УКМК билдирет!

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экстремизмдин алдын алуу боюнча жигердүү аракеттерди көрүп, диний азгырык менен аң-сезими уулангандарга чара көрүү иштерин жүргүзүүдө.

Негизи, эгемендүүлүк алгандан кийинки идеологиялык боштукту сырттан келген диний агымдар ээлеп, шалаакы жетекчилердин айынан коом экстремисттик топтордун маалыматтарына сугарылып калган. Жыйынтыгында, бөтөн баалуулуктарды туу туткандар жарандардын катары калыңдады. Аны чукул аралыкта өзгөртүү кыйын, бирок Камчыбек Ташиев келгенден бери бир топ изги иштер жасалууда.

Өткөн жумада эле, УКМК тарабынан жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. Иликтөө иштердин жүрүшүндө 1998-жылы туулган, диний билими жок КР жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштургандыгы, 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала), сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөндүгү, сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Кыргызстан Мусулмандар диний башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушкан эместиги аныкталган. Ошого катар, экстремисттик уюмдарда жүргөндөрдү кармоо, камоо иштери жүрүп жатат.  Бул токтобошу керек. Мамлекетти, кыргызды талкалачу топтор так ушул аң-сезими уулангандар болуп саналат.

Булак: "Майдан.kg" гезити