Улут жүзү 

 

“Улуттун, мамлекеттин, элдин кадырын, тарыхтын, эркиндиктин баркын, баалууктун наркын биле турган коомду түзүшүбүз керек”- деген идея менен иш алып барган Элнура Кулуева менен Дана Абдыбекованын жасаган иштери мактоого арзыйт. Айталы дегенибиз, улуттук идеология ар бир кыргыздын көкүрөгүндө ойгонсун деген ниетте эки жылдан бери "Ак элечек айым", “Сүмөлөк” долбоорун ишке ашырып, элдин алкоосуна татып келет. Мамлекет көтөрө турган чоң жүктү мына ушул эки кыз эле көтөрүп, жер-жерлерди кыдырып, ак элечек кербенин да уюштурууга үлгүрүштү. Мындан ары да ушул сыймыгыбызды аздектеп, ар бир кыргыз үйүндө бирден элечек болуш үчүн жан үрөп иштейбиз деген чыгаан кыздарыбыздын эмгектери тууралуу азын оолак кеп кылалы деп чечип, айрым инсандарыбызга суроо салдык. Себеби, Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу жана Энелер күнүнө карата кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, адеп ыйман башаты Эне деген бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратып, элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү максатында, өлкөнүн өнүгүп- өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо ниетинде “Кыргызстан тынчтык чөлкөмү, Энелер тынчтык жарчысы, Энелер тилеги”- деген идеяны ишке ашырышты.   

 

Султан РАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

 

“Салт – кыргыз жаны”

 

- Кыргыз эли уникалдуу эл гана эмес, уникалдуу маданиятты алып жүргөн байыркы эл. Бирок, ошол уникалдуу маданияттын түпкү философиясын, идеясын, жалпы эле табият менен бекем жуурулушкан гармониясын эч бир илимий эмгек ачып бере элек. Этномаданият, бул эң оболу элдин ойлоо маданияты менен тыгыз байланышкан, ал гана эмес дүйнө түшүнүктөрү менен терең биргеликте каралып, улутка таандык өзгөчөлүктүн феномени катары өзгөчө кубулушка айланып келет. Башкасын албайлы, бир эле калпак менен элечектин түпкү маанисинде эчендеген аалам сырлары катылып жатат. Анын чекесин ачып бере элекпиз. Орустун улуу окумуштуу, этнографы Рындындин эмгегинде улуттук өнөргө өтө фундаменталдуу баа берилген эле. Ал изилдөө азыркы күндө жаңы кырларын ачып жатат. Кыргыз эли ааламдык түшүнүктөр менен ушунчалык гармонияда жашагандыгын, кыргыздын ойлоо туюму, өнөр чабыты космикалык дүйнөтаанымдар менен бирдей каралганы... улуу окмуштууну таң калтырган.

 

Акыркы жылдары улуттук көөнө маданиятка болгон жандануу күчөп баратат. Бул жакшы көрүнүш. Кыргыз кийимдери, эң оболу биздин нукура философиябыздын чагылышы, этно түшүнүгүбүз менен ойлообуздун өзгөчө көрүнүшү. Азыркы учурда эл арасында улутук нукура кийим маданиятына болгон кызыгуунун өзүндө, тек гана кыргыз кийимдеринин экзотикасы эмес, анын өзгөчөлөнгөн колорити, практикалык жана эстетикалык татымдары бир гана өзүбүздү гана эмес, дүйнөлүк кийим индустриясын да кызыктырып баратат. Азыркы мезгилде дүйнөлүк кийим тигүү, саркеч кийимдердин жаңы формасы менен мазмунун табуу, этно маданият менен модерн маданиятты жуурулуштуруп, ортосунан глобалдык моданын үлгүсүн чыгаруу аракети болуп жатат. Бул албетте, жакшы көрүнүш.

 

Кыргыз этномаданиятын жандандыруу, ага жаңы өң түс берүү, жалпы элди бул салтка көбүрөок аралаштыруу боюнча көп аракеттер жүрө баштады. Бул демилгенин флагманы катары улуттук маданиятты жайылтуу идясын көздөгөн коомдук уюмдар аракети өтө активдешүүдө. Коомдук активисттердин демилгеси менен бул жаатта бир кыйла алгылыктуу мисалдар бар. Ырасын айтуу керек, бул идеянын жаңылануусуна өлкөбүздө өткөрүлүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну жаңы дем берди. Өлкөбүздө “ак калпак”, “ак элечек” Күндөрү өткөрүлө баштады. Бул демилгенин азыркы шартта өзгөчө чоң мааниси бар. Азыркы күндө дүйнөдө бөтөн маданияттарды жайылтуу аракеттери активдүү жүрүп жатат. Маданий экспанция агымы билинбей кирип баратат. Ушул дүйнөлүк чакырыкка биз бир гана улут маданиятыбызга болгон мекенчил сезим менен гана туруштук бере алабыз. Бул жаатта биз айрыкча акыркы эки жыл аралыгында өз алдынча демилгелүү коомдук  уюм “Кыргыз тилектештигинин” ишмердүүлүгүн айтаар элек. Бул уюм акыркы эки жылда бир топ долбоорлорду турмушка ашырып, маданий иденттүүлүктү жайылтууда барандуу иштердин үстүнөн аракет кылып келет. Айрым, мамлекеттик органдар, уюмдар, бийлик структуралары жасай албай келген иштерди жасап олтуру. Бул жерден “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюмунун лидерлери Элнура Кулуева, Дана Абдыбекова барандуу иштерди жасады. “Ак элечек энелер”, “Кадырман ата-энелер”, “Нооруз” , “Кыргыз салты” ж.б. иш-чаралары жалпы элдик колдоого ээ болуп,  барган сайын улуттук брендге айланып баратат. Бул албетте, ар кимдин колунан келе бербеген чоң демилге. Мындай ишке, чыныгы өз элинин маданиятын, каада-салтын, ритуалдарын, көөнө дөөлөттөрүн сүйгөн, жогору сыйлаган адамдар гана чыныгы мекенчил сезим менен гана бара алат. Алар бул аракети менен улуттук байыркы маданиятыбызды даңазалап, маданияттын асыл үлгүлөрүн жайылтып жатат. Албетте, ар бир иш каражатты талап кылат. Бул кашкайган чындык. “Кыргыз тилектештиги” элдик колдоого ээ уюм, аны колдогон, аларды сүрөөгөн чыныгы мекенчил атуулдар бар. Ошолордун түздөн-түз колдоосу менен бул демилге жайылып келет.

 

 “Кыргыз тилектештиги” - жалпы улуттук тилектештикти идеал тутуп келет. Анткени, алар көтөрүп жаткан ыйык салттар, ал эң оболу улуттун жаны менен, деми менен, улуттук духу менен барабар түшүнүктөр.

 

Өзүн кыргызмын, мекенчилмин, улуттук духту бекем тутам деген адамдар гана бул – “Кыргыз тилектештик” уюмунун ишине тилектеш боло алат.

 

Курулай патриотизмден - чыныгы мекенчил сезимдин үлгүсүн көрсөтүп келген азыркынын Жаңыл Мырза кыздарын колодойлу, эгерде колдоп алууга күчүбүз жетпесе, алардын асыл оюна тоскоолдук бербейли. Бул да жакшы жардам, жакшы колдоо!..

 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:

 

“Сербейген эки кыз килейген министрликтин ишин жасап келатышат”

 

- Дана Абдыбекова, Элнура Кулуева деген сербейген эки кыз килейген министрлик жасай турган ишти жасап келатышат. “Ак элечек энелер” - деген чоң программа түзүшүп, бүт Кыргызстан боюнча өткөзүшүүдө. Улуттук киймибизди, анын ичинде элечек баркын канчалык бийик денгээлге көтөрүп коюшту. “Ак элечек энелер” жөн эле чогулуп элечектерин көрсөтүп жатышкан жок. Канчалаган улуттук нарк салттар козголууда. Улуттук кийимдердин баркы көтөрүлүүдө. Кыргыздар азыр көчөдө улуттук кийим менен жүрө баштады. Болбосо сахнадагы артистерден башка эч ким кийбей калган. Жазында “Сүмөлөк” конкурсун “Супара этнокомплексинде” өтө жогорку деңгээлде өткөзүштү. Республиканын бүт аймагынан катышты. Чыныгы сүмөлөк кандай жасалаарын даңазалашты. Жакында эле “Элүү жыл бирге жашаган түгөйлөр”- деген чоң иш-чараны ишке ашырышты. Канчалаган түгөйлөр катышты. Мунун кийинки муундарга калтыраар тарбиялык мааниси эле канча. 


Эми ушул экөнү көрө албагандар чыга баштады. Туура, мындай чоң иш-чараларды өткөзүүгө каражат керек. Каражатсыз маршрутка менен бир аялдамадан экинчисине да бара албайсың. Өздөрү издеп спонсор таап, өткөрүп атышат да. Элге экөөндөй эмгек кылганды кой, “куурай башын сындырбагандар” өздөрү жасай албай, жасагандарды көрө албай ичтери күйүп, ушак кылганга өтүштү окшойт. Ушак айтаардан мурда “ушулардай элге эмгек кылганды кой мурдумду таза аарчый аламбы?” -деп ойлоп коюшса болмок.


Ошончо эле күйүп кеткен энелер болсо өздөрү чыкпайбы, коргоочу жалдабай.
 

Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер:

 

Бул долбоорлор эл аралык коомчулукка, дипломаттарга дагы жакшы таасир берди

 

- Элнура Кулуеваны мен көптөн бери жакшы жагынан тааныйм. Менин оюмча кыргыздын мыкты чыгаан кыздарынын бири. Журналист, башкы редактор катарында өзүнүн чындык сөздөрүн, акыл оюн , так жана таамай айтып келе жатат.

Коомдук ишмер катарында элибизге үлгү көрсөтүп, кыргыздын каада салтын, наркын даңазалап, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлорду ишке ашырып, коомго сүмөлөк жана ак элечек долбоорлорун тартуулап, демилге көтөрүп, кыргыз элинин патриоту экенин көрсөттү. Менин билишимче бул долбоорлор эл аралык коомчулукка, дипломаттарга дагы жакшы таасир берди. Элибизди биримдикке чакырган, кийинки муундарга керез катарында каада салтыбызды, тарыхыбызды даңазалаган манилүү долбоолор Элнура Кулуева, Дана Абдыбекова баштаган кыздардын тобуна элибиздин атынан терең ыраазычылык билдиришибиз керек. Мындай долбоолорго коомубуз муктаж.

 

Турдукан Жумабекова, экс-депутат:

 

“Өз улуттук баалуулуктарын калыптандыра албаган улут - жемиш бербеген дарак сыяктуу”

 

- Улуттук баалуулуктарыбыз күн өткөн сайын жок болуп унутулуп бараткан мезгилде Элнура Кулуева менен Дана Абдыбекованын көтөргөн демилгеси мактоого арзырлык. Анткени, ушул улуттук баалуулуктар мамлекеттин өнүгүп өсүшүнө чоң салымын кошот.


Баалуулуктар, коомдун жана улуттун бешигинде өнүгүп жаралат. Өз улуттук баалуулуктарын калыптандыра албаган жана жоготуп койгон улут, жемиш бербеген же аны жоготкон дарак сыяктуу. Ар бир кыргыз ата-бабалардын салтын үрп-адатын билип, кийинки муунга өткөрүп берүүсү керек. Себеби, элди эл кылган, жана башка элдерден улуттук баалуулуктар гана айырмалатат. Дагы бир улуттук баалугубузду даңазалап, элди ынтымакка чакырган демилгенин бири “Сүмөлөк” фестивалы. Эки чыканактай кыз эки жылдан бери ак элечек айымдар эле эмес, “Сүмөлөк” фестивалын да уюштуруп жатышат. 40 казанда кайнаган сүмөлөк бир уучтан кошулуп, кыргыз ордосундагы бир казанга улуу биримдик, улуу ынтымак үчүн салынып, бир заматта элди бир атанын балдырындай бириктиргенине күбө болп жүрөбүз. Кыскасы, Элнура менен Дана билген, түшүнгөн кишиге кыргыз ынтымагы үчүн да жан үрөп, жоктон бар кылып, чоң улуттук идеология менен баш оорутуп, элди, коомду биримдиккке чакырууга чоң салым кошуп жүрүшөт. Мен ушул эки кыздын баа жеткис эмгегине таазим кылам. Жана аны башкалар да түшүнүп, колдоого алышын суранам.

 

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

 

Энесинин кадырын билбегендер ак элечектин баркын билбейт!

 

- Элнура менен Дананын минден ашык апаларга тартуулаган майрамдарынан бир көз ирмем өмүр бою көз алдымда калды. Салтуу традицияларга кайрылып келгенге жол ачкан кыздарыбызга чын жүрөктөн таазим кылам. Бул биздин кылымдан кылымга кеткен апаларыбыздын аялзатынын даражалуулугунун символу болду десем жаңылышпайм. Энесинин кадырын билбегендер ак элечектин баркын билбейт! Мамлекет алып бара албаган ишти карапайым эки кызыбыз мамлекеттин деңгээлине көтөргөнгө сыймыктанам. Алга кыздар, силердин эмгегиңер элибиздин келечегине, түптүүлүгүнө салымын кошуп, кыргыздын кыргыздыгын сактап калат. Түшкө эмне кирбейт, душман эмне дебейт. Биздин кыздар дайыма элди ар кандай ички тышкы саясий кол салуулардан сактап келген. Ак элечекке так жукпайт!

 

Сурат Жылкычиев, журналист:

 

“Эркектердин колунан келбеген иштердин майын чыгара иштеп келатышат”

 

- Элнура Кулуева менен Дана Абдыбекова айымдар биргелешип "Ак элечек", "Сүмөлөк" жана "Алтын той" аттуу ж.б. улуттук долбоорлордун үстүндө бери жагы беш жыл, ары жагы алты жылдан бери жөн эле иштебей, эркектердин колунан келбеген иштердин майын чыгара иштеп келатышат. Булар бир эле жылы иштеп, анан таштап койгон жок. Ар жыл сайын ар бир долбоордун өркүндөтүлгөн варианттарын элге, коомчулукка сунуштап, калайык калктын алкышына татууда. Эң кызыгы ушул эки айымдын кылып аткан иштерин мамлекет демилгелеп, мамлекет жасаш керек эле. Мейли жасабаса да ушулардын эмгегин баалап, материалдык колдоо кылып койсо жакшы болот беле деген тилек айткым келет. Албетте, ар бир алгылыктуу долбоорлору тууралуу айта берсе сөз көп учурдан пайдаланып эки айымга бекем ден соолук, кажыбас кайрат, эркектер кыла албаган иштериңер элге сиңе берсин демекчимин, бар болгула!

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж