Океңдер жазышыптыр... 

 

Орусиянын абройлуу “Независимая газетасы” Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин 14-сентябрдагы Сочиге сапарынын максаты тууралуу “Бишкек: демократия күүгүмү” деген аталышта макала жарыялады. Анын кыргызча которулган вариантын сунуштайбыз.

 

14-сентябрда Кыргызстан президенти Аламазбек Атамбаев шашылыш түрдө Сочиге аттанды. Сочиде ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушмакчы.

 

Күтүүсүз сапар

 

Бул жолугушуунун таңкалыштуу жагы деле жоктой.  Эки өлкөнүн президенттери кездешүүнү чечиптир, сүйлөшө турган маселелери да жок эмес дегендей. Бирок баары андай эле жөнөкөй эмес: сапар пландаштырылган эмес, капыл-тапыл жасалды. Күн тартиби абдан жыш Орусия президенти  бир-эки саат жолугушууга макул болушу үчүн кыргыз тарап абдан эле далбас урганы айтылууда.

 

Эскерте кетсек, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүш керек. Биринчи жолу республика мамлекет башчысын шайлаганы жатат: буга чейин бул жаш өлкөнүн башына саясатчылар жалаң гана төңкөрүштөр менен келип жаткан. Владимир Путин болсо кызматынан кетип жаткан Алмазбек Атамбаев менен июнь айында, анын Москвага пландаштырылган сапарында коштошкон.

Кыргызстандын президентин бул жолугушууга эмне мажбурлады?

 

Албетте, биз пресс-релиздерден чыныгы себептерин билбейбиз. Анда “конструктивдик маанайда өткөн сүйлөшүүдө президенттер көп тармактуу кызматташуунун азыркы абалы жана келечегин талкуулап, теңдик, өз ара урматташуу жана кызыкчылыктарды эске алган мамлекеттер аралык диалогдун жогорку деңгээлде экенин белгилешти” дегендей тейде маалымат берилет.

 

Чындыгында, албетте шайлоо жөнүндө сөз болот. Алмазбек Атамбаев Орусия президентине өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбековдун келечегин талкууну сунуштайт.

 

Июнь айында президенттер анын талапкерлигин талкуулашкан. Кыязы, анда Атамбаев колдоо сөзүн уккан эмес.  Москва анда: Кыргызстан президентин шайлоо-силердин ички ишиңер, ага Орусия тараптын эч кандай тиешеси жок дегендей түшүнүк берген.

 

Талапкерлер

 

Кыргызстан президенттигине бир нече талапкер умтулууда. Биринчиден, мурунку өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков. Ош кланынын таасирлүү өкүлү.  Анын бир тууганы Асылбек республика парламентинин спикери болгон, экинчи бир тууганы - Жусупбек Шарипов Марокко, Иордания, Бахрейнде Кыргызстан элчиси болуп иштеген.

 

Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин адамы. Бул саясаттан алыс жарандарга да белгилүү. Сыртынан аны президенттин көлөкөсү дешет. Регнумдун жазуусуна караганда (31.08.17), “азыркы президенттин мураскери Жээнбеков элчи бир туугандары аркылуу Жакынкы Чыгыштагы мунайга бай падышачылыктардагы ваххабизмди тутунган шейхтер менен байланыш кармап, республикада ошол багыттагы көптөгөн мечиттерди  куруусун колдоп келет”. Ал эми падышачылыктардын баары АКШнын кол балдары экени белгилүү.

 

Шайлоодогу экинчи маанилүү фигура: 47 жаштагы олигарх Өмүрбек Бабанов. Өлкөдөгү эң бай адам. Бабанов Жээнбековдун башкы атаандашы.  Бардык мамлекеттерде эле (АКШда мүмкүн андай эместир) олигархтарды жакшы көрө бербейт. Алардын программасында “сөзсүз түрдө коррупцияга каршы күрөшүү” чакырыктары болсо дагы.

 

Олуттуу добуш топтой ала турган үчүнчү адам 54 жаштагы экономист Темир Сариев. Төртүнчү реалдуу талапкер-“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

 

Премьердин Америка маселеси

 

Кыргызстандын азыркы өкмөтүндөгүлөрдүн конкреттүү америкалык “тамырлары” бар. Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталганда премьер-министрлик кызматка дагы бир кызыктай кыргыз саясатчысы-Сапар Исаков дайындалды. Биринчиден, анын жашы болгону 39. Өкмөт башчылык үчүн жаман эмес! Анын карьерасы чагылгандай болду: бир нече жылдын ичинде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлыгынан аппарат башчылыкка, андан соң мына эми өкмөт башчылыкка жетип олтурат.

 

“Жергиликтүү байкоочулар бул феноменди Исаковдун мындан 8 жыл илгери өкмөт аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүн башкарууга келгенден тарта, Бишкектеги АКШ элчилиги менен маалыматтык кызматташуусу менен байланыштырат, деп жазат Регнум. Мурунку өкмөт башчы Игорь Чудиновдун сөзү боюнча, өкмөттүн пландары тууралуу маалыматты америка элчилиги премьер-министрден мурда билип турган. Мына ушундай стратегиялык “шыбыроолордун биринен”АКШнын өкмөттүк эмес миссиясынын кызматкерлеринин иммунитетин кепилдеген келишимди денонсациялоо болору тууралуу АКШ элчилиги алдын ала маалымдар болгон.

 

С.Исаков 2009-жылы Манастагы америкалык базаны жабууга ачык каршы чыккан. Ошол эле учурда  база жабылгандан кийин “өзүнүн финансылык милдеттенмелерин толук аткарбай жатат” деп, Орусияны жемеге алган. Мындай “ачыктыкка” Викиликске жарыяланган америкалык элчи Татияна Гфеллердин каттарында Исаков деген ысымдын алдында “strictly protected» (өзгөчө кайтарууда) деген статус турушу себеп болгондур.

 

Исаковго финансылык маселелер боюнча олуттуу суроолор чыккан, бирок ал анын баарын оңой-олтоң жабууга жетишкен. Азыр эми өлкөдөгү эң маанилүү кызматтардын бирин ээлеп турат.

 

Кыргыз президенти эмне үчүн Орусияга келатат?

 

Кызык суроо бар: АКШга жан тарткан адамдарды Атамбаев эмне үчүн бийликке алып келип жатат. Мүмкүн анын алардын алдында милдеттенмеси бвардыр?  Ошон үчүн куурчактарды алып келүү зарыл болуп жатпасын? Башка вариант болушу да ыктымал: АКШдан ал өзү үчүн кепилдик алгандыр…

 

Албетте, “саясий килемдин астынан” “Вашингтондун изин”  гана издеп калууга болбостур (бирок дал ушулардын изи абдан эле көп байкалат).  Саясат таануучулардын пикиринде, бул жерде ири эл аралык оюнчулардын, маселен, Сауд Аравиясы жана Кытайдын кызыкчылыктары да кагылышат.

 

Бирок Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапарына кайрылсак. Эмне үчүн президент бизге келди? Кыязы, мына ушундай  өтмүштөрү турган мураскерлерин колдоого Москваны көндүрүү оңой иш эмес. Анын үстүнө Орусияга жан тарткан айрым талапкерлерлерди жаңжал менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетип салышты.

 

Атамбаев өзү келечектеги өнөктөрүн аныктап, тандап алгандай. Кош оюн жүрүп жаткандай. Атамбаевдин реалдуу өнөктөрү Орусия эмес, башка күчтөр деген туюм жаралат. Мына ушундай жагдайларга карабастан, мөөнөтү бүтүп бараткан мамлекет башчы Москвагап лоялдуу экенин жеткирүүгө аракет жасайт.

 

Кыязы ал ,Москванын Кыргызстандагы кырдаалга таасир эте ала турган рычагдарынан чочулап, мына ошондой кадамга барууда.

 

Атамбаев өзү түзгөн сценарий бузула баштаса, анда күчтүү жана кубаттуу кошунага бир ийилип коюну чечкендей. Бирок баш ийип келген адамдын койнунда эмне катылып турганына абдан дыкат көз салуу абзел.

 

http:elnews.media