Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат...

 Жаандан коргоочу чатырлардын чыры

“Ак Кеме” турак жай комплекси бириктирилген жана улай салынган 3 кабаттуу, 5 кабаттуу, 7 кабаттуу өз алдынча курулган 7 үйдөн жана 9 подьездден турат, ал бир бүтүндүккө бириктирилип  кеменин элесин чагылдырып турат. Ар бир блок-үй өзүнчө сейсмикалык  бириктирме менен башка үйдөн ажыратылган, ошондуктан алардын ортолорунда 5 – 10 сантиметрлик кобулдар бар. “Ак Кеменин” чыгыш тараптагы бөлүгүнө “С.Ибраимов көчөсү №108 үйү”, ал эми түндүк жактагы бөлүгүнө “С.Ибраимов көчөсү №108а үйү” - деген почтолук даректер ыйгарылган. 

“Ак Кеме” долбоорунун авторлорунун бири С.А.Султановдун айтымында, “финансылык каражаттарды үнөмдөө жөнүндө борбор калаабыздын жетекчилигинин чечиминин негизинде” ушул үйдүн төбөсү спорт аянтчасына, эс алууга, көңүл ачууга, дагы башкаларга пайдаланылбай тургандай кылынып жана аралаш жеңил конструкцияларды салууга ылайыкталып курулган. Комплекстин жалпак төбөсү             суу өткөрбөөчү материалдар менен жабылган. Мындай жапмалар (кровелдер) ар бир 10 – 15 жылда оңдоо жумуштарын жүргүзүүнү талап кылат.

Пайдаланылып келатканына 39 жыл болгон ушул турак жай комплексинин көп кабаттуу үйлөрүнүн төбөлөрүнөн (кровелдеринен) 2010-жылдан тартып жаан суулары квартиралардын ичине агып кирип, тургундарды чыгымдарга кириптер кылууда.  Жаан сууларынан батирлерди коргоо түйшүгү үстүңкү кабатта жашаган тургундардын моюнуна жүктөлүп калды. Ушундан улам 5-кабаттагы № 99-100-батирдин ээси 2023-жылы тамдын төбөсүндөгү жапманы (кровелди) өзүнүн каражатына оңдотуп, жаан суусунун батирге кирүүсүн токтоткон. Бир нечелеген тургундар 3 подьездин төбөсүнүн жапмаларын (кровелди) жантайган, жөнөкөй чатырлар менен өз акчаларына жабууга мажбур болушту. Үстүңкү кабатта жашаган дагы 9 тургун  талап кылынган 30га жакын ар түрдүү документтерди жол-жоболошуп, топтошуп, ыңгайлуулуктары бар жеңил конструкциядагы жайларды курууга уруксат берген документтерди алышты. Ошолордун негизинде жаан суусунан коргой турган чатырлары бар, жеңил конструкциядагы 8 кошумча жайды тургундар өз каражаттарына кура баштады. 7 кабаттуу үйдүн биринчи подьездинин төбөсүндөгү 9-кошумча жайды курууга Ж.А.Кадралиевдин урксат документтери бар, бирок жеңил конструкциядагы чатырлуу курулушту ал баштай элек.

2020-жылдын 15 жана 29-апрелинде жааган жаандын суулары 6-подьездин жапмасынан (кровелинен) тамчылап агып кирип, №85, №84, №81  батирлерди каптап кетет. Аялуу буюмдарды суу тийбегендей кылып сактоо, тамчылаган жерлерге чака, чөмүч, чайнек коюу, жаан сууларынын кесепеттерин азайтуу аракеттери кызуу жүрүп жаткан 3-кабаттагы Б.Шадыкановдун №85 батирине “Ак Кеме” турак жай комплексинин Турак жай ээлеринин шериктигинин (мындан ары – ТЭШ) төрайымы Чынара Сатыбекова, жоон топ адамдар кирип келишип, “сууну каптаттың” дешип аны негизсиз күнөөлөшөт.  Батирдеги крандардан суулар акпагандыгын, асмандан жааган жаандын суулары жапмадан (кровелден) агып кирип жатканын Б.Шадыканов аларга көрсөтөт. Ошого карабастан “акты түзөбүз, келтирилген чыгымдарды төлөйсүң” – дешип, келгендер коркутушуп, жаңжал чыгарышат. Жапманын (кровелдин) абалын текшерүү жөнүндө ТЭШтин кабарын бербестен кирип келген кишилердин чырын токтотуу үчүн батирдин ээси милиция чакырууга, акты түзүүгө аргасыз болгон.

Жаан сууларынан батирлерди коргоо маселеси абдан курч көйгөйгө айланып, тургундар жапырт кыйналып турганда, 3 кабаттуу үйдөгү 6-подьезди жаандан коргой турган жеңил конструкциянын курулушун токтотуу, буздуруу багытындагы чабуулдарды ТЭШтин төрайымы ушул окуядан кийин баштады.

Свердлов райондук сотунун 2021-жылдын 26-ноябрындагы чечиминде, Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 22 -февралындагы жана 2022-жылдын 20-июлундагы чечимдеринде, КР Жогорку Сотунун 2022-жылдын 17-майындагы токтомунда “№108 үйдүн 6-подьездинин үстүнө өзүм билемдик менен курулган курулушту бузуу жолу менен жалпы үлүштүк мүлктүн пайдаланылышына тоскоолдук кылууну четтетүү тууралуу талап-доону Н.В.Парфенова, Ж.К.Такырбашева, ТЭШтин төрайымы Ч. Сатыбекова бергендиги баса белгиленет. Алардын арызында жазылган “жалпы үлүштүк мүлк” деген түшүнүк же талаштын предмети 6-подьездеги 3 кабаттуу үйдүн төбөсүндөгү жапма (кровел) курулган курулуш аянты болуп саналат. Ал эми “жалпы үлүштүк мүлктүн пайдаланылышына тоскоолдук кылууну четтетүү жөнүндөгү” алардын талабы жаандардын сууларынан подьезди коргогон, ошол аянтка курулган, чатыры  бар, жыгачтан жасалган жеңил конструкцияны бузуу керек деген маанини билдирет.  

Жогоруда аталган доогерлердин талаптары канааттандырылса, жаан сууларынан коргогон жеңил конструкция бузулса, талаштын предмети доогерлерге берилсе, жапма (кровел) курулган курулуш аянтын ТЭШ кантип пайдаланат (?) деген маселе жаралат. Ушул  талаштын предмети болгон үйдүн төбөсүнө 5, 7 кабаттуу үйлөрдөн чыгуучу жол жок. Ч.Сатыбекова, Н.В.Парфенова аталган ушул обьектини пайдалануу үчүн 7 кабаттуу жана 5 кабаттуу үйлөрдүн  төбөсүнөн 6-подьезд жайгашкан 3 кабаттуу үйгө секирип түшүшөбү? Анткени 3, 5, 7 кабаттуу үйлөр жогору жакта айтылгандай өзүнчө курулган үйлөр болуп саналат, алардын үстүңкү жапмасына (кровелине) тиешелүү кабаттуу үйлөр аркылуу гана чыгууга болот. 

Жалпы үлүштүк мүлктү же так айтканда жапма (кровел) курулган курулуш аянтын ТЭШтин мүчөлөрүнүн биргелешип пайдаланышы жөнүндөгү доо-арызда айтылган сөз сандыраган кеп болуп саналат. Анткени “жапма (кровел) курулган курулуш аянтын пайдаланууга болбойт, бирок аралаш (жеңил конструкциялар) пайдаланылса болот”, деп көрсөтүлгөн “Ак Кеме” курулуш комплексин куруунун архитектуралык пландоосунун шарттарында.

“ТЭШ мүчөлөрүнүн 100% макулдугун Б.Шадыкановдун алуу керектиги жөнүндө” жогоруда көрсөтүлгөн соттордун чечимдеринде белгиленген Ч.Сатыбекованын талабы арзууга татыбайт. “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай жобо каралган эмес. Ушул аталган Мыйзамдын 14-1-беренесинин  1-бөлүгүнө ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же өкүлдөрүнүн 50 пайыздан ашыгы катышса, чогулуш чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат, катышкандардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат. Б.Шадыканов жашаган 3 кабаттуу үй  “Ак Кеме” комплексине бириктирилген өз алдынча үй болуп саналат, жаандан үйдүн төбөсүн коргоочу жеңил конструкцияны курууга макулдук берүү жөнүндө 6-подьездин  тургундарынын чечими толук мыйзам ченемдүү.

Тиешелүү документтерсиз эле өзүм билемдик менен жеңил конструкциядагы курулушту Б.Шадыкановдун куруп жатышы тууралуу айыптоолор куру сөз экени, баардык мыйзамдуу документтер анда бар экендиги Свердлов райондук сотунда толук аныкталды.

Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдүн негизинде Свердлов райондук соту 2023-жылдын 3-мартындагы чечиминде арыз жазгандардын доо-талаптарын канааттандырган жок.

Прокурорлор мыйзамды кантип бузушту?

Бегалы Шадыкановдун үйдөн кууп чыккандыгына катуу ыза болуп калган ТЭШтин төрайымы Ч.Сатыбекова жардам сурап арыз менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылат. Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.Каримовдун коррупцияга шектелген сунуштамасы 2021-жылдын 3-июлунда 11/8-0-55-21 кат менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасы мамагенттигине (мындан ары – Мамкурулуш агенттиги) жөнөтүлгөн. Ушул сунуштамада Мамэкспертизалар департаментинин 2020-жылдын 5-февралындагы №ГЭ-СА-39/2016 корутундусун жокко чыгаруу жолу менен мыйзам бузууларды четтетүү чарасын создуктурбай көрүү көрсөтмөсү Мамкурулуш агенттигине берилген. Аны Мамкурулуш агенттиги 2021-жылдын 3-сентябрында карайт. Ага бөлүмдүн улук прокурору Н.Н.Муратов катышат. Жыйында Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурордук мамилени көрсөтүүчү сунуштамасынын негизинде “Б.Шадыкановго берилген баардык уруксат берүүчү документтер жокко чыгарылган” (Бул Бишкек прокуратурасынын Б.Шадыкановго жазган 2023-жылдын 23-январындагы №23/151-00-04-11/27-23-00078 катында жазылган). 

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.Каримовдун коррупцияга шектелген сунуштамасынын кесепетинен Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 22-февралындагы жана 2022-жылдын 20-июлундагы чечимдери, КР Жогорку Сотунун 2022-жылдын 17-майындагы токтому кабыл алынып, көп батирлүү үйдүн төбөсүндөгү чатырлуу жеңил конструкцияны Б.Шадыкановдун эсебинен бузуу бүтүмү чыгарылган жана төмөнкүдөй бир катар мыйзамдык жоболор бузулган:

1. “Турак жай мүлктөрүнүн ээлеринин (150 менчик ээсинин) макулдугу жок эле Бишкек башкы архитектурасы архитектуралык пландоонун шарттарын иштеп чыккан жана Б.Шадыкановго берген” – деген, Бишкек шаардык прокурорунун орун басарынын сунуштамасындагы аныктама, Бегалыга берилген баардык уруксат берүүчү документтерди жокко чыгаруунун жалгыз негизи жана жалгыз далили болуп саналат.  Мындан башка себептер көрсөтүлгөн эмес. Биз жогоруда, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-1-беренесинин  1-бөлүгүндөгү жобону келтиргенбиз.  Эми турак жай чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзамдардагы жоболорго токтололу:

“Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексинин 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жалпы мүлктү күтүү жана пайдалануу боюнча чечимдер турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда,  турак жайлардын менчик ээлеринин  жалпы санынын  көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат. Бул жободо турак жай мүлктөрүнүн ээлеринин баардыгынын (150 менчик ээсинин)  макулдугун алуу жөнүндө түшүнүк жок.

2. Биз жогоруда “Ак Кеме” турак жай комплекси бириктирилген жана улай салынган бир нечелеген кабаттардан, үйлөрдөн, подьездерден турарын айткан элек. Эми аларды кайталабай, башка фактылар менен толуктайлы. Комплекстин №108-үйү 1984-жылы, ал эми 108А үйү 1985-жылы пайдаланууга берилген. Ушул эки үйдүн ар биринин өз өзүнчө техпаспорту бар. 5 жана 7 кабаттуу башка үйлөргө бириктирилип жана уланып салынган, Б.Шадыканов жашаган 3 кабаттуу үйдөгү батирлердин ээлеринин  укуктары жана милдеттери Турак-жай кодексинин 21-беренесинде каралат. Ушул берененин 3-бөлүгүндөгү жобого ылайык, бириктирилип жана улай салынган жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн менчик ээлери болуп саналышпайт. Демек “Ак Кеме” турак жай комплексинин 5 жана 7 кабаттуу үйлөрүндө жашаган менчик ээлеринин 100% макулдугун алуу талабын коюуга ТЭШтин төрайымы Ч.Сатыбекованын укугу жок. Ал эми “Турак жай мүлктөрүнүн ээлеринин (150 менчик ээсинин) макулдугу жок эле Бишкек башкы архитектурасы архитектуралык пландоонун шарттарын иштеп чыккан жана Б.Шадыкановго берген” – деген аныктаманы Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.Каримовдун чыгарышы туура эмес жана негиз жок экендигин  ушул 21-берененин 3-бөлүгүндөгү жобо тастыктап турат. Анткени 5 кабаттуу үйдө жашаган менчик ээлеринин жалпы менчиги көп батирлүү башка үйлөрдүн жалпы менчиги болуп саналбайт.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.Каримов менин далилдеримди, жүйөөлөрүмдү, көрсөтмөлөрүмдү албай, мага жолукпай туруп, Ч.Сатыбекованын арызы чындык деген бир тараптуу ишенимдин негизинде сунуштаманы жазгандыктан ал Мыйзамдык жобого каршы келет, деп айтып жүрөт жабырлануучу Бегалы Шадыканов.

3. Ушул аталган Кодекстин 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы жобого ылайык, “көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкаруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: 1). Көп батирлүү үй төрттөн ашпаган батирди өзүнө камтыган учурларда жайлардын менчик ээлери тарабынан”. №108-үйдүн 5 кабаттуу үйүндө №81, 82, 83, 84-батирлер бар, алардын ээлери берген макулдук жогоруда көрсөтүлгөн жобого ылайык толук мыйзамдуу болуп саналат. Аны жараксыз деп табуу Мыйзамды бузууга алып келет.

4.  “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесинин 3-бөлүгүндө: “Эгерде административдик актынын жокко чыгарылышы менчик ээсинин эркинен тышкары мүлкүн алып коюуга алып келиши мүмкүн болсо, административдик акт ушул административдик актыны кабыл алган же анын жогору турган органы тарабынан жокко чыгарылбайт. Бул учурда административдик акт сот тартибинде анык эмес деп таанылат”-деп жазылган. Ушул мыйзамдык жобону Мамкурулуш агенттиги одоно түрдө бузуп, турак жай ээси Б.Шадыкановдун баардык уруксат документтерин жокко чыгарды, ал эми соттор документтерди жокко чыгаруучу административдик актыларды анык эмес деп, тааныган жок.   

Колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-беренесин 1-бөлүгүндө: “Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган аракет үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбашы керек” – деп көрсөтүлгөн. Ушул конституциялык Жобону бузуу аркылуу Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 22-февралындагы жана 2022-жылдын 20-июлундагы чечимдери 2  жыл мурда Б.Шадыканов курган жеңил конструкцияны бузууга карата кабыл алынган.

Ушул макалада келтирилген бузулган мыйзамдык жоболорду, жүйөөлөрдү, далилдерди Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эске алат жана Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.Каримовдун сунуштамасын жокко чыгарат же чакырттырып алдырат деген ойдобуз. Ошонун негизинде Мамкурулуш агенттиги Б.Шадыкановдун уруксат берген баардык документтерин мурдагы абалына калыбына келтирери шексиз, ошондо мыйзамды бузуулар четтетилет. Мыйзамдык жоболордун одоно бузулушуна жол берген, коррупцияга шектелген актыны (сунуштаманы) чыгарган прокуратура кызматкерлеринин аракеттерине туура юридикалык баа берилиши керек, учурдун өктөм талабы ушундай.

 

Р.Байгубатов, журналист, Булак: "Майдан.kg" гезити