Айрым башоорутмалар 

 

Быйылкы жылдын эң башкы иш-чарасы – президентти шайлоо өнөктүгү тынч өтүп, элдин көп добушун алган  талапкер мамлекет башчылыгына шайланды. Шайлоонун жүрүшүндө атаандашкан тараптар жеңишке жетишүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонду. Добуш сатып алуулардын орун алганы билинип калды. Мындан башка, адаттан тышкары үгүт иштери да болду. Атап айтканда, президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн ыйгарым укугун артыкча пайдаланып, өз мураскери, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан сунушталган Сооронбай Жээнбековду алга сүрөп, көп аракеттерди жасады.

 

Мамлекет башчысы “президент катары эл менен коштошуп жатам”,- деп шайлоо алдындагы күндөрдө республиканын жети дубанын түрө кыдырып чыкты. Ачыгын айтканда, эл менен “коштошууга” дагы да бир жарым ай убакыт бар болчу. Бул кыдыруу үгүт иштерин жүргүзүүгө керек эле. Ал эл менен жолугушууларда өз сөзү менен Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабановдун аброюн  түшүрүү менен болду. Мында адамгерчилик этика сакталбай калды.

 

Өмүрбек Бабанов боюнча сөздөр биздин ички саясатыбыз дейли. Бирок, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайра-кайра тийише бергенден эмне уттук? Анын үстүнө, “шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөдө баш аламандык болуп кетиши мүмкүн”,- деген шылтоо менен Алмазбек Атамбаев Сочидеги шериктеш мамлекеттердин башчыларынын саммитине баруудан баш тартты. Президенттин ушул шылтоосу казакстандык чек арачыларга көзөмөлдү күчөтүүгө өбөлгө түзүп берди. Арада карапайым эл жана жүк ташыган ишкерлер жапа чекти. Мунун залакасын эл азыр да көрүп жатат. Эң жаманы – кыргыз менен казак элинин ортосундагы моралдык абал начарлады, эки элдин ортосуна шынаа кагылды. Башка өлкөлөр менен карым-катнашты бекемдөө – мамлекет башчысынын ыйык милдети. Бирок, биздин президентибиздин аракеттери тескерисинче болду. Өзү баш болуп, Казакстан менен арадагы мамилени суутту. Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевга карата акарат сөздөрүн мурда да айтып келген. Н.Назарбаев тим коюп, байкамаксан болгон.

 

Өмүрбек Бабановдун Казакстанга барып, эл башчысы менен жолугушуусу Алмазбек Атамбаевдин кыжырына катуу тийген окшойт. Эми ал Бабанов тууралуу айтканда, ага казак эл башчысын кошуп сүйлөй турган болду. Нурсултан Назарбаев Казакстанга иш сапар менен барган Сооронбай Жээнбековду 14-августта кабыл алып, жылуу маанайда сүйлөшкөн. КСДП анын талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтө турганын 17-майда эле жарыялаган. С.Жээнбековдун Н.Назарбаев менен жолугушуусу Бабановдукундай кызуу талкууга алынган эмес. Кыргыз бийлиги “казак президенти Ө.Бабановго колдоо көрсөтүп жатат”,- деп өзүлөрү отко май куйгандай болду. Н.Назарбаев кайсы гана үмүткөр менен жолугушса да, ага ийгилик каламак, башкача болушу мүмкүн эмес.

 

Элибизде “кыргыз-казак бир тууган”- деген жакшы макал бар. Атактуу манасчыларыбыз руханий асыл казынабыз «Манас» дастанында да ушул макалды ыр саптарына кошуптур. Бир атым насывайдан көңүлү калган кыргыз менен казакта кээде бир атанын балдары да өз ара иренжишип, эртеңине жарашып жатышат. Алар такыр ажырап кете алышпайт. Кыргыз менен казактын ортосунда түзүлгөн азыркы абалды да ушундай утурумдук көрүнүш деп билгенибиз жөн болор. Карапайым эл өз ара жакшы мамиледе болууну каалайт.

 

Дагы бир кеп, А.Атамбаевдин казактын ханы Кененсары тууралуу айтканы. Менимче, “казактын акыркы ханынын башын биз алганбыз”- деген өңүттөгү сөзү мамлекет башчысынын айта турган сөзү эмес. Согуш бар жерде жеңүү бар, жеңилүү бар, бүтүм бар. 170 жыл мурунку тарыхка барбай эле, 71 жыл мурун аяктаган Улуу Ата Мекендик согушта эң чоң кыргынга учураган орус калкынын кайсы башчысы немис элин “силер бизди ошенткенсиңер”- деп тукуруп сөз айтты.

 

Кененсары казактын биримдиги, азаттыгы үчүн күрөшкөн ханы, сыймыктуу инсаны катары казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында кала берет. Азыркы учурда казак тараптан “Кененсары маселеси” боюнча кыргыз-казак коомчулугу биргелешип жыйын өткөрүп, бул көйгөйгө чекит коюп, анын белгиси иретинде Кордойдогу кыргыз-казак чек арасына эки элдин биримдигин даңазалаган эстелик-монумент тургузалы деген коомдук пикирлер айтыла баштады.

 

Жакында жаңы президенттин такка отуруп, өз ишмердигин баштайт. Мамлекет башчысынын чет өлкөлөргө сапарлары башталат. Сооронбай Жээнбеков алгачкы сапарын Казакстанга баруудан баштаса деген тилегибиз бар. Андай болгондо, бул сапар кыргыз-казак достугун кайра бекемдөөгө багытталган символикалык жакшы жышаан болуп бере эле.                            

 

 

Аймамбет ЭРБОЛОТОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити