Баш маселе

 

Өткөн жумада өлкөбүздүн башкы жаңылыгы премьер-министр С. Жээнбековдун КСДП партиясынан президенттикке көрсөтүлүшү болду. Сооронбай Шариповичтин бийлик партиясы, Ак үй тарабынан президенттикке сунушталышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болгон менен көпчүлүктү таң калтырууда. Андыктан базардан баштап, Ак үй, Көк үй сыяктуу мамлекеттик мекемелерге чейин болочок болуп калышы мүмкүн президенттин ата-жотосун, өмүр баянын, адамкерчилиги менен ишмердүүлүгүн сындап, талдап, баалап жатышкан учур.

 

Эң оболу “бийлик эмнеге ушул талапкерге токтолду?”- деген соболго жооп издейли. Анткени мурда президент А.Атамбаев президенттик аппараттын жетекчиси С.Исаковго басым жасап, аны өтө тездик менен бир кызматтан экинчисине көтөрүп отуруп, өлкөдөгү төртүнчү адамга жеткирди. С.Жээнбеков деле акыркы алты ай, бир жылдын ичинде облус жетекчисинен өлкөнүн үчүнчү адамына айланып отурат. Демек, президент мурда эле өзүнүн мураскери катары ушул эки шакиртин тандап, акыры С.Жээнбековго токтолуп отурат. Ооба, С.Жээнбековду президент эмес, КСДПнын саясый кеңеши президенттикке сунуш кылды. Бирок бийлик партиясынын ар бир кадамы, болгондо да мындай маанилүү чечим өкүмдардын гана эрки экендиги айтылбаса да түшүнүктүү эмеспи.

Сыягы, учурдагы президентибиз көпкө ойлонуп, акыры ушул талапкерге токтолууга аргасыз болгон окшойт. Эмнеге аргасыз? Албетте, С.Жээнбеков адам катары жакшы, коррупцияга аралашып, башка чиновниктердей элге жек көрүнгөн жок. Өзү да иштерман, ден соолугу чың, динге жакын дегендей. Бир кезде, Союздун учурунда атасы Шарип аксакал Кара-Кулжа районунун соода-керекжарак союзунун төрагасы болуп, балдарын да окутуп-чокутуп, бутуна тургузган экен, минтип, бири спикер, бири элчи, ректор болуп, бири-бирин колдоп отуруп Кыргызстанда Жээнбековдордун кланы түзүлүп, спикерликти, премьер-министрликти багындырып, эми президенттикти такымдап турушат. Дал ушул жагдайлар Сооронбай Шариповичке өлкө башчысы болуу бактысын туш кылып отурат. Ал эми С.Исаковдун жаш болсо да эл оозунда айтылып жүргөн Бишкек-Кара-Балта жолундагы тендерге, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, “Ыйман” фондундагы акчаларга тиешеси бардыгы тууралуу имиштерден тышкары да өзүнүн саясый таржымалынын шек жаратышы жана артында клан же электоратынын жок жайдактыгы “бовойт” деген бүтүм чыгарууга түрткү болду окшойт.

 

Бир чети майдын башында Кыргызстанга жашыруун сапар менен келген Россиянын коргоо министри С.Шойгу менен Тышкы чалгындоо кызматынын директору С.Нарышкин дал ушул миссия менен келип, президент В.Путиндин тапшырмасын аткарып кеткендиги айтылууда. Биздин президенттерибиз баш болуп “Кыргызстандын келечегин эл тандайт, эл кимди шайласа, ошол президент болот”,- деген сөздөр жөн эле жаш баланы алдаган сөз. Ага карапайым гана адамдар ишенбесе, саясатты жакшы түшүнгөндөр күлүп гана тим болушат. Анткени биздин республикабыздын газ, мунай сыяктуу табигый байлыктары болбогон менен Кытай, Россия, Индия, Иран сыяктуу улуу державалардын ортосунда жайгашкандыктан, геостратегиялык мааниге ээ. Андыктан СССР жоюлгандан 25 жыл өтүп,  кайра империялык амбициясы козголгон Россия бул чакан жана маанилүү мамлекетти колдон чыгаргысы келмек беле. Демек, Грузия, Молдова, керек болсо АКШнын өзүндөгү президенттик шайлоолорго кийлигишип, өзүнүн “ставленнигин” коюп жаткан В.Путинге Кыргызстан кыздын баласындай эле кызык да.

 

Бирок С.Жээнбеков президент болууга татыктуубу? Анда лидерлик сапаттар барбы? Эң негизгиси шайлоодо аны эл колдойбу? Тилекке каршы ушул суроолордун бирине да “ооба” деген жооп таппай койдук. Эң оболу ал канчалык жакшы адам болбосун, артында ага-ини, клан, керек болсо бүтүндөй мамлекеттик машина – администрациялык ресурс турган менен президенттикке жарабайт. Демек, болгону аткаруучулук гана талант, шыгы бар. Ага чейин, А.Акаевдин доорунда эки палаталуу парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында вице-спикер болгон. 2005-жылдан кийин К.Бакиевдин командасында болчу. Айыл чарба министри милдетин аткарып, кезектеги өкмөт алмашканда өтпөй калган соң ал кездеги А.Атамбаев башында турган оппозициянын короосуна кошулушу келечек карьерасына жол ачкан экен. Демек, мектеп мугалими болуп, колхоздун башкармалыгын аткаргандан тартып жалаң аткаруучулук милдетти гана аркалап келүүдө. Бир да жолу бийликке каш кайтарып, саясый эркин көрсөтө алган эмес. Азыркы учурда деле өлкөнүн “өлгөн” экономикасын “тирилтүүнүн” үстүндө гана же өрт өчүргүч сыяктуу улам табигый кырсык болгон жерге жетип барып, шефинин абийирин жаап жүрөт. Андыктан экономикалык бир “чудо” программа же реформа жасап, элдин алкоосуна татый элек.

 

Баарынан да С.Жээнбековду эл, айрыкча түштүк аймагы “өзүбүздүн бала” деп жапырт колдоп кетиши да утопия. Себеби ал канчалык жакшы адам болбосун, тууганчылык, кландык колдоого таянбасын КСДПнын, президент А.Атамбаевдин кадры экендиги аброюна кара көө сүйкөп туруп алат. Айрым билермандар С.Жээнбековду колдоо үчүн арап мамлекеттеринин биринен ири суммадагы акча келиши мүмкүн экендигин да божомолдошууда. Болду-болбоду анын ал жактагы элчилик кызматтагы бир иниси “каттуу” иштеп жаткан окшойт. Бир чети муфтийлик кызматка жакында кызыл кыргын, сары сүргүн менен араң кайра шайланган Максатбек ажы Токтомушевге да мусулмандар жамаатына “үгүт жүргүзүү” миссиясы тагылган болушу мүмкүн. Айрым мамлекеттик гезит, телевидение, сайттар да акырындап жээнбековдордун кадрларына алмаштырылып жатышы алдыда маалыматтык “чоң казат” болорунан кабар берип турат.

 

Балким, бийликтегилер деле биз айткан жагдайларды беш колундай билишер. Бирок алар үчүн азыр “Артыбызда Москва, чегинүүгө акыбыз жок!”,- дегендей, С.Жээнбековдон башка президенттикке татыктуу талапкер жок. Анткени чындыгында эле азыр бийликти, КСДП партиясында лидер болуучу, таза адам жок. Кимисинин артын чукулабагын артынан олчойгон коррупция чыга калат же маданияттуу, интеллигентүү дегендеринин талпагы ташка жайылып отурат. Бычакка сап дегендери С.Жээнбеков өзү баш болуп жок дегенде “бакиевчи”. Болгондо да бул ирет бийликтин да, оппозициянын да лидерлери түштүктөн чыгууда. Календарлык эсеп боюнча да К.Бакиевден кийин бир топ запкы жеген түштүктөн эми президент шаланууга тийиш. Алардын бийлик, президент А.Атамбаев үчүн өтө коркунучтуусу А.Мадумаров, А.Келдибеков жана К.Ташиев “үчилтиги”  болууда. Мындай пикирди биз эмес, өткөндө “Азаттыкка” белгилүү саясый эксперт айтыптыр. Ошондуктан азырынча президенттикке кимиси чыгаары ачык жарыяланбаса деле, штабда үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан “трио” ары жагы Россия, Казакстан, бери жагы Баткенге чейин түрө кыдырып, көпчүлүк карапайым элдин колдоосун алып, назарына түшүүдө. Берки “Чабал өрдөк эрте учат” болуп, жаз алды менен эле өздөрүн жарнама кылгандар баягы эле адатынча кимдин тараза ташы оордук кылса, ошону менен бир министрлик же майлуу кызматты алуу үчүн жанталашкан “соодагерлер”. Ал эми бийлик администрациялык ресурска таянууда. Ал тургай алдын ала мамлекеттик кызмат жетекчилерге тапшырма, көргөзмө берилгендиги каңкууланууда.

 

Демек, бул шайлоодо бийликтин баягы эле парламенттик шайлоо, референдумдарда “жеңишке жетишкен” администрациялык ресурсу жеңеби же шайлоо таза, калыс өтүп, көпчүлүк элдин эрки орундалабы?

 

Ж.Болотов

Булак: “Майдан.kg” гезити