Бейтаптарга камкордук

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы элдин түйшүгүн жеңилдетүү багытында жигердүү иштеп жатканын баарыбыз көрүүдөбүз. Буга чейин мындай иштердин бири да аткарыла элек болчу. Элдин камын көргөн кыпындай дагы аракеттер болгон эмес. Демек, ачкүсөндөй болуп жалаң жамандыкты гана аңдыбай, мындай изги иштерди да ар бирибиз көрүп, баалай билишибиз абзел.

Маселен, жакында УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүп, калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкуулады. Жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилген. Атай айтсак, «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» жана «Веданта» клиникасы. Ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30%га чейин төмөндөтүүгө макулдашты.

Булак: "Майдан.kg"