...аткезчилик жүк, болгондо да күн сайын миңдеген тонна мунайдын өтүп жатышы чоң кылмыш болуп саналат

 

Эгер сиз Бишкектен Баткен тарапты көздөй машина менен жол тартсаңыз, Сокулук районунун аймагынан эле сыйымдуулугу 40 тоннадан 60 тоннага чейинки, жалпы жүгүн кошкондо салмагы 100 тоннадан ашык кытайдын мунай (бензин, дизел майы) ташыган “Хово” маркасындагы машиналары менен куушуп жүрүп отурасыз.

 

Анткени өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген бул кан жолдогу эки машинанын бири болбосо да, үчөөсүнүн бири ушул “Ховолор” болуп саналат. Андыктан бир тамчы мунай өндүрбөгөн өлкөбүздөн мынча күйүүчү май кайдан чыгып, кайда ташылып аткандыгына таң каласыз. Албетте, ал Россиянын Кыргызстанга бажы төлөмүсүз (пошлина) берип жаткан жардамы. Өткөн жылы эки мамлекеттин ортосундагы бул макулдашууну Россиянын Мамлекеттик Думасы ратификациялап, ал документке президент Владимир Путин кол койгон болчу. Белгилей кетүүчү жагдай, Россия мындай өзүнүн ички рыногундагы баадан да төмөн суммада мунай продуктыларын бир гана Кыргызстанга берүүдө. Бул да кайсы бир чиновниктер аны кайра башка өлкөгө сатып сол чөнтөгүнө түшкөн кирешени салып алсын деп эмес, мамлекетибиз, элибиз үчүн көрсөтүп жаткан жардамы болуп саналат.

 

Демек, кадимки эле Сауд Аравия же Катардын мунай скважинасын элестетесиз. Бир чети түштүк облусттарынын күйүүчү, майлоочу майга болгон керектөөсү ушунча көппү (?) деген да күмөндүү ой жаралат. Баарынан да ошол “Ховолор” Бишкектен чыгып, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көкбелдин деңиз деңгээлинен 3700 метрге чейинки бийик аскасынан ашып өтүп, түштүк борбор Оштун чок ортосун аралап, андан ары түз эле Баткен облусуна, Кыргызстандын эң четки Лейлек районунун Арка аймагына чейин барат. Андан ары Кыргызстан менен Тажикстандын шарттуу түрдө гана бөлүнгөн жолдун жээгине курулган ондогон май куючу станциялар (АЗС) аркылуу кошуна мамлекетке жер астындагы куурлар, 3-5 тонналык май ташуучу машиналар аркылуу сатылат. Эгер Кыргызстанда 1 литр бензин орточо 40 сом болсо, Тажикстанда 60-70 сомдон. Ошондуктан 1 литр эле бензинден жок дегенде 10дон 20 сомго чейин пайда түшүп жаткандыгын элестете бериңиз. Мындай көрүнүш бери дегенде 20 жылдан бери кайталанууда.

 

Бирок жергиликтүү, жол боюнда жашаган эл көптөн бери бул Тажикстанга аткезчилик менен ташылып жаткан мунайды токтотууну талап кылып, алардын Кудайга жеткен үнү кыргыз бийлигине жетпей келет. Анткени алар салык төлөбөгөнү аз келгенсип (эгер жергиликтүү же республикалык бюджетке тиешелүү өлчөмдө салык төлөнсө, миллиондогон доллар түшмөк), экология менен адам өмүрлөрүнө орду толгус оор жоготууларды алып келүүдө. Ал тургай “Ховолордун” айынан Бишкек-Ош жолу “кан жол” катары да аталып калууда. Миллиондогон чет элдик карызга курулган жолдун, асфальттын камырдай сүрүлүп, бузулгандыгын айтпай эле коёлу. Эгер мындай окуяларды санай берсек, эсеп жетпейт. Былтыр эле Кадамжай районунун борбору Пүлгөнгө кире бериштеги бурулушта 60 тонна май ташып бараткан “Хово” бир үйдү сүзүп кирип, оодарылып түшкөн. Андан тышкары жергиликтүү шартты (ылдыйыш менен өйдөнү) жакшы билбеген сырттан барган айдоочулар сайга кулап, майы сууга төгүлүп, далай мал менен балыктар ууланды. 2016-жылы күзүндө Лейлек районунун борбору Исфана шаарына эми эле кирген 60 тонналык дагы бир машинанын тормозу кармабай калып, жол катары менен 20 чакты жеңил машинаны консерва кылып сүзүп өткөн. Дагы жакшы бул ирет адам өмүрү кыйылган жок. Анткен менен ошол “Ховонун” айдоочусу көп өтпөй өзүн-өзү асып, өмүрүн кыйган.

 

Эмне үчүн тынч митингге чыккан жаш балдарды, кыйшык баскан оппозиция өкүлдөрүн уруп-сабап, камап, коркутканга маш биздин укук коргоо органдары ушул аткезчилерди тыя албайт же жок дегенде салык төлөп, келтирилген зыяндардын ордун толтурууга мажбурлашпайт? Көрсө, бул “мунай мафиясынын” ээлери же “крышасы” өтө таасирдүү жана жогору жакта отурат деген имиш бар. Алардын амири ушунчалык бийик болгондуктан, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн ЖКК инспекторлору токтотуп, документин текшермек турсун, “честь” берип, узатып коюшат экен. Бирок эл деген эл да, былтыр күзүндө Кадамжайдан жашоочулары жол тосушуп, бүтүндөй Бишкек-Исфана жолу бир нече саатка жабылып турган. Ошондо Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев бул жагдайды көзөмөлгө аларын, токтоторун айтып, элди ишендирген.

 

Ошол элге берген убадасын аткарууга белсендиби же элге иштеген түр көрсөтүп коёюн дедиби, айтор өткөн жумада Ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Баткенде күйүүчү май заттарды аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюу боюнча иш-чара өткөрүлдү.

 

Облусттук бийликтин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 2017-жылдын 25-февралында жол кыймылынын коопсуздугун артыруу, жабыркагандардын санын кыскартуу, жол-транспорт кырсыктарынын санын жана алардын кесепеттеринин оордугун азайтуу, облусттун салыктык жана салыктык эмес түшүүлөргө карата киреше базасын кеңейтүү, контрабандалык жол менен чыгып жаткан товарларга бөгөт коюу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалын жакшы сактоо максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыккан.

 

Буйруктун негизинде укук коргоо, салык жана башка тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен биргелешкен атайын ыкчам топ түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн облусттун аймагында ыкчам ыкмада жүргүзүүдө.

 

Баткен облусунун аймагына келген күйүүчү-майлоочу материалдарды жана башка мыйзамсыз жүктөрдү эсепке алуу жана талдоо максатында,ошондой эле кошуна мамлекеттерге мыйзамсыз экспорттоого өз убагында чара көрүү үчүн атайын жумушчу топ 24 саат бою мониторинг иштерин жүргүзүүдө. Алар тарабынан Баткен облусуна келген күйүүчү-майлоочу заттар иликтенип, салыштырма анализ жүрүп жатат.

 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен “Кайрагач” өткөрүү пунктунда жолугушуусу болду. Анда ыкчам группанын аткарган иштери боюнча бир айлык отчету угулду.  

 

Маалыматка ылайык, бир күндө (03.03.2017 ж) Баткен облусуна 479 617 литр күйүүчү-майлоочу заттары келген. Райондор жана шаарларды алганда  күйүүчү-майлоочу заттарын эң көп агымы Лейлек районуна ташылганы белгилүү болгон. Себеби ал жакта башка райондорго салыштырмалуу эң көп жалпысынан 72 май куюучу бекеттери катталган.  Мониторинг боюнча Лейлек районуна карай бир ай ичинде 16 500 тонна күйүүчү май өткөн. Бирок ошол эле учурда күйүүчү майга болгон райондун муктаждыгы айына 2500 тонна жана күнүнө 83 тонна гана түзөт. Бул көрсөткүчтөр күйүүчү майдын аткезчилик жол менен ташылып жаткандыгынын негизги себептери болуп жатат. Анткени Лейлек районундагы май куюучу бекеттердин көпчүлүгү чек ара тилкесинде турат жана андан кошуна Тажикстан Республикасынын  жарандары пайдаланышат.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө облус жетекчиси Абиш Халмурзаев учурда облусттун аймагында күйүүчү май жана жүк ташуу менен алектенген оор унаалардын катышуусу менен жол кырсыгы көп катталып жаткандыгын жана оор жүк ташуучу машиналар жолдордун коопсуздугун жана узак мөөнөттүү колдоо үчүн орду толгус зыян келтирип жаткандыгын баса белгилеп, райондор жана шаарлар аралык мониторинг иштерин күчөтүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.  

 

Эмне дейбиз, облус жетекчисинин бул демилгеси колдоого аларлык. Бирок ал баштаган ишин аягына чыгарып, Тажикстанга ташылып жаткан аткезчилик майларды токтото алабы? Деген менен Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Тажикстан бул уюмдун катарында болбогондуктан, аткезчилик жүк, болгондо да күн сайын миңдеген тонна мунайдын өтүп жатышы чоң кылмыш болуп саналат. Андыктан иштин жыйынтыгы кандай бүтөрүн бир аз күтүп туралы.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити