Мен өлбөгөм Чоң Казатта найзадан,

Мен өлгөмүн эки эл деген сүйүүмдөн!  

 

Сөздү “Зайыпзаттын пашаасы, кең көйнөктүн тазасы, кара сурдун сулуусу, адамзаттын нурдуусу” Каныкейден баштоого туура келет. Каныкей өзүнүн жан-жаратылышы боюнча гуманист, жүрөгү сүйүүгө жана мээримге толгон аялзаты. Ал түпкүлүгүндө бүт жан  дүйнөсү менен согушка каршы. Адамдын канын төгүп, жанын сууруган согуштун акыр түбү жеңген тарапка да кайгы экенин тереңинде жакшы түшүнөт. Каныкейдин өзү каалабаган нерсеге даярдык көрүшү (кырк чоронун согуштук кийими, аскерлердин дары-дармектери, курал-жарактары) – бул ошол жоокердик доордун адамга тартуулаган чечилгис карама-каршылыгынан туулган мажбурлук. Бул көйгөйдү да кайран жеңең Каныкей акылы менен аңдабай койбогон. Ошол түпкүлүгүндө согуштун адам пендесине каршы жамандык экенин түшүнгөн Каныкей кыргызга күн көрсөтпөгөн жоого каршы аттанган Манастын ишинин түпкүлүгү ак экендигине көзү жетсе да (“Калмактар айлым таласа, кандайча кайрат кылбаймын” - Манас.),  баары бир жан тереңинде Чоң Казатты кабыл албайт. Бээжинге барып, “алакандай кайран эл, бекер кыргын болбосун”- деп Чоң Казаттын барып-барып, акыры кыргызга алып келээр кесепетин алдын ала сезип, ичинен катуу санааркап, Каныкей Алманбеттин алдында буркурап жашын төгөт. “Таянар жалгыз төрөмдү, жаман жолго жөнөлдү, жанын тирүү көрөмбү, айрылып алып арстандан,  арманда бойдон өлөмбү?”- деп катуу толгонот.

 

Картинки по запросу Чон казат

 

Манастын Бээжинди каратып, ал жакта кандык такка отурганда оорукта жаткан Каныкей мындан бир жаман нерсенин жышаанын туюп: “Бээжинди билди дегиче, мейнетти билди десеңчи, алтын так минди дегиче, ажалды минди десеңчи”,- деп, катуу бейпайга түшүп, тез артка кайтышын өтүнүп, баатырына кат жөнөтөт. “Казып койгон ору бар, кайнатылуу шору бар, кара таандай жайнаган, кара курттай кайнаган” калмак-кытайдын эл-жерине күч менен падыша болуунун акыры кайгы менен бүтөөрүн, жеңгендердин бийлиги жеңилгендердин жең ичинен өч алуу кыймылын жаратаарын,  жаңы согуштун оту кайрадан тутанарын, анын кыргыз үчүн да, кытай үчүн да түгөнгүс азаптын очогуна айланарын кайран жеңең Каныкей аңдап турат.

 

Чоң Казаттын алдында “алакандай кайран эл бекер кыргын болбосун” деп чырылдап-чыркыраган Каныкейдики ырас болуп чыкты. Кыргыздардын кытайдын үстүнөн болгон жеңиши акыры барып кандай натыйжага алып келгендигин Чоң Казаттын акыркы финалы кашкайта айкындап турат. Оор жарадар болуп, жандай көргөн баатырларынан, сандаган аскеринен ажырап, Таласка кайтып келип, Алманбет Чубактын ордосуна келип түшүп, Аруукенин алдында Манастын кан жутуп өксөп турган кырдаалы эпостун трагизминин эң жогорку чекке чейин чыккан бийик чокуларынын бири:

                     Аккула окко учурдум, аяш!

                     Алтын айдар, чок белбоо

                     Алманбет шейит кетирдим, аяш!

                     Канатымдан кайрылдым, аяш!

                     Мен калмакты көздөй жол чалдым, аяш!

                     Бээлесе, жанга табылбас,

                     Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш!

                     Мен канатым окко жулдурдум, аяш!

                     Кабыландан айрылып,

                     Мен каран күн жанды тындырдым, аяш!

                     Тебэлеп келген калмактан

                     Намысым кайрып мен алдым, аяш!

                     Эл намысы деп жүрүп, аяш!

                     Мен эгиздерди жеп алдым, аяш!

                     Мен канатым өрткө алдырдым, аяш!

                     Кабыландын баарысын

                     Мен Каканчыга алдырдым, аяш!

                     Эгиз козу түгөйүн,

                     Экөөнү катар жеп алып,

                     Мен өлбөй кантип жүрөмүн, аяш?!

 

Манас ушинтип өксөп турганда, анын Чоң Казаттан кантип кайтып келгенин көргөндө, калайык-калктын баары, жашынан карысына чейин чуркурап ыйлап, кайгыга малынып, кара кийип, аза күтөт. Бул окуя “Манаста” мындайча сүрөттөлөт:

 

                     Кабылан Манас минтип турганда,

                     Кайың ыйлап, тал ыйлап,

                     Ошондо калайык журттун баары ыйлап,

                     Кызыл кырчын кыз балдар

                     Кызылдан кара кийишип,

                     Кырк токтолгон катындар

                     Карадан кара кийишип,

                     Токсондогу чал ыйлап,

                     Толгон журттун баары ыйлап,

                     Ошондо он экиде жаш ыйлап,

                     Боору жетик эр ыйлап,

                     Аза күттү зар ыйлап,

                     Арыстандын чоролору баары ыйлап.

 

Ыйлаган элдин ичинен өзгөчө Алманбет, Чубак, Сыргактын үч зайыбы жандарын коёрго жер таппай чыркырап ыйлашып, ай чырайлуу беттерин тытып, арстандар ала жаткыла деп бакырышып, жүздөрү канга боёлгон бойдон Манаска карашып: “Баатыр-ай, абайлабай чалдырдың, Алманбет, Чубак шериңди, баатыр-ай, кангайга белек алдырдың, аяш-жан кыйналбай, эсен келдиңби, кадырлуу шердин баарысын, аяш-жан, Каңгайга белек бердиңби?!”- дегенде, Манас не дээрин билбей, көздөрү алайып, тилден калып, шалдаят. Силер тирүү барда неге өлбөдүм, “Алманбет, Чубак ала жат!” деп, “баатырың өкүрүп алган аңгырап”...

 

Жан дүйнөнү титиреткен бул окуя өзүнүн трагедиялык күчү, сөздөрдүн жүрөктү жарып чыккандыгы, эмоциялык таасирдүүлүгү жагынан эпостогу эң күчтүү сюжеттик мерчемдердин бири болуп эсептелет. Ал эми өзүнүн дарамалуулугу жана образдык кудурети боюнча Манастын жогорудагы Аруукеге кайрылып айткан монологу адабиятта сейрек кездешкен кайталангыс монологдордун бири десек жаңылбас элек. 19-кылымда жашап өткөн атактуу Арстанбектин ыр менен айтып калтырган сөзүнө караганда, Акылбек аттуу чоң манасчы “Манастын” “Чоң Казатынын” ушул финалын айтканда, ыйлабаган эл калчу эмес экен. 

 

Эпостогу “Чоң Казаттын” трагедиялуу финалы жана казатта алган жаракатынан улам болгон Манастын өлүмү өзүнүн тереңге катылган подтексттик мааниси менен кээ бир философиялык жыйынтыктарды жасоого өзүнөн өзү чакырып турат. Ырас, Манас өзү айткандай, “тебелеп келген калмактан, намысын кайрып алуу үчүн, эл намысы үчүн” Бээжинге Чоң Казат, чоң жортуул баштаган. Чоң Казат баскынчылык жортуул беле? Маселенин тереңин дагы да айкын туюнуш үчүн мына мобуга көңүл буралы. Шапак Рысмендеевдин вариантында “Алты хан” аскери менен Таласка келип, жалпы эл чогулган жыйында Манас сөзүн калмак-кытайдан баштап мындай дейт:

Кечээ Көкөтөйдүн ашында, 
Унутулгус иш кылды.
Талап алды айылымды,
Өлтүрүп кетти бегимди,
Уктуңарбы кебимди,
Таап кетти эбимди.
Бээжиндеги Коңурбай
Канды казат кылалы.
Мелтиреген тозоктон,
Жанды азат кылалы.
Дүүлдөгөн Кытайга,
Жүрүп казат кылалы.
Дүркүрөгөн тозоктон,
Жанды азат кылалы.

 

Манастын бул сөзүнөн кандай ойду, философияны туюнууга болот? Көрсө, кыргыз көз карандысыздыкка жетишип, башы азат болгону менен жаны азат боло элек экен. Өзү тышынан эркин болгону менен жаны эркин эмес экен. Ырасында эле, жаныңдагы үстөмчүл империя күнкөрсуздугуңду моюнга албай, кайра кылычын кесеп, дайыма чабуул коюуга ыкыс берип турса, кантип санаасыз жашайсың, кантип жаның азат болот, кантип   өзүңдү эркин сезесиң? Азаттыктамын деп кантип бейпил жатасың? Бул жерде кыргыздын жан дүйнөсү кыйналып жатпайбы. Жан дүйнө тынч алып, уктабай жатпайбы. Мына ошон үчүн Манастын жалпы элге “жанды азат кылалы” деген кайрылуусунда чоң философиялык маани жатат. Чыныгы азаттыкка жетишүү үчүн, эркин жүрүп, эркин уктап, жанды жай алдыруу үчүн маңдай жагыңда тишин кайрап, арстандай сени карай секирүүгө даяр турган жоонун, башкача айтканда, калмак-кытай феодалдарынын согуштук машинасын өз уюгунда кыйратуу, тынчытуу абзел. Кытайда да, кыргызда да санаасыз бейпилчилик турмушту орнотуу милдети алдыга “айкүрүнөн” туруп калды. “Чоң казат” зарылчылыктан чыкты. Мына ушинтип, Бээжинге карай жасалган “Чоң казат” жүрүшү Манас  үчүн биротоло азат болуу үчүн буга чейин жүргүзүлгөн боштондук согушту аягына чыгаруу зарылчылыгы катары туюнулган. Мына ошентип, Манастын мүдөөсү кыргызга күн көрсөтпөй келген жоону бир жаңсыл кылып жеңип, согушту бүтүрүп,  түпкүлүгүндө, дагы айталы, эки элдин ортосунда эзелден эңсеп келген тынчтыкты орнотуу болгон. Алманбеттин да түпкү мүдөөсү эмнеде болгондугун 21-кылымда акын жазган төмөнкү поэтикалык саптардан таамай көрүнөт. “Алманбеттин монологу”: 

- Эки элге тең эркиндик деп жүгүргөм,

Кыргыз деп да, кытай деп да бүлүнгөм.

Мен өлбөгөм Чоң Казатта найзадан,

Мен өлгөмүн эки эл деген сүйүүмдөн!    

 

Алманбет өз мекенине каршы барган эмес. Зилинде Алманбеттин түпкү мүдөөсү карапайым, эмгекчил кытай элин деспоттордон жана феодал-тирандардан куткаруу болгон. Мындай ой-мүдөөлөр эпосто ачык декларацияланбайт. Бул максаттар эпостун подтекстинде көмүскө бугуп жаткандыгын аңдап - туюнушубуз керек. Чоң Казат кыргыздардын баскынчылык согушу болбогон. Бирок Чоң Казаттын түпкү мүдөөсү акыйкат болсо да, буга карабастан акыры бул жортуул кыргыздар үчүн да, кытай-калмактар үчүн да кыйроо менен аяктады.

 

Кыргыз кинорежиссеру, маркум Мелис Убукеевдин “Манас” өз доорунун  трагедиясы, өзүнүн сырткы структуралык түзүлүшү, ички мазмуну боюнча “Манас” эпосу эң бийик адабий жанрга, тагыраак айтканда, трагедияга кирет” (Алатоо, №1, 1995, 136-бет) деген сөзү чындык деп  айтпай коё албайбыз. Кытай илимпозу Лаң Йиң да “Манас” эпосун бийик трагедия, трагедиялык чыгарма деп аныктап, мындай терең мазмундагы трагедиялык бийиктик дүйнөдөгү башка эпостордо чанда кездешерин белгилеп, “Манастын” өлбөй-өчпөй эл жүрөгүн толкундатып келе жатышынын тамыры ошол улуу трагедиялык мазмунда жатат деген жыйынтык чыгарат. (Караңыз: Кыргыздар, IV том, 230-бет).

 

Жогоруда  Манастын “Чоң Казатынын” түпкү мүдөөсү эки элдин ортосунда тынчтыкты, калктар аралык бейпилчилдикти орнотуу болгон деп айтылды. Ушул мүдөөгө байланыштуу Ф.Энгельстин илгерки жоокердик доор жөнүндө төмөнкүдөй деп жазганы эске түшөт: “Системалуу түрдө талоончулукка айланган согуштардын доору, ал кезде согуш жана согушка камылга элдик турмуштун кадимки функцияларына айланган” (Маркс К. Энгельс Ф. Чыт., 4-том, 205-бет.). Бул жерде кеп бир өлкөдөгү же бир аймактагы абал жөнүндө эмес, кеп жалпы эле доордун, замандын абалы, мүнөзү ушундай экендиги жөнүндө болуп жатат. Согуш жана согушка камынуу элдик турмуштун кадимки функциясына айланып калса, анда мындай доордо элдер ортосунда «кой үстүндө торгой жумурткалаган» тынчтыкты орнотуу жөнүндөгү Манастын мүдөөсү жана кыялы реалдуу түрдө ишке ашышы мүмкүнбү? Бул жерде эч нерседен жалтанбаган жана өжөрлөнүп максат кууган шер Манастын субьективдүү эрки, каалоолору менен  жоокердик доордо түзүлгөн, Ф.Энгельс жанагинтип таамай белгилеп отурган объективдүү шарттардын ортосундагы чечилгис карама-каршылык жатат.

 

Манас трагикалык каарман. Эл-жерди коргоонун, жеңишке жетишүүнүн, жоолашкан калктардын ортосунда тынчтыкты орнотуунун зарылдыгы жөнүндөгү эр Манастын патриоттук, гуманисттик идеалдары менен ал идеал-тилектерди тынымсыз согуштардын доору болуп эсептелген жоокерчилик заманда ишке ашыруунун кыйынчылыгынын ортосундагы карама-каршылык акыры кайгылуу финалга-баатырдын өлүмүнө алып келди.

 

Чындыкты, акыйкатты калыбына келтирүү үчүн күрөшкөн Шекспирдин Гамлетинин трагедиясы анын Король Клавдий өлгөндөн кийин деле бүтүндөй өлкө түрмө бойдон кала берерлигин туюнуп, айласыз туюкка кептелгендигинде болгон. Гамлеттин жарыкты издеген аракет –умтулуусу, үмүт-тилеги, эрк-кайраты менен бүтүндөй орто кылым доорун каптап жаткан караңгылыктын ортосундагы карама-каршылыктын чечилгис түйүнү геройдун өлүмүнө алып келди. Трагизмди образдуу туюндуруу үчүн момундай мисалды айталы. Бүтүндөй  океанды каптап жаткан музду эритип жок кылуу үчүн аттанып чыккан  Түндүктөгү баатыр ак аюунун күрөшү жеңиш менен аякташы мүмкүнбү? Бийик трагедия жанрынын өзгөчөлүгү, дагы айталы, анын сюжетинин адат катары ар дайым замандын чечилгис карама-каршылыгынын негизделгендигинде. “Трагедия и есть такая форма драматургического жанра, которая характеризуется изображением безвыходного противоречия, в результате которого борьба, положенная в основу сюжета кончается гибелью героя” (Адабият теориясынан).

 

Трагедиянын күчү – өмүрдү өчүрүп өксөткөн кайгысында, жүрөктү мыкчыган муң-зарында эмес, трагедиянын күчү зилинде окурмандын жан дүйнөсүнүн тереңине шоола чачкан оптимисттик духунда. Беттегенинен кайтпаган, жалтанбас, тайманбас БҮРКҮТ көктөн канатын куушуруп, октой учуп келип, жакшылыктын жолун тоскон асман тиреген гранит асканы боорго тебет. Асканын боору урап түшөт, бирок ал жыгылбайт, кулабайт. Мурдагы кебелбеген калыбында кала берет. Бүркүттүн өзү өлөт.

 

Анткен менен бүркүттүн жамандык менен күрөшүүдөгү жалтанбас каармандыгы, адилетсиздикке каршы бунту, багынбас духу, майтарылбас эрки, максат кууган көктүгү, чындык деп чыркыраган таза жан дүйнөсү, жалпынын бактысы үчүн жанын кыйган эрдиги тирүүлөрдүн алдында факел болуп жагылып, алар үчүн өлбөс-өчпөс өрнөк болуп кала берет. Трагедиялык чыгарманын гуманисттик маңызы дал ушунда. Трагедиянын көркөмдүк-эстетикалык кубаты - Адамдын жеңилбес рухуна  жана ал рухтун караңгыны көзөп өткөн ак шооласынын өлбөс күчүнө ишенимди жараткандыгында.

 

Ырас, Манас Атанын баатырдык трагедиялуу өлүмүнөн кийин жоокердик доордун бүтпөгөн согуштары, түгөнгүс чабыштары, кан төгүүлөрү кайрадан башталды. Доордун мындай согушчул катаал мүнөзүнүн айынан кыргыз эли кайрадан чабылып-чачылып, мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, кайрадан эркиндик үчүн кылымдарга созулган узак күрөштөрдүн азаптуу жолуна түштү. Бирок Манас атабыздын айласыз туюкту жарып өтүүгө умтулган героизми, бир кездеги чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган  мекенчил каармандыгы, «кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» эрдиги,  калк аралык тынчтыкты орнотуу үчүн  болгон күрөшү, адилеттүүлүк үчүн башын канжыгага байлаган арстандыгы жана шердиги урпактар үчүн ак жаркын үлгү, унутулгус таалим, айтып бүткүс тарых болуп жашап калды. Эркиндик үчүн, аман сакталып калуу үчүн болгон күрөштө трагикалык каарман - Манас Атанын өрнөгү ак калпак кыргыздын ич жактан шыктандыруучу күчүнө жана колдоочусуна айланды. “Манас” трагедиясынын күчү жана өлбөстүгү ушунда.  “Эпос ушундай финалына, жыйынтыгына карабастан, бийик гуманизм идеясын бекемдеген, адамды сүйүү, адамды баалоо, коом турмушунун эң бийик ыймандык нормасы экенин бекемдеген дүйнөлүк гениалдуу эпостун катарына кирет” (Ч.Айтматов).

 

“Манас” трагедиясынын дагы бир философиясын айта өтөлү. “Чоң Казат” трагедиясы согуш-бул антигумандуу нерсе, ал калктардын ортосундагы тынчтыкты орнотуунун жолу эмес, элдердин ортосундагы мамилелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуунун артыкчылыктуулугу жөнүндөгү даанышман логиканы астыртан адамзатка ишаралап турат. Мындай идея айрыкча Манастын “Көкөтөйдүн ашы” бөлүмүндө даана көрүнөт. Ар жакта жашаган, ар түркүн тилде сүйлөгөн  ар башка калктарды Каркырага чакырып, тынчтык мүнөздөгү спорт мелдештерин өткөрүп, ак дасторкондун үстүндө даам сызууга отургузган “Көкөтөйдүн ашы”  - кыргыздардын түпкүлүгүндө баарлашууну, азыркы тил менен айтканда, калк аралык диалог дипломатиясын артык көргөн саясий философиясынын көрүнүшү. “Манастын” мындай залкар, глобалдуу идеясы бүгүнкү күндөгү цивилизациялардын, маданияттардын диалогу туурасындагы саясий концепция менен үндөшүп тургандыгы менен кымбат жана баалуу. Мына ушинтип, “Манас” өзүнүн көтөрүп жүргөн философиясынын тереңдиги жагынан дүйнөлүк адабий классиканын  бийиктигиндеги улуу трагедиялык дастан. 

 

“Манас” эпосунун түпкү тереңинде жаткан согуштун жамандыгына каршы концепция “Акылдын кенчи Манаста” деп ырдаган атактуу кыргыз акыны Нурмолдонун чыгармачылыгында улантылгандыгын көрөбүз. Бул тирүүлүктө мыйзам ушундай: “Таш аласың – таш урсаң, жаш аласың, жаш берсең, кыш берсең, кыш аларсың, ыш берсең, ышын аларсың”, – деп насыяттайт Нурмолдо. Найза, кылыч  керек эмес, дейт Нурмолдо, мунун аркасынан кийинки тукумуң азап тартып калат, иштин эң жакшысы бул – бөлөктөргө ыра­йымдуу, ак пейил, адал ниетте болуу. Ошондо «ыракатка канасың». Элдер арасындагы ошондой ак ниет мамилени бекемдей турган нерсе бул – тынччылык, бейпилчилик шарттагы соода. “Андан көрө соода кыл, товарга товар аласың” дейт философ акын. Нурмолдо мына ушундай товарга товар алган мамиле бөлөк дүйнө менен болгон алаканын мыйзамы болууга тийиш деген ишенимге бекиген. Ошондо зордук өзүнүн ордун жакшылыкка бошотуп берет. Манастын философиясын улаган Манастын урпагынын жалпы адамзаттык маанидеги үлкөн идеясы ушундай.

 

Советбек Байгазиев

Булак: “Майдан.kg”