Шайлоонун шайтан оюндары

 

Ушул аптанын аягында, тагыраак айтканда, 28-майда Кыргызстанда бир топ шаарларда жергиликтүү депутаттар шайланат. Булар көбүнесе былтыр декабрдагы шайлоодон кийин жеңип келген партиялар тарабынан мунаса табылбай, иш жылбай, аргасыз таркатылган кеңештер. Ачыгын айтыш керек, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кадамжай ж.б. шаардык кеңештеринин жарым жылга жетпей таркашында бийлик партиясы – КСДПнын салымы чоң. Анткен себеби, алар башка партиялардын кол кармашып, өз алдынча иштей башташына каршы чыгышып, “бийлик деген бизбиз, коалицияда биз болушубуз керек”,- деген бет тырмачылык менен кеңештердин ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учураткан.

 

Өткөн жумада КСДПнын саясий кеңеши президенттик жарышка Сооронбай Жээнбеков талапкер болуп чыгарын жар салды. Бул күтүлүп жаткан эле нерсе болчу. Эксперттер Атамбаев бийликке келгенден бери тыңгылыктуу команда топтой албаганын, анын тегерегинде бир дем менен президенттик жарышты жеңип чыга ала турган кадр жоктугун баса белгилешет. Мындай кырдаалда Атамбаев үчүн өзү ишенген, эски досу Сооронбай Жээнбековдон өтөр талапкер жоктой. Демек, С.Жээнбековду президенттик тактыга олтургузуп, өзү партия жетекчиси катары өлкөнү дагы да башкара бергиси келет. Польшада Качиньский үйүндө жатып алып мамлекетти башкарып жаткандай. Бирок, бул планды жүзөгө ашыруу өтө оор. Анткени, электорат Сооронбай Шариповичти өз алдынча чечим кабыл алганды билбеген, өйдө жактын гана кареги менен тең айланган адам катары кабыл алат. Аны канчалык деңгээлде күчтүү лидер катары көрсөтүүгө аракет жасашпасын, баары бир Атамбаевдин айтканынан чыкпаган ажо болорун эл илгертпей сезип турат. Мына ушундай чакта КСДП талапкерине женишти кантип камсыз кылат? Албетте, биринчиден алар регионалдык картаны ойношот, С.Жээнбековду түштүктүн уулу катары пиарлашат, ошентсе канча жыл баш көтөргөн саясатчыларын ур-токмокко алып келген бийликке оштук, жалал-абаддыктардын жүрөгү жибип кетеби? Экинчиден, административдик ресурс бийликтин башкы таянычына айланат.

 

Административдик ресурсту азыртан сааттын механизминдей так иштетүү аракети көрүлө баштаганы айтылууда. Аны учурда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо “проба” кылууга даяр турушат. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин топ-тобу менен КСДПга үгүт жүргүзүүгө мажбурлашууда, атүгүл мектеп окуучуларын “ата-энеңерди шайлоого алып келгиле!” деген коркутуулар болуп жатканы белгилүү. Шаардык кеңеш депутаттыгына талапкер катары жалаң жогорку кызматтагы адамдарды бекитип ташташты. Алар акчасын да, кызматын да аяшпай, КСДПны биринчи орунга чыгарууга белсенип турушат. Эгер КСДП жеңилсе, баары креслосунан ажырайт. Эгер КСДП өтсө, булар депутат болбойт, башкалар олтурат, а булар өз креслосуна кайтып келет. Бийликтин күткөнү – эгер КСДПны өткөзүү үчүн ушундай зулумдуктун баарын кылса да эл унчукпай, тагдырына моюн сунуп олтура берсе, “аа, эл эч нерсе чече албай калыптыр”- дешет да, бул ыкманы президенттик жарышта колдонушат. Ошондо, жергиликтүү кеңеш шайлоолору – президенттик жарыш алдында генералдык репитицияга айланды.

 

А бирок, эл ушунун баарына жол береби? Качанкыга чейин кыргыз эли адилетсиздикке моюн сунуп жашайт? Качанкыга чейин коркот? Качанкыга чейин алданат?

 

ххх

 

Өйдөдө айтылган сөзгө далил катары окурманга КСДП партиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкерлердин алгачкы 20сынын тизмесин сунуш кылабыз. Жалаң жогорку даражалуу чиновниктер, байлар... Мына, алар:

1. Салайдин Авазов – Жалал-Абад шаарынын мэри.

2. Бахтиер Юнусов – түштүк темир жол башкармалыгынын начальниги.

3. Эльмира Төрөгелдиева – облустук төрөт үйүнүн жетекчиси.

4. Гүлмира Худайбердиева – “Спутник” кичи районунун ЖӨБ төрагасы.

5. Абдилбает Мамасадыков – Экономика жана ишкерлик университетинин ректору.

6. Максатбек Абышкаев – Жалал-Абад курортунун экс-директору.

7. Алманбек Осмонов – Жалал-Абад шаардык Мамкаттоонун начальниги.

8. Азамат Паизов – “Жалал-Абад электро” мамишканасынын башкы директорунун орун басары.

9. Азамат Раматилаев – Жалал-Абад мэриясынын финансы башкармалыгынын начальниги.

10. Раманкул Жумабаев – шаардык токой чарба башкармалыгынын директору.

11. Садыр Айтбаев – Жалал-Абад мэриясынын долборлоо бөлүм башчысы.

12. Бактыкан Рустамова - №1-лицейдин директору.

13. Алмазбек Султанкулов – шаардык мамлекеттик кирешелер бөлүм начальниги.

14. Давлят Аттокуров – облустук спорт мектебинин директору.

15. Элдар Солтоев – шаардык борбордук базар ээсинин уулу.

16. Сейитбек Ташбаев – “Кыргызнефтегаз” мамишканасына караштуу база директорунун уулу.

17. Алтынбек Маматов – автомектептин директору.

18. Дина Токтаева – бала бакча директору.

19. Бактыкан Нуралиева - №4-орто мектептин директору.

20. Венера Жакыпова – Сузак райадминистрациясында башкы бухгалтер.

21. Талантбек Эгембердиев – КСДПдан Жогорку Кеңеш депутаты Максат Эгембердиевдин иниси.

 

ххх

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Жалал-Абадда административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулуп жатканын билдирди: “Шайлоо калыс болбой жатат. Себеби мугалимдерди, окуучу балдарды “ата-энеңерди алып келесиңер” деп кыйнашууда. РЭС кызматкерлери болсо электр энергиясынын көрсөткүчүн жазбай эле, шайлоочуларды тактап жүрүшөт. Мэр баш болуп шайлоого кетип жатат, артынан бардык кызматкерлерин талапкер кылып койгон. Ал эми мэр (КСДПнын тизмесинде 1-орунду турган Салайдин Авазов – ред.) патрулдук кызматкерлерге баш ийбей, өз билгенин кылып жүрөт. Жалал-Абад курортунун мурунку жетекчиси Максат Абышкаев дагы талапкер экен. Аталган курортко жаңы жетекчиси барса, аны киргизбей жатышат. Мамлекет ичиндеги мамлекет болуп алышты. Максат Абышкаев иштеп жүрүп 12 млн сом карыз болуптур, путевкаларды каалагандай берип чыкканы белгилүү болду”.

 

ххх

 

Жогорудагы тизмени карасаңыз, өзү белгилүү болот – жалаң капчыктуу, курсактуу немелер элди ойлоп, иштеп береби? Минтип начальниктин баарын айдашканына караганда – КСДП эмне согушка даярданып жатабы? Буга учурда жергиликтүү калк да абдан нааразы болууда. Бастыра койбой эле мажбурлап жатышса, анан ушуларга ким ишенип шаар, өлкө келечегин тапшырат? Айтор, бийлик от менен ойноп жаткандай таасир калтырууда...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: