Акыйкат тепсендиде калды!

 

Азыркы заманда – бөрү терисин жамынган аферисттердин күнү тууп жатканы эч кимге деле жашыруун эмес. Адал эмгеги менен турмушун оңдоп келаткан канчалаган жарандар ага окшогон зулумдардын тузагына түшүп, үй-жайы, ден-соолугунан ажырап калганын көп кездештиребиз. Таң калганыбыз – буга окшогон арамдардын түбүнө жете турган укук коргоо органдары, атайын кызматтар деги бир да жолу карапайым адамдардын тарабында болгон эмес. Акчага сатылып же болбосо өйдө жактын буйругунан коркуп, алардын “ырын” ырдап жүрүшкөнүн көргөндө төбө чачың тик турат! Анык Кудайды тааныбаган шайтандын желдеттерине айланып калышканы бешиктеги балага деле дайын. Буга А. аттуу жарандын адилеттүүлүк издеп эшик жырткан абалын далил катары сиздерге баяндап беребиз.

 

Иштин чоо-жайы мындай: 2013-жылы эптеп ишкерликтин көзүн таап, оокатын өткөзүп келаткан А. аттуу (аты-жөнүн азырынча атабай туралы, ансыз деле бул жигитке карата коркутуулар күч алып жаткан кез) жигит кыйналып-кысталгандыктан, Жунуев деген немеден карызга акча алат. Кийин ал А.нын ишенимине кирип, чогуу иштешүүгө да бел байлашат. Айтор, Жунуевге күрөө катары А. иштетип келаткан шаардагы кафенин бүт документтерин берген. Арадан кандайдыр бир убакыт өткөндон кийин, 20 миң доллар карызды жана анын үстөгүн А. толугу менен төлөп берет да, күрөөдө калган документтерин сурайт. Тиги болсо ар кандай шылтоону айтат, дагы 4 мин доллар үстөк бар экенин айтат. Аргасыз макул болгон А. аны да берүүгө макул болот. Керектүү сумма табылып, кайтарып берейин дегенде тиги качып туруп алат. Жолугушкусу келбейт, ар кандай шылтоону айтат. Буга өз учурунда күбө болгон да адамдар бар, алар: “негизи азыркы заманда ким “акчамды алып кой”,- дегенден качсын?!”- деп жакасын кармап, тобо келтирип жүрүшөт. Ушундан улам А. шекшине баштаган.

 

Көрсө, Жунуевдин максаты – ишкерге таандык кафеге ээлик кылуу экен. Аталган кафенин рыноктук баасы 400 миң доллар! Демек, 4 миңди алып эмне кылат? Арам байлык көзүн күйгүзүп, кафени тийиштүү органдардан ар түрдүү, башка адамдарга каттап кирет. Эми азыркы коррупция заманында акчаңды берсең болду да, баары бүтөт эмеспи. Бирок Жунуев бир нерсени билбейт – кафенин имараты турган жер участогу муниципалдык менчик болуп саналат, анүчүн мэриянын уруксаты керек. Ансыз баары мыйзамсыз.

 

Бул жерде баса белгилеп кете турган жагдай – булар мыйзамсыз тартып алгысы келип жаткан кафени кимдерге каттатып атат? Башында кафени Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкармалыгыны жетекчисинин орун басары, өз жездеси Улан Досалиевге каттатат. “Шектүү шектенет”,- демекчи, бул кадамдары осол болуп калганын байкаган соң, бир аз убакыт өтүп, дароо башка бир тууганы – Дүйшөнбек Жангазиевге каттатууга аргасыз болушкан.

 

Жунуевдин “крышалары” күчтүү экен, айттык. Аларга мыйзам жок. Акыры ага күчү жетпеген байкуш ишкер сотко, тийиштүү укук коргоо органдарына, прокуратурага кайрылууга мажбур болот. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту – “өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылык” боюнча И.Жунуев, У.Досалиев жана Д.Жангазиевге карата кылмыш иши козголот. 2015-жылдын жайында иш чатагына айланып баратканын сезген топ А.га кайрылып, тынчтык келишимине келүүну сунуштайт. Ошол эле кезде бул ишти өздөрүнө чечүү максатында кетирген чыгымдарды, анын ичинде сотторго берилген паралардын ордун келтирүүнү, баш-аягы 53 миң 410 доллар сурашат. Көрсө, булар ар кандай шылтоолорду айтып, убакытты созууну гана ойлошкон экен. Ал кезде сот кызуу жүрүп жаткан, аны өз пайдаларына оодаруунун эле айла-амалын кылышкан тура.

 

Учурда кылмыш ишин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергеп жатат (кошумчалап кетүүчү жагдай, бул кылмыш ишин шайтандын желдеттери эки ирет жапкан, ошентсе да кайра ачылган). Тергөөчү Сангүл Кожонбердиева А. менен И.Жунуевдин бетме-бет жолугушуусун (очный ставкасын) уюштурууга алты жолу аракет кылган. Бирок Жунуев ар кайсы шылтоону айтуу менен келбей койгон. Акыры ал психиатриалык ооруканадан справка алып келиптир. Баса, А. тарабынан Жунуевдин чын эле оорулуубу, тергөө ишине катыша алабы жагдайында маалымат суралган. Мында да эки ача жооп келген. Мисалы, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясат башкармалыгынын начальниги С.Тойматов оорулуу И.Жунуев ачык типтеги бөлүмдө дарыланып жатканын, демек, сот-тергөө иштерине катыша аларын айткан. Ошол эле учурда Республикалык психикалык ден-соолук борборунун дарылоо иши боюнча директорунун орун басары К.Эрмегалиев тергөөчүгө “стационардык дарыланууда жактан И.Жунуевге карата тергөө иштерин жүргүзүү сунуш этилбейт” таризинде кат берген. Ошондо биз кимисине ишенебиз? Бул дагы да болсо кылмыш жоопкерчилигинен качуунун, тергөөнү болтурбоонун айла-амалы го!

 

Жабырлануучу мындан тышкары талашка түшкөн мулкүнө тергөө амалдары бүтүп, сот чечимин чыгарганга чейин камак салууну талап кылган. Себеби, тигил шайтандар тарабынан аны тартып алуу аракети токтой элек. Бирок, тергөөчү бул талапты эмнегедир аткарбай жатат. Мунун кандай сыры бар?

 

Баса, кафени ар кандай арам жолдор менен каттатышкан Д.Жангазиев дегендин колунда 400 миң долларлык кафени сатып алмак тургай, оокатын тың өткөзө турган деле эч нерсеси жок тура. Өз үлүшүн күтүп аткан “пешка”.

 

Уурда жабыр тарткан тарап Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине, ИИМ башчысына атайын арыз менен кайрылды. Бул оокатты А. аттуу жаранга апасы 25 жыл убакыт челнокчулук кылып жүрүп жасап берген. Демек бешене тери кеткен, адал эмгек менен тапкан. Биздин өлкөдө адилеттүүлүк болсо тийиштүү органдар чыркыраган тараптын арызын угуп, бөөдө жерден алданып тарттырып ийген оокатын кайтарып берүүгө милдеттүү. “ИИМ башчысы Улан Исраиловдон тергөөнү адилет жүргүзүп берүүнү, Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиевден алдамчы И.Жунуевди психдиспансерге жаткызып, жашырып жаткандарды жазалоону, башпрокурор И.Жолдубаевадан калыстыкты орнотууда жолтоо болгон прокуратура, ички иштер, атайын кызмат адамдарына чара көрүүнү көптөн-көп суранабыз. Болгон үмүтүбүз сиздерде!”- дейт жабырлануучу тарап.

 

Адилет Асанов

Булак: “Майдан.kg гезити.

 

Редакциядан: Урматтуу министрлер Талантбек, Улан мырзалар! Башпрокурор Индира айым! Бул макаланы гезит редакциясы сиздерге кайрылуу катары кабыл алууну жана тийешелүү териштирүү жүргүзүп, жообун жөнөтүүнү суранат. Карапайым адамдарды чыркыраткан шүмшүктөр өз жазасын алып, калыстык орношу керек...