...акыл эси соо адам дароо эле окуя чындыкка дал келбесин түшүнөт

 

Кыргызстанда “коррупция менен күрөшүү” деген бир жакшы саамалыктын башталганына көп болуп калды, бирок ал өнөктүктүн айтылган багытта эмес, саясый куугунтуктоо жолуна түшкөндүгү жалпы элге жашыруун деле эмес.

 

Мындай курмандыктардын бири катары коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголуп, бир эмес эки жолу соттук инстанцияда иши каралган Бакыт Абдыкапаровду айтсак болот. Ага карата козголгон кылмыш ишинин маңызы көлөкөдө калып,  Аида Салянованын күйөөсү экендигине өзгөчө басым жасалган. Алтургай козголгон  кылмыш ишинде  ылайыгы келсе да, келбесе да, экс-башпрокурордун атын атап келишкен. Жалпыга маалым болгондой, Биринчи май райондук соту Бакыт Абдыкапаровду 166-берененин бир нече бөлүмдөрү жана 190-берененин 1-бөлүмдөрү менен айыптаган, тактап айтканда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине коюлган айыпты кыскартуу үчүн 50 миң доллар алгандардын катарында Бакыт Абдыкапаровдун бар экендиги айтылган. Кийинчерээк ага ТЭЦке көмүр ташуучуларга жана айрым тартип сакчыларына карата козголгон кылмыш иши боюнча айып тагылган.  Бул айыптардын негизинде Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “көз боёмочулук кылган” деген айыптар тагылган.

 

Бул жерде айыптоо аракети формалдуу логиканын чегинен да чыгып кеткен. Кылмыш аракети башка адамдарга тиешелүү болсо да эмнегедир басым Бакыт Абдыкапаровго жасалып жатат. Укук коргоо органдары аны кызматтык кылмышка күнөөлөп жатышкандары таң калыштуу, мамлекеттик кызматта иштебеген адамды кантип кызматтык кылмыш үчүн күнөөлөшөт? Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине ылайык кылмышкер деп качан соттун чечими чыккандан кийин гана атоого болот, бирок бул берене одоно бузулуп жатат.

 

Адегенде Бакыт Абдыкапаровго каршы көрсөтмө бергендер тууралуу кеп кылсак:

 

1. Т.Байхамбаев “Жезказган энергосбыттын” өкүлү. Белорусь республикасынан кармалып, Бакыт Абдыкапаровго каршы көрсөтмө берүү аркылуу негизги кылмышкерликтен күбөгө өткөн.

 

2. Н.Жетибаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын иш башкармалыгынын начальниги, 8 ай камакта жатып Б.Абдыкапаровго каршы көрсөтмө бергенден кийин баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан.

 

3. О.Турусбеков Б.Абдыкапаровдун бизнестик өнөктөшү, бул адам Абдыкапаровго каршы көрсөтмө берүү менен өзүнүн жана башка кылмыш иши боюнча суралган агасынын эркиндигин алган.

 

Эми болсо, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Сокулуктун тургуну Нурлан Абыкулов аттуу жаран  арыз бергени жатканы тууралуу маалыматты айрым сайттар жазып чыгышты. Анын сөзү боюнча Ново-Павлокадагы анын 60 га жерине А.Салянованын күйөөсүнүн 20 тууганы келип отуруп алган имиш. Көп жылдан бери аларды чыгара албай жүрсө, Сокулук райондук прокуратурасынын мурунку кызматкери Нурлан Сулайманов келип бул ишти бүтүрөм дептир, бир гектар жерин алып кетип калган имиш. Баса, ал да Бакыт Абдыкапаровдун группалашы имиш. Сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин 1 гектар жерди алып, эми телефонуна жооп бербей жаткан имиш.

 

Бул жерде эмне деген логикага жатпаган сөздөр айтылып, акыл эси соо адам дароо эле окуя чындыкка дал келбесин түшүнөт.

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.