Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентти болуп шайлангандан тарта, бир топ салмактуу республикалык деңгээлдеги саясатчылар камалып келе жатат.

 

Кыскача хронологияны келтирсек, биринчилерден болуп “Ата-журтчулар” Атамбаевдин аңчылык сезонун ачып беришкен — алар: Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов. Биринчи камоолордун толкундан кийин, былтыр 2016 – жылдын жазында экинчи толкун каптап кетти – анда: Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков ж.б. Ал эми быйыл, камоолордун үчүнчү толкуну Өмүрбек Текебаевден башталып, Дүйшөн Чотонов, кайра Садыр Жапаров менен уланып, андан кийин Райкан Төлөгөнөв менен азыркы убакытта убактылуу токтоп турат.


Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, биздин коомдо биринчи ушактар пайда болуп, анан алардан кийин иш жүзүнө ашканы күнүмдүк эле көрүнүш болуп калбадыбы. Быйылкы камоолордун толкуну ким менен, тагыраак айтканда кайсыл саясий топтун, же партиянын жетекчиси менен токтошун бири эле киши билсе керек. Өзүңүздөр билгендей, ал бир пресс-жыйындын учурунда айтпады беле – “мен, өзүм менен эски саясатчылардын баарын алып кетем”, деп.


Эски саясатчыларга — орустар айткандай “моя хата с краю”  сыяктуу жүргөн башкы республикачыл Өмүрбек Бабановбы? Өзү менен өзү болгон, солтолордун башкы селпилдегичи  Темир Сариевби? Түштүктүн айыл-чарбасын, өзгөчө агро секторду уктап жатып дагы айтып бере турган Быкыт Төрөбаевбы? Түштүктө анча-мынча тилди албагандарды тартипке салып тизгиндеп, тике тургузган Оштун бир кездеги арстаны Мелис Мырзакматовбы? Же, калган-каткан Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүбү? 


Жогоруда айткандай, реалдуулукка жакын болгон ушактарга таянсак Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Мелис Мырзакматов, Бакыт Төрөбаев, Болот Шер, Алмамбет Шыкмаматов, Убактылуу Өкмөттүн мурунку мүчөлөрү ж.б., толук потенциалы бар саясатчылар камалышы ыктымал экен. Жөнөкөй эле логикага таянсак, алар учурдагы режимдин атаандаштары, алар барда бул режим толук кандуу өзүнүн саясатын эркин жүргүзө албайт. Демек, аларды же көндүрүш керек, болбосо саясаттан чектетиш керек, чектетүүнүн жолдору абдан көп, эң эле радикалдуу жана эффективдүүсү ал камоо. Албетте саясатчыны камакка алуу бул акыркы ыкма, себеби сөзгө көнбөсө анда “эпке” салганы дегендей. Мисалы, азыркы мезгилде абакта отурган саясатчылар, учурунда режимге сыпайыраак каяша айтып турганда азырынча эркиндикте жүргөн саясатчылардай болуп жүрүшмөк, бирок, алар ачык тирешүүгө чыккандан кийин бийлик жүзүн сактап калыш үчүн оор кадамдарга барганга мажбур болушту. Табит тамак ичип отурганда ачылгандай, Ата-журтчуларды биринчи камакка алып баштаганда коомчулуктун көбү көрүп, баардык кылмыш-процессуалдык нормалардын бузулушуна көз жумганда, коомдун көпчүлүгү кайдыгер экенин жогору жак жакшы түшүндү дагы, ошондо инерциясы күчөп, камакка алуу пландары ишке аткаруу фазасына өттү.

Башында этияттык менен акырын баштаган саясатчыларды, мурунку режимдин чиновниктерин камоолор азыркы учурда ачык эле, жогорку трибунадан биринчи коркуп-үркүп  айтылып жатат. Демек, азыркы тапта “саясий майданды тазалоо” операциясы соңку фазасына жакындап калды.


Ал бөлүгү республикалык деңгээлдеги саналуу эле саясатчылар менен аяктайт. Анын соңуна чыга турган эки эле жолу болушу мүмкүн. Биринчиси – Кыргызстанда “Биринчи” болом деген,  шайлоого бара жаткан амбициялуу саясатчылар жогору жактагы башкарып жаткан топтун “сунушуна” көнөт. Ал сунуш болгону “ооз басырык” позиция формасында болот, же убактылуу.


Экинчиси – бул кылмыш иштерди козгоо, ошондо алар шайлоодон чектелип, кыңк-мыңк дей турган болсо анда Өмүрбек Текебаевди абакка алгандай эле бат эле желин чыгарып коюшат. Ошол үчүн, үчүнчү толкун менен астында калбайлы деген “кандидаттар” акырын, байкап, “тиги кишинин” нервине тийбей тургандагылары. Режимдин колдоочусу, тилектеши, аткаруучусу, Тайырбек Сарпашевге дагы козголгон кылмыш иш соңуна чыкпайт, бул коомчулук үчүн эле көрсөтүп жаткан саясий спектакль. Анын максаты, — “бизде биздикилер деген жок, баары  мыйзам алдында бирдей” деген ойду коомчулукка жеткирүү үчүн ойлоп тапкан абдан төмөн сапаттагы сценарийдин бир эпизоду. Ал эми, анын кийинки эпизоду, бул Бишкектин мурунку жылма мэри Иса Өмүркулов аткарат окшойт, себеби, кечээ ага мурун козголгон кылмыш иш боюнча Башкы прокуратура УКМКдан кылмыш иши тууралуу кагаздарды суратты. Демек, Тайрбек Сарпашев сыяктуу КСДП  фракциясынын “лидерине” карата дагы тамашалуу кылмыш иши козголушу ыктымал. Бүгүн, 31 мартта Сарпашев айтты – “тергөө менен мен толук кызматташам”, деп, бул жогору айткан шектенүүгө далил десек жаңылышпайбыз.


Ал эми үчүнчү жол, бул режимге каршы болуу жана өздөрүн сактап калуу максатында убактылуу биригүү. Саясатчылардын көпчүлүгү таарынчак, эскиден аттай албаган кекчил адамдар болгондуктан мындай биригүү мүмкүн, бирок аны кылыш абдан татаал болуп калды. Алардын мүмкүнчүлүктөрүн, кыялдарын, мүнөздөрүн жана бири-бирине болгон мамилелерин абдан жакшы билген режим мындай аракет менен кыйналбай эле саясий майданды тазаламай болду окшойт.


Калысбек Айкынов
Булак: "Искра"