Улут идеологиясы экен, биле жүр!

 

 

Филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин калеминен соңку он жылдыктарда улуу “Манас” эпосу боюнча 20дан ашык китеп жаралды. Окумуштуу Кыргызстандагы “Манас таануу” аттуу ЖОЖдордо окутула баштаган сабактар үчүн жазылган жана министрлик тарабынан бекитилген биринчи окуу китебинин автору. С.Байгазиев буга чейин фольклористтер анча көңүл бурбаган “Манас” эпосунун этикалык-философиялык, руханий-моралдык, педагогикалык, патриоттук, маданий-идеологиялык, мекенчилдик нарк-дөөлөттөрүн, эпопеянын улуттук жана дүйнөлүк маанидеги идеяларын изилдөөнүн объектиси кылып алды.

 

Советбек аалымдын “Манас таануу” боюнча эмгектеринин мааниси жөнүндө белгилүү адабиятчы, профессор Курманбек Абакиров төмөндөгүчө жазат: “Байгазиев тапталган жолго түшпөй, өз жолу менен кетип, башка изилдөөчүлөрдүн бири да кайталабаган, улуу эпостун жаңы ырлары менен сырларын ачкан оригиналдуу эмгектерди жаратты. Манас таануу илиминин бүгүнкү жеткен чегин, сөздүн оң маанисиндеги бийиктиктерин М.Ауэзов менен Б.Юнусалиевдин, К.Рахматуллин менен В.Жирмунскийдин, Р.Кыдырбаева менен С.Мусаевдин көөнөрбөс иликтөөлөрү сыяктуу эле, С.Байгазиевдин маани-маңызы терең, чабыты кенен эмгектерисиз элестетүү мүмкүн эмес жана ушунун өзү эле С.Байгазиевдин бул эмгегиндеги орду, салмагы канчалык олуттуу экенин көрсөтүп турат” (“Кутбилим” 06.10.2016-ж.). Мындай баанын акыйкат экендигине С.Байгазиевдин 2016-жылы жарык көргөн “Улуу “Манас” эпопеясы - дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы” аттуу фундаменталдуу мүнөздөгү 30 басма табак көлөмүндөгү эмгеги менен таанышкандан кийин толук ынана алабыз. Автордун китебинин “Улуу “Манастын” улуттук жана дүйнөлүк мааниси” аттуу биринчи бөлүмүндө эпостун жалпы адамзаттык универсалдык гуманисттик дөөлөттөрү жана улуттук баалуулуктары жөнүндө кенен сөз жүрөт. Андан ары китепте Манас, Каныкей, Бакай, Кошой жөнүндө төрт чоң бөлүмдөр орун алган. Манас, Каныкей, Бакай, Кошой улуу дастандын улуу дөөлөттөрүн, нарк-кенчтерин алып жүргөн, өздөрүнүн рухий маани маңызы жагынан “Манас” эпосун дүйнөлүк классиканын деңгээлине көтөрүп турган идеялык-көркөмдүк парасаты бийик кайталангыс образдар. С.Байгазиев алардын образдарын талдоо аркылуу кыргыздын руханий цивилизациясынын туу чокулары менен тааныштырат. Автордун китебинин “Манас” бөлүмүндө  эпостон алынган кеңири мисалдардын негизинде айкөл Манас баатырдын Ата журтка, ак калпак кыргыз элине кылган улуу кызматы, патриоттук асылбаа сабактары, руханий, адептик-ыймандык ак жаркын өрнөктөрү ынанымдуу ачылып берилет.

 

Бакай ааламга даңкы кеткен океандай «Манас» эпосунун борбордук каармандарынын бири. Бирок, ошондой болсо да, тилекке каршы, ушу күнгө чейин манастаануу илиминде Бакайдын образын өзүнчө кең-кесири талдоого алган аналитикалык эмгек жарала элек. Улуу эпостун бул улуу образына арналган диссертациялык изилдөө да жазылбады. Бүгүнкү глобалдашуу мезгилинде улуттук мурастардын рухий ресурстарын активдүү пайдалануу, жарандарда улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу зарылчылыгы туулуп турганда, мындай өксүктүн болушу, албетте өкүнүчтүү. Буга чейинки манастаануу боюнча жазылган эмгектерде, окуу китептеринде, окуу куралдарында, маалымдамаларда, энциклопедияларда, публицистикалык, илимий-популярдуу басылмаларда Бакайдын образы негизинен жалпылама мүнөздө же аннотация түрүндө, справка шекилинде гана сыпатталат. Кээ бир илимий изилдөөлөрдө Бакайдын образы фольклордук нукта, салыштырма-типологиялык планда кыска гана кеп болуп, ал эми образдын өзөгүндө уюп жаткан рухий дөөлөттөргө, адептик-ыймандык баалуулуктарга, этикалык-философиялык кенчтерге жарытып көңүл бурулбайт. Ошол жалпыланган маалымдамаларда, кыска макалаларда, аннотацияларда Бакайдын образынын маани-маңызына байланышкан туура ойлор, мыкты аныктамалар, акыйкат баалар болсо да, баары бир алар конкреттүү мисалдарга жана фактыларга таянган талдоолор жагынан аксап, кургак кабарлардын деңгээлинде калып келет. Кошой баатыр менен Каныкейдин образдары жөнүндө да ушуну айтууга болот.

 

Биз бул эмгегинде С.Байгазиев жогоруда белгиленген бөксөлүктү мүмкүн болушунча толуктап, эпостун тексттеринин көрүнөө жана көмүскө жаткан маанилерине үңүлүп, сюжеттин окуяларына жана фактыларына, манасчылардын мүнөздөмөлөрүнө таянган кең-кесири талдоолор аркылуу, образдын өзөгүндө чөгүп жаткан маңыз-мазмунга “тинтүүр” салып, Бакайдын кеңири тартылган бейнесин бүгүнкү муундарыбызга, эл-журтубузга тартуулаган. Китепте Бакайдын өз бир боор элин жана Ата журтун эркиндикке чыгаруу, көз карандысыз кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү, аны сактоо үчүн Манас, Каныкей, Семетей менен бирге жүргүзгөн каарман күрөшүнө, эл-журттун биримдигин, калк аралык ынтымакты сактоо боюнча көсөм ишмердигине, жалындаган жоокер, жалтанбас баатыр катары жасаган эрдиктерине, калктын, мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарын кайтарган, коргогон мекенчилдигине, капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан акылмандыгына, адилеттүүлүгүнө, калыстыгына, адамгерчилигине, тутунган моралдык-этикалык философиясына, адептик-ыймандык менталитетине, Манас менен болгон достугунун мотивациясына, айкөлгө ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болгон улуу кызматына жана устаттыгына, руханий жолбашчылыгына, баштан кечирген кайгы-муңуна, драмаларына жана жеңиштерине терең анализ жасалган. “Бакайдын образы камтып турган кенчтер - биздин рухий-адептик байлыгыбыз, туу кыла турган идеологиялык дөөлөтүбүз, тарбия ишинде таяна турган ресурсубуз”- дейт автор. 

 

Каныкей эмне үчүн “Калк энеси” деген бийик наамга арзыган? Ал кандай адамдык сапаттарга жана өнөргө эгедер? Кайсы касиеттери үчүн ал “кең көйнөктүн тазасы, зайыпзаттын паашасы” деп аталган. Каныкейдин Манас баатырга болгон улуу махабаты эмнеден көрүнөт? Ал Манастын жана Манастын мамлекетинин тагдырында кандайча роль ойногон? Ата журтуна кандай кызмат кылган? Айкөл Манас атабыздын жары кандай адамдык драмаларды, трагедияны жана каарман күрөштөрдү баштан кечирген? Башкача айтканда, Каныкейдин образынын эпопеяда көтөрүп жүргөн руханий, адептик-ыймандык, патриоттук-философиялык дөөлөттөрү кайсылар? Анын образы бүгүнкү муундарга кандай насыяттарды, кандай нравалык сабактарды, адеп-ахлак өрнөктөрүн тартуулайт? Образдын биз үчүн тарбиялык мааниси эмнеде? XXI кылымдын кыз-келиндерине Каныкей кай жагынан үлгү боло алат?

 

С.Байгазиевдин китебинин “Каныкей” бөлүмүндө дал ушундай бүгүнкү күн үчүн орчундуу мааниси бар суроолорго кеңири аналитикалык жооптор  берилет. Адис-фольклорист, доцент Гүлбара Орозованын: “С.Байгазиев Каныкейдин образын талдоону болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрүп койгон”- деп баа берип жазганына  кошулбай коюуга болбойт (“Кутбилим”, 28-октябрь, 2016-ж.).

 

Эмгектин “Кошой” бөлүмүнүн биринчи главасында улуу «Манас» эпосунун сейрек кездешкен түйүндүү бир окуясынын  чыңалган катаал драмасы, кыяматтуу кыйын-кезеңи жөнүндө сөз жүрөт. “Көкөтөйдүн ашында” боштондукка чыккан кыргыз элинин эгемендүүлүгүн моюндагысы келбеген кытай-калмак империясынын өкүлдөрү менен кыргыздардын ортосунда өз ара тирешкен эрегишүү келип чыгат. Ушундай шартта 85 жаштагы эр Кошой ак калпак кыргыз журтунун, Манас курган эгемендүү мамлекеттин ар намысын коргоо үчүн тагдырын таразага койгон күрөшкө чыгат. Эмгекте кыргыз баатырынын империянын алп балбаны, каардуу Жолойду кантип жеңгени, карыя Кошойдун патриотизми, мекенчилдиги, улутмандыгы, руханий каармандыгы, намыскөйлүгү аналитикалык талдоолор аркылуу ачылып берилип, анын төгөрөктүн төрт бурчунан келген калайык-калктардын көзүнчө “кылым таймашында” ээ болгон кайталангыс жеңиши, анын бүгүнкү күндөгү тарбиялык мааниси тууралуу кеп болот. С.Байгазиевдин китеби “Манас” эпосунун жеңе билүү философиясын даңазалагандыгы менен баалуу.

 

“Кошой” бөлүмүнүн 2-главасында Эр Кошойдун эл-жеринин  боштондугу үчүн болгон баатырдык күрөшү, анын шер Манастын тагдырында ойногон ролу, жоокердик бийик этикасы, инсандык адеп-ахлагы, руханияты, акылмандыгы жана интернационалдык өрнөгү ишенимдүү талдоолор аркылуу ачылып берилген.

 

Бир сөз менен айтканда, Улуу “Манас” эпопеясы – дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы” аттуу С.Байгазиевдин китеби бүгүнкү “Манастаануудагы” өзүнчө бир этаптуу эмгек болуп саналат жана Ала-Тоолук жарандардын үстөл китеби болууга татыктуу.     

 

Кыял Тажиева

Булак: “Майдан.kg” гезити