“Ата-мекенчилер 50 миллион доллар алмак экен, ким билет, тымпыйып олтургандарына караганда ишти бүтүргөн го”, “жакында мародёрчулук да ачылып, камалышат экен”

 

“Текебаев, Салянова, Шыкмаматов “Мегакомдун” акцияларын сатууну көздөптүр”, “Ата-мекенчилер 50 миллион доллар алмак экен, ким билет, тымпыйып олтургандарына караганда ишти бүтүргөн го”, “жакында мародёрчулук да ачылып, камалышат экен”, “о-уу Шакинин партиясы Бишкекте автобустарды бекер кылат экен”, “Кыргызстанчылар бекер даараткана орнотот тура, кандай жыргаал!”... Бул бир жума ичинде жүз берген окуялардын саналуусу гана.

 

11-декабрга белгиленген референдум жана бир катар стратегиялуу шаар кеңештерин шайлоо болуп көрбөгөндөй курч маанайда өтө тургандыгы айтылууда. Айрым эксперттер бийликтен корккон үчүн акырын, тар чөйрөдө, “бул референдумдар генералдык репетиция болгону турат, референдумду да, шайлоолорду да бийлик пайдасына 80 пайыздан ашырып, элдин реакциясын байкашат, а эгер ийгиликтүү өтүп кетсе, көрө бер чыныгы оюнду”,- дешүүдө. Бул сапар эл кайдыгер болуп, акчага-аракка азгырылып, коркоктугунан багынып, унчукпай олтуруп бере турган болсо, анда бийлик үчүн 2017-жылы өз мураскерин президенттикке алып келүү иттен оңой болуп калат. Бул бир. Экинчиден, парламентти таркатып, февраль айына жакын жаңы шайлоо дайындалат да, СДПК орусиялык “Единая Россиядан” кем эмес добуш алып, бирден-бир башкаруучу күч болору айтылууда. Азыр көбү айтып турушат го, “бизде авторитардык башкаруу орноду” деп. Жок, азыр салыштырмалуу эркиндик бар. А чыныгы тоталитардык коомду ошондо көрөсүңөр!

 

Референдумга коюлуп жаткан Конституциянын долбоорун элге жага тургандай кылып шөкөттөп, телеэкрандан түшүрбөй көрсөтүп, даңктап жатышат. Ошол эле учурда эмнеге ага каршы топтун пикирлерин чагылдырышпайт? Референдумга каршы топту БШК каттаган менен, аларды гезит-телеге жакын жолотпосо, бир сөзүн айта албаса, бул кандайча демократиялык таза жалпы элдик добуш берүү болот? А шаардык кеңешке шайлоолор эскиче эле кетип жатат. Административдик ресурс бир партияга байланып, анын жеңип келери эч кимде шек туудурбайт. Анын үстүнө оппозициялык партиялар бул шайлоолордо дээрлик жок. Бир гана Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин “Ата-Журт” партиясы ат салышып жатат. “Ата Мекендин” мүчөлөрүн куугунтуктап жатышып, алар бир да аймактан чыга албады.

 

Баса, Камчыбек Ташиевден тышкары, “Ата-Журтка” Адахан Мадумаров менен Ахматбек Келдибековдун кошулганы да кабарланды. Ачыгын айтуу керек, бийликтен далай куугунтук жеген бул үч азаматтын биригүүсү акыркы кезде акыйкаттуулуктан түңүлүп калган карапайым калк үчүн абдан жакшы кабар болуп, алар көздөрүнөн жаш тегеренип кубанып жатышат. А эгер буларга Текебаевдер кошулуп кетсечи? Ар жагын өзүнүз баамдаңыз.

 

Ошондуктан, урматтуу элим, бети табактай болуп теледен чыгып эртең сиздин турмушуңузду жыргатып ийгиси келген адамды көрсөңүз эле дароо качыңыз! Мындай болбостугун акыркы парламенттик шайлоолор көрсөттү го. Кана ошол убадалардын аткарылганы? Булар табактай бетин батырып алган күндүн эртеси эле эл эмне экенин унутушат! Калган сөздү кийинкиге калтыралы...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити