Белгилүү болгондой, будуң-чаң түшкөн бул дүйнөнү улуу ойлор гана сактайт.

Андай асыл ойлор эч кандай улутка, урууга, динге бөлүнбөйт. Адамзатты асыл ойлор сактап келгендиги үчүн аалам аңтарылып-теңтерилбей, өмүр, жашоо уланып келет. Улуу ойлор кайсыл күчтөн жаралса, демек, ошол күч да улуу экенин бардыгы билет.

 

“Жеңиштен үмүт жок болсо, салгылашып не керек!?” – деген сөз бар. Оболу бийлик бюджети толтуруп туруучу 400дөн ашуун завод–фабрикаларды талкалап, чейрек кылым бою кредит-карызды бөлүштүрүп, коррупцияны байлык табуудагы бирден-бир жол кылып тандап алышты. Ошентип жоопкерсиздик эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын артка сүрүп, алдыңкы орунга жеке кызыкчылыкты чыгарды. Өлкөнүн келечегине чоң коркунуч жаралды. Андыктан жарандарыбыздын бир бөлүгү эли-жерин биротоло таштап, чет өлкөлөргө чыгып кетти.

 

Эгер пайдасы жок элден болсок, Жараткан бизди жасамак эмес. Элибизге Жер шарындагы байлыгы толо керемет-кооз жерди Жараткандын өзү насип кылыптыр!

 

Буга карабастан учурда өлкөбүз экономикалык өнүгүү дэңгээли боюнча мурдагы 15 союздук республикалар арасында эң акыркы орунга, ал эми дүйнө жүзүндө 148-орунга түштү. Ал эми тыңыраак мамлекеттер бизди тоотпой, Кыргызстанды бечара, жакыр өлкө катары санап, акыркы мезгилде “Кыргызстан өлкө болуп бутуна тура алган жок”- деген үрөй учурган бүтүмдү чет жактан уксак, “укуктук нигилизм жана коррупция Кыргыз мамлекетинин жок болуп кетишин шарттап турат; региондорду көзөмөлдөөгө мамлекеттин каражаты жетишсиз, калган аймактарды криминал башкарат” деген кеп-сөз өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да жүрүп жаткандыгы факт.

 

Мына, бир муун, идеялардын атандаштыгын жокко чыгарып, 25 жылдан бери өнүгө албай, коррупциядан арылбасак, ишке жарамдуу балдарыбыз тентип сыртта жүрсө, акыры угар сөзүбүз ушул да. Кантип оңолобуз, качан эл катары жашоого өтөбүз... Эгер, азыркыдай таз кейпибизди кийип жүрө берсек, өлкөбүздү карыздын эсебинен жоготуу да алыс эмес.

 

“Мамлекет” деген сөз элдердин жалпылыгы болгон “өлкө” эмес, ал ошол өлкөнүн күнүмдүк жана узак убакыттык жакшы жашоосун тескеп туруучу уюм. Аракеттер натыйжалуу болуш үчүн мамлекеттик системанын иштешине жетерлик каражат болуусу керек. Ал каражаттар салыктын эсебинен, мамлекеттин менчигин, кен-байлыктарын натыйжалуу пайдалануудан куралат.

 

Мамлекет, эң биринчи кезекте экономиканын ийгиликтүү иштешин камсыздайт, экинчиден, түрдүү талаш маселелерди акыйкат чечет, башкача айтканда адилеттүүлүктү камсыздайт, үчүнчүдөн, натыйжалуу монетардык (акча жүгүртүү) саясатын жүргүзөт.

 

Айтылган үч жол Кыргызстанды экономикалык кризистен ыкчам чыгарып кетүүнүн жолу! Болгондо да тез өнүктүрүп, өлкөнү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу жолу! Анүчүн элдин кары-жашы, түндүк-түштүгү, бай-кедейи дебей, баарыбыз кудай деп, ниетибизди оңдоп, кыйратуучулук жолдон кайтып, жаратуучулук жолго түшөлү! Эч ким кайдыгер болбой, өлкөнү өнүктүрүүнүн оптималдуу программасын жана аны так аткаруу механизмин иштеп чыгып, жөндөмдүү инсандарга шарт түзүп, ишти баштайлы. Намыстуу инсандарыбыз өлкөнү кыйроодон сактап калалы! Эгер туура жолго түшсөк, жер жана жан дүйнө байлыгыбыз калкыбыздын татыктуу жашоосун камсыздаганга жетет!

 

2010-жылдан бери карай 8 жылда өлкөдө мамлекеттин бюджети ар бир жашоочуга эсептегенде кирешеси 8 миң сомдон 12,5 миң сомго жетсе, чыгашасы 19 миң сомдон 27 миң сомго жетип, айырмасы (жетпеген сумма) ар бир жашоочуга жылына 4,5 миң сомдон 8 миң сомго чейин чыгып келген. Бул сумма жылына 24-50 млрд сом өлчөмүндө болуп, аны мамлекет алган карызы менен жаап келет.

 

Салыштырмалуу, 2015-жылдын көрсөткүчү менен алганда мамлекеттин бюджети америка доллары менен алганда ар бир жашоочуга кирешеси 236 долларды, чыгашасы 330 долларды түзүп, айрымасы 94 долларга жеткен. Айырманын суммасы 600 миллион доллардан ашкан. Ал эми бул фактыны бюджеттин чыгашасынын структурасынан карасак, мисалга билим берүүгө чегерилген бюджет ар бир жашоочуга алып эсептегенде 2015-жылы – 54,5 америка долларын түзөт. Демек, бул сумманын да 30 пайызын мамлекет четтен алган насыя менен жапкан дегендик. Бул бюджеттик көрсөткүчтөр кошуна өлкөлөргө салыштырма кеминде 10 эсе төмөн экендигин көрсөтөт. Мындай ыйлай турган жагдайлар Кыргызстанда толтура!

 

Маселен, коммерциялык банктардын орточо насыя пайызы 2015-жылы 25-30 пайызды түзсө, Кытайда 5-6 пайыз, Россия, Казахстанда 10-12, Беларуста- 7-8, же тактап айтканда биздикинен жогорку үстөк пайыз жакынкы өлкөлөрдө жок. Кызыгы ошол насыяга берилген каражаттар 55-60 пайызы чет өлкөлүк атуулдарга тийешелүү болсо, калган сумма өзүбүздүн коррупционерлерге таандык. Үстөк пайыз жогору болгондуктан учурда 500 миңден ашык атуул насыя төлөй албай, коррупционерлердин каражатынын туткунунда калууда.

 

Мамлекетте калкты азык-түлүк менен камсыздоодо эч кандай иш жок, бирок бул маселе эч кимди тынчсыздандырбайт. Кошуна мамлекеттерде айыл чарбасын бюджеттен дотациялоо маселеси бар. Дотациянын өлчөмү өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркынын 70 пайызга чейинки суммасын түзөт. Кошуна мамлекеттердин саясатында калкты экологиялык таза азык-түлүк менен камсыздоо эң негизги милдет болуп саналат. Өлкөбүздөгү анча-мынча берилип калуучу 10 пайыздан - жеңилдетүү менен чектелүү насыя берүү, башка өлкөлөрдө коммерциялык деп эсептелинет. Бир тыйын жардамсыз азык-түлүктү өндүрүү жана калкты камсыздоо же башка базарларга чыгуу мүмкүн эместигин башка өлкөлөрдө түшүнүшөт.

 

Мамлекетте бюджетке түшө турган каражаттар кайда дегенде: биринчиси, “Азаттыктыктын” иликтөөсүндөгү бажыдагы “раим” схемасы – 1,5-2,0 млрд. доллар; Экинчиси, самолет менен жасалган контрабанда 1,0 млрд. доллар; Үчүнчүсү, кен байлыктардан (“Кумтөр”) 8,5 млрд. долларын түзсө, алардын баарынан бюджетке түшкөнү болгону 834,0 млн. доллар. Бул ал кирешелердин 10 пайызына да жетпейт.

 

Банктар аркалуу сатылып–алынып жаткан валютанын өлчөмү акыркы жылдары жылына 10 млрд. долларга жетип, анын 70 пайызга жакыны нак түрдө болуп жатат. Бирок, эч кандай салык алынбайт. Балтика өлкөлөлөрүндө арам акча тазалагандарга 5-10 пайыз салык колдонулуп, каражат эч кандай чектөөсүз жүргүзүлөт. Эгер бизде ушундай салык кирген болсо бюджетке 1 млрд. доллар киреше түшмөк.

 

Чечиле турган проблемалар өтө көп, кызыгы бул проблемалар бизде бийликти да, өздөрүн оппозиция деген күчтөрдү да кызыктырбагандыгында. Бул фактылардын бардыгы жыл сайын өкмөт тарабынан сунушталып, Жогорку Кенеш жана президент тарабынан кабылданып бекитилип келген мамлекетин бюджетине тийешелүү маселелер. Ал эми бюджетти эч кандай талкуусуз эле 25 жылдан бери позициясы да, оппозициясы да чогуу биригип, кабыл алып келе жатат.

 

Жогоруда келтирилген фактылар эмнеден кабар берет:

 

1. Мамлекетте проблемаларды чечкенден көрө - коррупцияны байлык табууда жалгыз жол кылып тандап алгандык тегиз бардыгына пайдалуу экендиги.

 

2. Коррупция учурдагы бийликтеги бардык күчтөргө пайдалуу. Кандай гана шайлоо болбосун, максат - бийликти алуу, бийликке келүү! Мамлекетти – калкты ойлогон эч ким, эч кандай күч бүгүнкү күндө жок! Шайлоолор – тирешүүлөр “доляга” кирүү же анын талашы.

 

 

Абдималик Кудайбердиев,

Булак: "Майдан.kg" гезити