Мааракени утурлай... 

 

“Президент жана бомж” дүң болуп жүрүп атканда кинотеатрларга буга дейре тарыбаган мамлекеттик жетекчи кызматкерлер жайнап келишти. Мансапка аралашкандарга президенттин линиясы эң кызыктуу эле. Ал түгүл республиканын башкы жетекчилери да назар салышып, иликтөөгө алышты. Учурдагы да, мурдагы да президенттер кызыгышты. Бул кинону жазган сценарист жана тарттырган продюсер катары көптөр мага суроо салып атышты: “Президент – Акаевби, Бакиевби?”  дешип. “Алышбаев” дейм. “Акаевдин да, Бакиевдин да мүнөздөрү, кейипкери бар, баары аралашкан, жалпылаштырылган каарман” деп аттым.

 

Элдин назарын дуу бурганы – президентти Кыргыз эл артисти Марат Алышбаев катыра аткарган. “Акаевден да, Бакиевден да ашкан, түрү чындап келишкен татыктуу президент болуптур,”- дешти жабыла.

 

Казакстан, Россия – бир катар өлкөлөрдүн кино билермандары көрүшүп, бомжду Марат Жантелиев, бизнесменди Аскат Сулайманов, өзгөчө президентти – Марат аке бабына келтире ойногонуна тамшанышты.

 

“Мына, кыргыздын актёрлору! Кыйын!” деп кол чабышты казак, орус кино ишмерлери. “Кыргыздар сулуу калк болот турбайбы?”- дешкендери канча.

 

Сүймөнкул Чокморов тууралуу Жолон Мамытов: “Кыргыз өңү дүйнөгө Чокморовдун өңүндөй таанылды!” демекчи, кыргыз башчыларынын дидары четке Алышбаевдикиндей болуп тарады...

 

Президенттин ролуна а дегенде Байболов, Түлеев өңдүү саясатчыларды караштырууну ойлогом. Анткени, журт башчыны аткарыш үчүн бийликтик сүр керек. Алышбаевдин 20 чакты жыл театрды башкарып, жетекчиликке аралашып калганы да түрткү болду. Режиссёрубуз Ырыс Окенова экөөбүз шыр эле Марат акеге токтоп, сценарийди окутсак, “мыкты кино болчудай, жакшылап тартсаңар”,- деп баалуу акыл-кеңештерин айтты.

 

Премьера бүтөөрү менен Марат аке кубантты: “Буйруса, элдик кино болот!” деп. Ошол күндөн ушул күнгө чейин, беш жылдан ашык мезгилден бери Макем менин чыгармачылыктагы башкы кеңешчиме айланды. Андан кийин “Президент жана бомж-2ни” тартаарда режиссёр Аскат Сулайманов экөөбүз кыпылдап чоочудук. Анткени “Президент жана бомж” эл тарабынан өтө жогору бааланып, далай дуу-чуу жаратты. “Эми “Президент жана бомж-2” тасмабыз биринчибиздин деңгээлине жетпей, уят болбойбузбу?!” деп корктук. Башкы акылчыбыз – Алышбаев: “Уят болбойбуз! Бул өзүнчө мыкты тасма болот, буйруса!” деп дем берди.

 

“Москва сүйүүсүн”, “Миллионердин сүйүүсүн” да жазып бүтөөрү менен Марат акеме окутам. Омоктуу ойлорун, нарктуу акыл-кеңештерин айтат. Кудайга шүгүр, анчалык уятка кала электейбиз. “Москва сүйүүсүнө” Панкратов-Чёрный, Александр Песков, Лев Прыгунов, Бари Алибасов өңдүү орустун чыгаан актёрлору катышкан. Алар жана бир катар орус киночулары көрүшүп, түзүк баа беришти. Ал эми “Миллионердин сүйүүсү” жакында, бир айдан кийин Казакстандын көптөгөн кинотеатрларында коюлганы турат. Аны мен Назарбаев тууралуу кино тартып, мамлекеттик жетекчилери менен тааныш болуп калган үчүн эмес, базар шартына ылайык кинопрокатчылар көрүшүп, тасмабызга оң баа бергенден кийин гана жолу ачылды.

 

Жакында “Карахан таажысы, же алтындан кымбат махабат” аттуу көркөм фильмдин сценарийин жазып бүттүм. Дагы эле эң биринчи Марат акеме окуттум. “Кызыктуу экен” деди. Бул жолу Алышбаевге мурдагы Кыргызстан компартиясынын катчысынын, азыркы алтын кен комбинатынын директорунун ролун сунуштадым. Ал эми “Москва сүйүүсүндө” мурдагыдай эле Кыргызстандын президентинин, “Миллионердин сүйүүсүндө” болсо, табып-дербиштин ролун кадимкисинче бабына келтире ойногон.

 

Алышбаев – таланттуу, уникалдуу инсан. Мейли аракеч, мейли табып, мейли карапайым жумушчу, мейли эл башчы – кимдин болсун кейипкерин катырат. Өзгөчө президентти ойнош кыйын. Ошо “Президент жана бомжду” тартып атканда... Президенттин кортежи өтүүчү трассага келип чогулуп, Нариман Түлеев жиберчү кымбат баалуу машинелерди күтүп, шатыра-шатман түшө маектешип отурганбыз. Аңгыча машинелер келди. Маке брондолгон “Геликке” отурду. Камерасын алып оператор Санжар Абдыжапаров менен режиссёр Ырыс Окенова гана батты машинеге. Такай күйүп-бышып чогуу жүргөн көркөм жетекчи Нуртай Борбиев экөөбүз батпай сыртта калдык. Кайра-кайра, болжолу он чакты жолу кайталап тарттык кортеждин эпизодун... Ырыс күлүп келди: “Марат аке жанаа эле күлүп-жайнап жүрүп, машинеге отуруп, камера иштей баштаганда заматта тап-такыр башка олуттуу сүр күтүп, кадимки президент болуп калды” деп.

 

Мурда Макемди айылындагы келин-кесектер “артис аке” деп тергешчу экен. “Ой, Өмүрзак, сен жакшы кылбадыңбы, президентти жазып, анын ролун мага берип, келиндер “президент аке” деп калышты...” деп күлүп калат.

 

Макем китеп-гезит дегенди көп окуйт. Мен кээде гезиттерге интервью берип, түндө жазып, эртеменен кеч туруп калсам Марат аке ойготот: “Маегиңди окудум” деп.

 

Табият, Кудай даарыган жете акылдуу, көп окуп, тынбай изденген терең илим-билимдүү инсан. “Жогорку интеллект” деп коюшат эмеспи мындай адамдарды. Акыл-билимине шык дарамети, өң-келбети куп келишкен сейрек жаралчу ири талант ээсинин жарым кылымга жакын жараткан театрдагы керемет ролдорун башка кесиптештери айтышаар. Мен кинодо үзөнгүлөш жүрүп билген кино актёр Алышбаев тууралуу учкай баяндадым. Анткени ал киши 2017-жылдын 17-декабрында 70 жашка толуп атат. 70 жаш десе айрымдар ак сакалдуу карыяны элестетишет. Айтылуу Чыңгыз Айтматов 70ке чыкканда 90догу аксакал: “Чыңгыз, сен али жашсың!”- деди эле. Мен жакында Москвада дагы бир санаалаш, сырдаш кесиптешим, кино актёр театрынын көркөм жетекчиси, “Джентельмены удачи” баш болгон бир катар популярдуу кинолорго түшкөн Анатолий Яббаров 80ге чыкканына карабай кечинде жумуштан чыгып, түнкү 12ге чейин биз менен дуулдап отуруп, бир бөтөлкө аракты ичип, зыңгырап басып кеткен тыңдыгына суктангам... Анатолий Ахмедовичтин улуту азербайжан. Анын досу, улуту армян Армен Джигарханян болсо, 90 жаштан ашып, театрын дале ийгиликтүү башкарып жүрөт...

 

Жамы жумурай журтуна талыкпай рухий дөөлөт тартуулап келаткан элибиздин чыгаан ишмерине Жараткандан дагы узак жана байсалдуу өмүр-жаш тилеп, жаркыраган жаңы ролдорду күтүп туралы...

 

Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити, №57 (335), 13-декабрь 2017-ж.