Экономикалык сереп

 

Мамлекетте экономиканын жогорку өсүш темпин камсыздоо, баалардын туруктуулугун, ишсиздикти жоюу, ички-тышкы сооданын оң сальдосун камсыздоо монетардык саясаттын негизги милдети болуп эсептелет. Мындай саясат финансылык секторду реформалоо жана инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча күч-аракеттер менен катар келечекте экономиканы монетизациялоону көбөйтүүгө жана пайыздык ставкаларды азайтууга мүмкүндүк берет, натыйжада экономиканын  реалдуу сектору  үчүн узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды камсыздайт.

 

Монетардык саясаттын натыйжасын көтөрүү жана экономиканы өнүктүрүүдө анын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү үчүн өлкөнүн финансылык рынокторду  кеңейтүү, банк системасын оңдоо, акча-насыя саясатын өркүндөтүү, экономиканы насыялоону  көбөйтүүнүн эсебинен экономиканы монетизациялоону жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүш керек.

 

Соңку жылдарда фискалдык кырдаалдан улам бюджеттин туруктуулугунда өтө терс жагдай түзүлгөн. Фискалдык органдар  жүктөлгөн милдеттерди аткара албай калды. Салыктык милдеттенмелерде бизнес  боюнча мурдагыдай эле татаал администрациялык жол-жоболор колдонулат. Коррупциялык схемаларга аралашкан фискалдык органдардын иш-аракети бизнестин мамлекетке болгон ишенимин жоготуп, жалпысынан финансылык туруктуулукту  жоготту.

 

2016-жылы бюджеттин кирешеси (124,5 млрд.сом) менен чыгашасынын (163,2 млрд.сом) айрымасы  чоң өлчөмгө – 38,7 млрд. сомго же 516 млн. АКШ долларына (ИДПга карата 7,8%) жетет, ал эми мамлекеттик карыз 4,7 млрд. доллардан ашты.  Айта кетчү нерсе бюджеттин кирешесинин (124,5 млрд.сом)  10 млрд. сомго жакыны четтен келген садаганы (гранттар) кошуп эсептелген.  Бюджеттин  кирешеси  менен чыгашасынын  айрымасы жылына 40-50 млрд. сомго жетсе, өлкөнүн тышкы жардамдарга өтө көз карандылыгын бекемдеп мамлекеттүүлүккө шек кетти. Ошондой эле салык жүгүнүн өсүш-түшүш баш аламандыктары мамлекеттин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тобокелдиктерди көбөйттү. Мындай кырдаалда мамлекетте пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды көбөйтүү боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөр чектелүү, ошондой эле иш жүзүндө экономикалык долбоорлор менен программаларды каржылоого бош акча каражаттары дээрлик жок. Жолдорду, мектептерди, ооруканаларды, балдар бакчаларын, театрларды, университеттерди, музейлерди калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча иштер каржылоого өтө муктаж. Ошондуктан бүгүнкү күндө коомдун муктаждыктарына багытталган мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоо маселеси мурдагыдан да өтө курч турат.

 

Учурдагы бюджет чыгашасынын 45 млрд. сомун эмгек акы, социалдык төлөмдөрүн кошуп эсептегенде 50 млрд. сомун түзөрүн, мамлекеттик карызды тейлөө жылына 25 млрд. сомдон ашканын айтсак, мамлекеттин бюджети социалдык багытта, бюджеттин социалдык тармакка чыгашасы 50 проценттен ашат деген сөздөр жалган экендигин аныктайт. Бюджет чиновниктер менен карыздарды төлөөгө багытталган бюджет болуп эсептелинет.

 

Социалдык чөйрөнү колдоо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттин турмуштук маанилүү чыгымдарын карыздык төлөмдөр менен кысууга жол бербөө зарыл. Бирок, карыз көйгөйүн жөнгө салууга мүмкүндүк берүүчү негизги булак мамлекеттик бюджеттин өсүп бараткан кирешелери болууга тийиш. Мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу алардын натыйжалуулугуна жетишүү, каражаттарды мамлекетте жеке сектор тарабынан алмашылбай турган жерлердеги кызмат көрсөтүүлөргө, өзгөчө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, даректүү социалдык жактан коргоо кызматтарын көрсөтүүлөргө  топтоштуруу менен жүрүүгө тийиш. Фискалдык саясатта да ырааттуулукту жогорулатуу боюнча, анын монетардык жана мамлекеттик саясаттын башка түрлөрү менен макулдашылгандыгы, программалык бюджеттөөгө өтүү, бюджеттик тартипти чыңдоо, бюджет процессинин толук ачыктыгын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүш керек.

 

Өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана Кыргыз Республикасынын калкынын жана ишкерлеринин кредиттерде жана банктык сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдө муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүү болгон финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү системасын түзүү банк системасын өнүктүрүүнүн максаты болуп саналат. Акыркы  жылдарда  өлкөдөгү улуттук валютабыз - сомдун массасы жылдан жылга наркын жоготуп, кунсузданып  келет. Ал эми  2016-жылдын башталышында 80 сомго жетти. 1992-жылы сом  өлкөнүн акчасы болуп киргенде АКШ доллары 4 сомго бааланган болсо, кийинки жылы - 2,7744 сомго чейин түшкөн (19.05.1993-ж.). Фактылар көрсөткөндөй 2016-жылы сом болуп көрбөгөндөй кунсузданып, наркын долларга салыштырмалуу 20 эсеге, ал эми 1993-жылдын курсуна караганда 28 эсеге жоготту.  Өкмөт менен   Улуттук Банктын жүргүзгөн монетардык саясаты   формалдуу  болуп,  жыйынтыгы экономиканы учурдагы акыбалга алып келди.

 

Айтылып кеткен жагдайлардын себептеринен болуп экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен түшүндүрсөк болот.  2015-жылдын  жыйынтыгында  импорт  3,7 млрд. АКШ долларын,  экспорт 1,7 млрд. АКШ долларын түзүп, айырма 2 млрд. АКШ долларына импорт көп болгон. 2016-жылдын кабыл алынган бюджетинде экспорт араң – 2100,0 миллион АКШ долларын, импорт  көбөйүп – 6200,0 миллион АКШ долларын түзүп, же болбосо  долларлашуу  деңгээли  66% тен ашса, банктардын кредиттик портфелдеринин долларизациялоо денгээли 2015-жылдын жыйынтыгында 55,1%ке жеткен.  Мындай фактылар  талдоолор  көрсөткөндөй тендецияга айланып, көп жылдардан бери  жыл сайын өсүүдө. Натыйжада, Кыргызстанда жарандар жана ишканалар сомго ишенбегендиктен, бардык аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы бардыгына белгилүү. Кыргызстанда бардык рыноктук келишимдер доллар менен жүрөт. Автоунаа сатып аласызбы, үй аласызбы, жер аласызбы, пара бересиңби - бардыгы доллар менен ченелет жана жүрөт. Демек, сом өзүнө жүктѳлгѳн акча функцияларын аткарбай калды. Бирок жыл өткөн сайын сомдун нарксыздангандыгынан калктын жана бизнестин Улуттук банкка болгон ишеничи такыр жоголуп, экономика толук долларлашуу багытын  алды.

 

Монетарлык саясат экономикалык конъюнктурага таасир этип, ошол эле мезгилде учурдун суроо–талаптарына жооп бериш керек. Анын обьектиси акча рыногу, баарыдан мурун акчанын массасы. Монетардык саясатты Улуттук Банк аныктап, коммерциялык банктар, кредиттик башка мекемелер аркалуу жүзөгө ашырылат.

 

Бирок, кээ бир фактылар монетардык (акча-насыя) саясаттын принциптерин жокко чыгарууда: Улуттук Банктын (УБ) валюта операциясы боюнча  отчетун талдасак: биринчиден, 2005-жылы УБ 83,2 млн. америка долларын сатып алып, 12 млн. доллар саткан, натыйжада таза сатып алуу 71,3 млн. долларды түзгөн.  Америка долларынын курсу 0,78%ке төмөндөп, жылдын акырында 41,3011сом/доллар болгон. 2013-жылдагы УБ отчету боюнча таза валюта сатып алуу  жана сатуу  2012-жылга 284 млрд. 076,9 млн. сомго,  2013-жылда 384 млрд. 865,7 млн. сомго, 2014-жылда  593,5 млрд. сомго жеткен. 

 

Өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ВВП) көлөмүнөн  бир  канчага  ашып  кеткен.   Америка доллары менен  8-10 млрд. түзөт.  Бул  суммалар   коммерциялык   банктардын  накталай эмес  жана накталай, ошондой  эле  алмаштыруу  бюролорундагы  накталай  чет өлкө  валюталарын  сатып алуу жана сатуу көлөмү. Кызыгы сатылган жана сатып алынган валютанын 80% накталай жүргүзүлгөнү.

 

Жогоруда белгиленген фактылар сөзсүз бюджет системасынын калыптануу процессине терс таасирин тийгизет. Себеби бюджет тартыштыгын финансылоонун эки эле жолу бар: Биринчиси, эмиссиялык (инфляционный) баанын орто деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келүү үчүн жүгүртүүгө кошумча акча чыгаруунун натыйжасында мамлекет киреше алуучу кредит-акча эмиссиясы (мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын монеталаштыруу) болот; экинчиси, эмиссиялык эмес  (безинфляционный)  бюджеттин дефицитин мамлекеттен негизделген ар түрдүү булактардан алынган насыялары (кредиттер). Эки жол тең Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө опурталдуу.

 

Кыргызстан  үчүн, эгер бюджеттин  тартыштыгын жабуучу булактарды -  мамлекеттик негизделген - насыялар (кредиттер) менен камсыздап, алардын кайтарылышын жана тейлөөнү конкретүү  долбоорлорго  жүктөбөсө, бул тартыштыктар келечекте мамлекетте акча эмиссиясын, бюджетке жүктү көбөйтүп, мамлекеттин финансы системасында стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизип, учурдагы оор абалдан чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.

 

Улуттук  Банктын  билдирүүлөрүнө  таянсак, 2013-жылы алтын-валюта запасы 8,3%ке жогорулап, 31-декабрга карата $ 2,238  миллиардды  түзгөн. Анын ичинен алтын 6,3 пайызды түзүп, $145,25 миллион (алтын эсебинде - 3,2 тн.) түзгөн. Алтындын запасы 2004-жылы $405,4 миллион (30,0 тоннага жакын) болгон.

 

Түшүнүктүү болсун үчүн  “алтын валюта  резерви” эмнеден турат? Алтын валюта резервинин структурасына: алтын  жана нак чет өлкөлүк валюта - бюджеттин тартыштыгын жабууга тартылган карызга келген каржаттардын өкмөттүн  Улуттук  банктагы   коррреспонденттик эсептериндеги  калдыктар кирет.

 

Өлкөнүн улуттук валютасы канчалык туруктуу болсо, алтын валюта резервинин курамында алтындын үлүшү чоң болот, же тетирисинче улуттук валюта туруксуз болгондо, Алтын валюта резервинин үлүшүндө алтын аз болуп, башка валюталар көп болот. Мисалга  01.01.2014 жылга алтын валюта резервинин алтындын үлүшү төмөнкүдөй:

- АКШда  – 70%;

-  Экономикалык жана валюта  союзуна кирген өлкөлөр (ЭВС) – 55,2%.

– Орточо өнүүгүү жолундагы өлкөлөр (по группе развивающихся стран)– 8,0%.

- Кыргызстанда – 7,8%;

 

Талдоолор көрсөткөндөй ИДП 2000-жылы 65,4 млрд. сомду түзсө,  2013-жылга 350,3 млрд.  сомду түзгөн, өсүш – 5,35 эсеге жеткен. Ошол эле учурда, акча массасы 2000-жылга (4 ,5 млрд. сом) караганда 2013-жылы 15,9 эсеге көбөйүп кеткен (73 ,1 млрд. сом).  2014 – жылы акча массасы 64,5 млрд. сомго түшүп, чек  жана ишкана, калктын банктардагы аманат каражаттары менен М2 – Акча агрегаты – 82,4 млрд. сомду түзүп, ички дуң продукциянын (390,0 млрд.сом) 21,1% тин түзгөн. Монетизациялоо  коэфициенти 21,1 % болгон. Бул  эң төмөнкү көрсөткуч болуп эсептелинет. Салыштырмалуу  бул  көрсөткуч Япония, Кытай, Канада өлкөлөрүндө 150 пайыздан жогору. Оптималдуу болуп  65-70 пайыз эсептелинет.

Өлкөдө  жүгүртүүдөгү акчанын дээрлик 95% накталай жүргүзүлгөндүгү финансы системасындагы проблемалардын бири. Бул көрсөткуч  АКШда -6,6%,  Мексика  жана  Бразилияда 5,3%  жана  4,2% ти түзөт. Монетазициялоонун жогорку көрсөткүчү экономика – финансы  системасы өнүккөн өлкөлөргө таандык болуп, төмөнкү көрсөткуч өнүкпөгөн мамлекеттерге мүнөздүү жана экономиканын  туруксуздугунун   себеби болуп эсептелет.

 

Жогорудагы келтирилген фактылар – жөнөкөй тил менен айтканда, өтө ойлонто турган, кооптуу нерсе. Мунун баары – Кыргызстандын экономикасы туура эмес жолдо баратканын белгилеп турат.

 

(Уландысы бар)

Адилет Арстанбеков

 

Булак: “Майдан.kg” гезити