КСДП партиясынын саясий кеңешинин чечими менен президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

 

Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары сунуштады. Мындай чечим 17-майда Бишкекте өткөн партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү, Cоциал демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Осмонбек Артыкбаев журналисттерге маалымдады. Буга чейин КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары кайсы саясатчы көрсөтүлүшү мүмкүн деген маселе саясий чөйрөдө кызуу талкууланып келген болчу.

 

Анткен менен ишенимдүү булагына таянган саясий аналитик Арслан Сыдыков бийлик партиясы азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго токтолгонун билдирди: "КСДП партиясы жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде, рейтинг аркылуу президенттикке талапкерди тандады. Башында бул изилдөөгө партиянын ичиндеги төрт-беш саясатчынын ысымы киргизилип, алардын арасынан азыркы өкмөт башчынын рейтинги бир топ жогору болуп чыккан. Мына ошондуктан бул кишинин талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынды. Анан калса бул адамдын талапкерлигин тандоодо бийлик партиясынын талапкери үчүн ким негизги атаандаш боло турганы дагы изилденген. Анын жыйынтыгы боюнча "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов негизги атаандаш болушу мүмкүн деп табылган. Мына ошондуктан бул жерде аймактык фактор дагы эске алынды".

 

58 жашка чыккан Сооронбай Жээнбеков Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зооинженер, 1983-жылы Айыл чарба институтун, 2003-жылы Кыргыз агрардык университеттин экономика факультетин аяктаган.

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, академик Жамин Акималиев Сооронбай Жээнбековду студент кезинен бери билет. Кийинчерээк Жогорку Кеңеште чогуу депутат болушкан. Акималиев КСДПнын талапкери буга чейин тууралуу буларды билдирген: "Жогорку Кеңеште биз улуу кишилер катары, алар жаш, жаңы муундун өкүлдөрү болуп чогуу иштешип жүрдүк. Кээде пикир келишпестик болчу, бирок жалпы жонунан өзүн жакшы, коңур алып жүрдү. Өтө деле активдүү эмес болчу, бирок эки жакты байкап, этияттап сүйлөп, өзүн жакшы көрсөткөн. Айыл чарба министри болуп көп деле иштеген жок. Министрлердин ичинен жакшыраак иштеп жаткан. Эл менен иштешкени жакшы болчу. Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Илимпоздор, адистер, өзүнүн аппараты менен кеңеше билген жакшы сапаты бар болчу. Билбеген нерсесин уялбай эле сурачу. Менин байкашымча губернатор болуп турганда ал тууралуу элдин ою жаман эмес эле. Бир гана өзүнүн пикирин ачык айтып, өзүн активдүү көрсөтсө болот эле дешчү".

 

Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1983-1993-жылдары өзү туулуп- өскөн райондо зоотехник, Коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы өңдүү кызматтарда иштеген.

 

Жогорку Кеңешке 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет шайланган. Эл өкүлдөр палатасында агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары, төрагасы, парламентте спикердин орун басары болуп турган. 2007-жылы айыл чарба министри болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

 

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин беш жылдан ашуун Ош облусун башкарып, 2015-жылдын акырында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Андан көп өтпөй, былтыр мартта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал эми өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбеков апрель айында келген.

 

Саясатчы Азимбек Бекназаров буга чейин "Азаттыкка" берген маегинде Жээнбековду президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы деп мүнөздөгөн: "Сооронбай Жээнбеков президенттин эң ишеничтүү адамы. Сатпаган, айтканынан чыкпаган адамдарынын бири. Тажрыйбасы, билими жагынан кынтык табуу кыйыныраак. 2010-жылдын 8-апрелинен баштап Ошто революциялык кыймылдын башында турду. Ошондон кийин губернатор болуп дайындалды. Июнь коогасын башынан өткөрдү. Эми губернатор катары андай иштеди, мындай иштеди деп баа бере албайм, бирок иниси Асылбекке караганда Атамбаевди саткан, таштаган жок. 2009-жылы Атамбаев оппозициядан бир талапкер болуп чыкканда Бакиевдердин бийлигинен коркпой, тикесинен тик туруп Атамбаевди колдоп жүрдү".

 

Буга чейин мамлекет башчы болуу ниетин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев билдирген. Парламенттеги "Республика - Ата-Журт" фракциясы лидер Өмүрбек Бабановду сунуштаган. "Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

 

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Бирок азырынча анын датасы аныктала элек. Кыргызстан Социал демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.

 

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

 

Кубанычбек Жолдошев
Булак: "Азаттык"