын тааный албай атат. Союздун берген илим-билимине, калтырган мүлк-байлыгына, эгемендүү мамлекет болгонубузга тобо дейли. Африка өлкөлөрүндөй артта калган, үчүнчү дүйнөдөгү мамлекеттердин катарына кирбей, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасына кошулуп калдык. Ошол эле Союздан калган, талкалап-бүлүнгөн экономикабыз, бюджеттин таңкыстыгын жаап гана койбой 2 эсеге көтөргөнгө дарамети жетет. Өлкөгө кирген товарлардын жарымын гана көрсөткөн бажыдагы жемкорлуктун бетин казактар ачып койду. Импорт менен экспорттун катышын эске алсак, бюджетти кыйгап кетип аткан акчанын көлөмү канча экени көрүнүп эле турбайбы. Ооба, импорттун эсебинен бюджетти толтуруп атканыбыз кандай өкүнүчтүү, кейиштүү. Азап-тозок, кан-жаныбыз менен тапкан акчабызды башка өлкөлөрдүн экономикасына салып берип жатабыз. Ал эми салык төлөмүндөгү, көмүскө экономикадагы, мамлекеттин бел-аркасы деген тоо-кен, энергетика тармагындагы коррупцияны кайда катабыз? Жемкорлук экономиканы мите курттай жеп, атаандаштыкты тизеге чаап, өндүрүштү өлөсөлү абалында кармап келет. Анан өкмөт кандай бюджет көтөрүп келсе да парламент кош колдоп жактырып берет. Себеби, депутаттардын көпчүлүгүнүн көмүскө бизнеси бар. Анан калса өз бизнестеринин кызыкчылыгы үчүн мыйзам токуп, кабыл алгандарын кантесиң. Мамлекеттик бюджет экономиканын эмес, коррупциянын көрсөткүчү болуп калганы качан. 2 млрд. доллар бюджети бар бирок, бир коргоо министирлиги, агенттиги, комитети, департаменти, вицеси, жардамчысы жана аткаминерлердин армиясы бар өлкө чанда болсо керек. А.Атамбаев президенттике баратканда “бюджетти 1.5-2.0 эсеге көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар”- деп айтканы бар. Бирок, өлкө казынасына эн чоң салымды Бакиев кошуп кетиптир. Акаевдин 500 миллион доллар бюджетин 3 эсеге б.а. 1.5 млрд. долларга көтөрүп, дефицитин жоюптур.  Атамбаевдин алты жылында бюджет 30-35 пайызга гана өсүп, жылына 20 млрд. сомдон ашык таңкыстыгы менен кабыл алынып, чет элдик грант-кредиттердин эсебинен жабылып келет. Өлүк жан экономикасы бар өлкө үчүн карызга алып аткан каражат аз акча эмес. Кирешебизге жараша чыгаша менен жашасак болбойбу?

 

Элдин мандай тери, ак эмгеги менен тапкан мамлекет казынасын да эч кимге ыраа көргүбүз келбейт. Акаев, Бакиев, Атамбаев алган чет элдик кредиттер максаттуу жумшалдыбы, натыйжалуу пайдаландыбы (?) деген суроо бүгүнкү күнгө чейин ачык бойдон калууда.  Тилекке каршы, мамлекет башчылары алган карыздарын кайтарып берүү булактарынын көзүн ача албай, экономикалык шарт, мүмкүнчүлүк түзө алышпай карапайым элдин, жаш муундардын мойнуна илип кетишти. Бүгүн ал карыздарды асмандаган пайыз менен насыя алып, сода-сатык менен күн кечирип жаткандар, бюджеттен жарыбаган айлык алгандар, өлбөстүн күнүн көргөн пенсионерлер, курсагы тоюнбаган кийими жука жаш балдар, кара курсактын айынан дүйнө безип кеткендер, дарыланууга акчасы жок оорулулар төлөп жатат. “Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт”- дегендей, мамлекет башчылары алмашкан менен саясий режим күчөп, коррупция “гүлдөп” гана келет. Жылдан-жылга жарды катмардын катары калыңдаганы калыңдаган. Анткени, айдан-айга, күндөн-күнгө өскөн кымбатчылыкты майтарганга бечел экономиканын алы келбей калды. Ошондой өлүк жан экономикабызга жөлөк-таяк кылган, мамлекеттин жүгүн тарткан  кембагалдар эмей ким? Мигранттар жиберген 2 млрд. доллар келбей же кескин азайып кетсе эмне болот? Эртең Оруссияда саясий-экономикалык кризис мындан да курчуп кетсе (кудай анын бетин ары кылсын) кандай болот? Азыр деле кыргыз бийлигинин Кремлге каш-кабагы өзгөрсө түшсө эле мигранттарды баса калып атышпайбы. Ал эми өздөрүн кыргыз саясий элитасы санагандар мансап, байлык талашуу кумары менен гана алек болуп келишет. Акылыбызга келбесек мамлекетибизди жоготуп алабыз байболгурлар.

 

Бүгүн Кыргызстанды “өз алдынча көзкарандысыз мамлекет” деп айтууга да ооз барбайт. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан абалы начар Кыргызстан эле калды. 2 миллиондой калкы бар Алматы шаарынын ИДПсы биздикинен 5 эсе көптүк кылат экен. Ал эми казак экономикасы 10 эсе бай. “Алардын нефти-газы бар”- деген шылтообуз даяр. Демек, алар жаратылыш байлыгын элинин, мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн пайдаланат экен да. Биздин байлыгыбыз алардыкынан ашса ашып түшөт, эгерим кем калбайт. Ошондуктан С.Жээнбековго Атамбаевдин гана эмес Бакиевдин, Акаевдин да мурасы калды. Эски көчтү улоого мезгил талабы, убакыт да жол бербейт. Муну өзгөрүүнү, жаңыланууну каалаган шайлоодогу элдин маанайы да айтып турат. Ооба, С.Жээнбеков А.Атамбаевдин досу, “мураскери” болсо да эл шайлаган мамлекет башчысы. Ошондуктан экс-президент элдин тандоосун сыйлап, моюн сунса коомчулук да тура кабыл алат. Атамбаевден мурас катары үзүрлүү иши калыш керек эле. Тилекке карышы, бюджетибиздин түрү, экономикабыздын кейпи башканы айтып турбайбы. Жылдан-жылга төлөөчү карызыбыздын суммасы көбөйө берет. Тешик бюджетибиз менен кантип төлөйбүз? Дагы элдин жонунан кайыш тилебизби? Же кен-байлыктарыбызды карматабызбы? С.Жээнбеков элдин кызыкчылыгын, мамлекет тагдырын ойлоп, жан үрөп иштеп, экономикабызга жан киргизип, улуттук лидерге айланса ал Атамбаевдин да ийгилиги болуш керек. “Мына менин досум, тандоомдон жанылбаптырмын”- деп сыймыктануу менен айтып жүргөнгө. Анан парламентти таратып кезексиз шайлоого баруунун зарылчылыгын көрбөй турам. Бюджетке дагы күч келбейби?  Көр оокаттын айынан баш көтөрө албаган эл деле саясаттан тажап бүттү. Качкын ажолордун  тырмоогун дагы басып “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” партияларындай СДПКга парламентти ээлетем дегени “туулбай жатып тумчугуп өлүптүр” кылып, партиялык системанын да таш-талканы чыгат го. Андай болсо СДПКны КПССке айлантып, бир партия менен эле жашаганыбыз оң. Баарыбызды жумуш, айлык менен камсыз кылып, бекер билим, дарылануу дегендей социализимдин жетишкендиктерин орнотсун. Партиянын атына жараша заты болуш керек да. “Саясий атаандаштык, системалык оппозиция жаралат” деген Конституциянын “атасы” Ө.Текебаев бүгүн кайда?  Эгемендик алганы саясат менен гана алпрушуп, экономиканы, мамлекет тагдырын ойлогон бирөө жарым чыкпай, убакыттан уттуруп койдук.

 

Ачык, укуктук, демократиялык коомго капитализм, базар экономикасы аркылуу жетишкен цивилдүү өлкөлөрдүн жолуна түшкөнүбүз менен тушоодогу аттын тушамышын чечип салсаң да бир топко аксап баскандай, басыгыбыз оңолбой атканын карачы… Бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошол кыртышыбыз кабылдабай аткан жаңы заманга ата-бабабыздын нарктуу, салтуу жолу менен гана баралабыз. Нечен кылым улут катары сактап келген тамырыбызды унутуп, архаикалык түшүнүктөй кабылдап, иллюзия менен жашап келгенибизди аңдап, көзүбүз жете баштады көрүнөт. Бүгүнкү саясий системадан, башкаруу бийлигинен көңүлдөрү калган эл президенттик бийликке ыктап турганын өткөн шайлоо да ырастап койду. “Көп суур ийин казбайт, ийин казса да терең казбайт”- дегендей, жоопкерчиликти акыры бирөө аркалаш керек да. “Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй”- деп бирөө айткандай, балким С.Жээнбеков көчтү түзөөр.

 

Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: