Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келди деген негиз менен «Азаттык» радиосун, «Zanoza» маалымат агенттигин бир нече миллион сомго доого жыгуу боюнча сотко кайрылды. Парламенттеги КСДП фракциясы «24.kg» агенттигин жана жарандык активист Рита Карасартованы 2 млн сомго сотко берди.

 

Ал ортодо 11-март күнү өлкө башчы ММКлардын айланасындагы акыркы окуялар боюнча атайын билдирүү жасады. Анда айрым журналисттер менен саясатчылардын тобу президентти максатуу каралоого өтүп, президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатканы айтылат. Алмазбек Атамбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта дароо чоң талкууга жол ачып айрымдар муну сөз эркиндигин чектөөгө болгон аракет деп сыпаттап жатышат.

 

«Бейтарап» программасынын бул жолку чыгарылышында Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айланасындагы акыркы окуялар тууралуу талкуу кылдык. Ага «Сөз эркиндигин коргоо комитетинин» төрагасы Адил Турдукулов жана «Кыргыз туусу» гезитинин кабарчысы Болот Таштаналиевдер катышты.

 

Марал: Президенттин бул жолку билдирүүсү эмнеге багытталган болушу мүмкүн же өлкө башчы муну менен эмнени айткысы келди?  

 

Адил Турдукулов: Президент айкөл жана кечиримдүү болушу керек. Ар бир сөзгө жооп берип, талашып-тартышып саясий атаандаштарын кодулаганы бул ажонун айта турчу сөздөрү эмес. Андыктан президенттин бул билдирүүсүн туура эмес кабыл алдык. Анткени, учурдагы бийлик 2010-жылы сөз эркиндигин жана жарандардын башка дагы эркиндигин орнотобуз деп келишкен. Ооба, кыска убакыт боюу эркиндик болду. Бирок, көп өтпөй ал артка кетип учурда уланып жатат.

 

2010-жылы бийликтин күчү бир борбордо топтолгон эмес. Ал кезде парламентте «Ата-Журт» партиясы өзүнчө бир күч болуп келген. Анын үстүнө бийлик дагы ага чейин берген убадаларынан аз убакыттын ичинде баш тарта алмак эмес. Бирок ал көпкө узаган жок. Эске салсам Атамбаев Акаевдин жана Бакиевдин бийлиги тушунда КТРК аны жамандай берип ал жакын адамдарынан дагы айрылганын айтып келчү. Ушундан улам биз учурдагы бийликтен жакшы нерселерди күткөнбүз. Тилекке каршы азыр деле буга чейинки эки бийликтин тушундагыдай КТРКда, ЭЛТРде кара тизмелер бар жана бийликке каршы чыккандарды бир жактуу шыбамай болуп жатат.

 

Марал: Бийлик 2010-жылдардагы убадасын унутуп сөз эркиндигин чектөөгө өтүп баштаганы айтылды. Сиз бул ойго кошулат белеңиз?

 

Болот Таштаналиев: Жок мен буга кошула албайм. Азыр журналист эмнени кааласа, көркүрөгүндө эмне турса ошону жаза алат. Аны «муну жаз же тигини жазба» деген чектөөлөр жок. Менин журналистика тармагында иштеп келе жатканыма 30 жылга жакындап калды. Бизде бийликчил анан эркин басма сөз каражаттары деп экиге бөлүнүн калган. Мен анын экөөсүндө тең иштеп көрдүм. Бирөөнү каралаган, жамандаган маалыматтар кайдан келээрин, ким аркылуу чыгаарын жакшы билем.

 

Президент болсо туура эле айтты. Муну буга чейин эле айтыш керек болчу. Карап көрсөк биздин мамлекетте чет өлкөлүк ММКларга көп артыкчылыктар берилет. Айрым кездерде алар гана чындыкты айтат, алардын айтканы гана акыркы чындык деп кабыл алып алган учурлар көп. Бул жагынан алганда президенттин билдирүүсү баарын тең өз ордуларына койгондой болду.

 

Марал: Журналисттер айрым учурларда четтен чыгып, такталбаган маалыматтарды таратып жиберген окуялар кездешип жатканы айтылып келет. Басма сөз өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги менен кесипкөйлүгү дагы маселе жаратып жаткан жокпу?

 

Адил Турдукулов: Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдөн салыштырмалуу сөз эркиндиги бар мамлекет катары сыймыктанып келебиз. Ошол эле парламент бийликтин бир бутагы катары кайсы бир укуктарга эгедер. Биз сөз эркиндигин бир гана журналисттерге байланыштырбашыбыз керек. Анткени, эркин ой жүгүрткөн жарандык активисттерге жана камакта жаткан саясатчыларды дагы эсепке алуубуз зарыл. Себеби алар абдан курч сын-пикир айтканы үчүн камакка алынышты.

 

Ал эми президент журналисттерде жоопкерчилик болуш керек деп айтып жатат. Бирок, элдин төлөгөн салыгынан каржыланган КТРК, ЭЛТР телеканалдар жана гезиттер бейтараптуулукту сактабай жатат. Эмнегедир муну президент көрбөй калууда. Андан тышкары бийлик 2011-2012-жылдары өз ресурсун колдонуп бир катар ММКларды рейдерлик жол менен алып алды. Алардын катарында ОшТВ, 7-канал, эң ири басылма деп эсептелген Вечерний Бишкек дагы бар.

 

Марал: ММКлардын үстүнөн түшкөн арыздар сөз эркиндигине болгон басымбы?

 

Болот Таштаналиев: Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, сөз эркиндигин чектөө деп айтууга болбойт. Эгер кайсы бир тарап кимдер бирөөнү сотко берип жатса ал бир фактыга таянып сотко кайрылат. Ал эми кандай чечим чыгарат ал соттун иши. Ошол эле учурда журналисттерди күнөөлөгөндөргө кошула албайм. Алар коом менен башка бир тараптын ортосундагы көпүрө болуу милдетин аткарат.

 

Булак: "Марал"