Эмесе, өткөн жылы республикабыздын турмушунда болуп өткөн айрым урунттуу окуяларга көңүл буралы...
Жаңы жыл өткөн мезгилге саресеп салып, бир жыл ичинде аткарылган жакшы жаман иштерди, ийгиликтер менен кемчиликтерди таразага салып, баа берүү да болуп саналат. Ал эми Кыргызстандын тарыхында өткөн жыл - Эгемендүүлүк доорундагы өткөөл, бурулуш мезгил болду десек болот. Себеби жаңы бийликтин демилгеси менен бул мезгилге чейин өкүм сүрүп келген өлкөбүздөгү коррупция менен кылмыштуулуктун тамыры кыркылып, бул багытта бир топ иштер жасалып жатат. Бул деген өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, карапайым калктын эртеңки күнгө карата ишеними жаралды дегендик.
Эң негизгиси, акыркы эки жылда кошуна Тажикстан менен болгон чек ара чатагы ок атышуу, чыр-чатактан сүйлөшүү жолуна түшүп, кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайыздан ашыгы такталып, макулдашылды. Мындай жолго кошуна мамлекеттин бийлиги согушуудан эч ким утпастыгын, бөөдө эки тарап тең бейкүнөө адамдардын өлүмү менен коштолгон жоготуулардан башка натыйжа болбостугун акыры түшүндү. Демек, келерки жылдын алгачкы айларында отуз жылдан бери чечилбей келаткан кыргыз-тажик чек арасы тынчтык жол менен чечилип, карапайым жарандарыбыз СССРдин учурундагыдай ынтымак менен жашап, соода-сатыгы, карым-катнашы кайрадан калыбына келүү алдында турат. Эмесе, өткөн жылы республикабыздын турмушунда болуп өткөн айрым урунттуу окуяларга көңүл буралы...
1. Жаңы техникалар
Президент Садыр Жапаров 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) өрт өчүрүүчү 100 техниканы тапшырды.
Анын 85и өрт өчүрүүчү автоунаалар. Куткаруучу 10 машине, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу эки автобус, 50 метрлик үч автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, тик учакка илинүүчү 2-3,5 тонналык беш суу челеги бар. Бул техникалар Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөрүнүн негизинде грант катары алынган.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясы бюджеттин эсебинен сатып алган 120 автобус келди. Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар газ менен жүрөт.
“Жакынкы эки жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсүн толук камсыздайт. Өлкөнүн визиттик картасы болгон борбор калаабыздын келбетин жакшыртуу иштери дагы улантылат, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын соңуна чейин дагы 64 даана техника сатып алабыз деп турабыз”, - деди Садыр Жапаров.
Саламаттыкты сактоо министрлигине да 33 "Тез жардам" автоунаалары берилди.
2. Жоокерлердин эстелик-мемориалы
15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.
Иш чаранын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары, облустун активи катышты.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, “мекенди коргоп жатып, баатырларча курман болгон мекендештерибиздин элесин эстеп туруу, биздин инсандык милдетибиз. Биз дайыма алардын эрдигине баш ийип, таазим этебиз! Өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жатып, шейит кеткен аскер кызматкерлеринин, катардагы жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алар өзү үчүн өлгөн жок. Эли, жери, жакындары жана мекени үчүн жанын берди. Мындан өткөн баатырдык барбы? Бул-эр азаматтарыбыздын эркттүүлүк, тайманбастык сапаттарынын далили. Мына ушундай, чек арадан чегинбеген, Манас атанын урпактары турганда өлкө бүтүндүгү бекем сакталат деген ишеничим чоң” деп белгиледи.
Белгилей кетсек, эстелик мемориалында чагылдырылган, колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу.
Эстелик мемориалынын автору, жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.
3. Камчы Көлбаев жок кылынды
4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынды.
Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Расмий маалыматка караганда, анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жок кылынды.
УКМК Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдады.
4. Кыргыз-тажик чек арасынын 90%дан ашыгы чечилди
12-декабрда Баткен шаарында эки өлкөнүн чек араны чечүү чечүү боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери, КРнын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдор баштаган делегациянын жолугушуусунда айтылды. Жакын арада чек аранын калган бөлүгү да аныкталып, толук бойдон чечилүү алдында турат.
К.Ташиев:
– Биздин жумушчу комиссияларынын ишинде негизинен мамлекеттик чек аранын баардык бөлүгүн макулдаштык. Жакынкы мезгилде 90%дан ашык аймак макулдашылды. Жакын арада белгиленүү алдында турат. Болгону бир нече гана участкалар калууда жана аларды да Кудай буюрса, жакында аяктайбыз. Бул кайсы участкалар? Алар Кайрагачтан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер жана Жийделикке чейин биз толук жумушчу топ макулдаштык. Мындан тышкары биз Кара-Булак, Ляккан, үч мамлекеттин чек арасына чейинки аймакты макулдаштык. Ошентип биз бүгүнкү күндө талаштуу деп эсептелген аймактарды дээрлик макулдашып бүттүк. Эми мамлекеттик чек араны толук чечүү үчүн болгону бир нече жолугушууларды өткөрүү калды. Мен жумушчу комиссиянын эки өлкөнүн тең баардык курамына ыраазычылык билдирем.
С.Ятимов:
– Бүгүн Баткен шаарында эки тараптуу комиссиянын жумушчу жолугушуусун өткөрүп, турмуштук маанилүү маселелерди талкууладык. Биз дагы бир жолу эки өлкөнүн ортосунда жалпы кызыкчылык жана максаттар бар экендигине ынындык. Албетте, жалпы иштер да бар. Бул кызыкчылыктардын логикалык жыйынтыгы биздин элдердин келечегине байланышкан. Бул биздин өлкөлөрдүн коопсуздугу жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү. Бүгүнкү күнгө карата жетиштүү деңгээлде чоң жумуш аткарылды. Биз бүгүнкү күндө 120 км.ден ашык аймакты макулдашып, бул маселелерди принципиалдуу түрдө чечтик. Эгер Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик чек арасын ала турган болсок, бул сөзүмдү Камчыбек Кыдыршаевич да бекемдесе керек, 90%дан ашык аймак белгиленди. Биз чындап эле бул маселелерди чечүүгө жакындап калдык.
Белгилей кетүүчү жагдай, президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген.
5. Баткен жаңыланды
Президент Садыр Жапаров 11-декабрда, Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Капчыгай жана Достук айылдарында аймактагы каргашалуу окуялар маалында талкаланган турак үйлөрдүн ордуна курулган үйлөрдүн абалы менен таанышты. Бул айылдардагы үйлөр жана социалдык объектилер 2022-жылдын сентябрь айында болгон куралдуу кагылышуудан улам талкаланган.
Алсак, Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле куралдуу кагылыштын натыйжасында жабыр тарткан аталган калктуу конуштардын тургундарынын жашоо-турмушу үчүн зарыл жана бирдей шарттарды түзүү максатында, келтирилген зыяндын, талкалануунун бар-жоктугуна карабастан, бул айылдарда жайгашкан жеке турак жайларды толугу менен бузуу иштери жүргүзүлгөн.
Мамлекет башчысы айылдардын инфраструктурасы менен таанышып, ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар бар экенине жеке өзү ынануу үчүн аталган айылдардын айрым жергиликтүү жашоочуларынын жаңы курулган үйлөрүнө кирип чыкты.
Президентке бул айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана асфальт төшөө, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Достук айылында курулуп, калыбына келтирилген социалдык объектилерди, тактап айтканда, мектепти, фельдшердик-акушердик пунктту, футбол аянтчасын, бассейнди көрүп чыкты.
Жергиликтүү тургундар Президент Садыр Жапаровго айылдарындагы социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү маселелерин ыкчам чечкендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
6. Экинчи Элдик Курултай
Бишкекте 15-16-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн экинчи Элдик Курултай болуп өттү.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан жана диний конфессиялардан өкүлдөр катышты.
Курултайдын жүрүшүндө өлкөнүн бардык райондорунан келген делегаттар коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара, билим берүү, таза ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, айыл чарба, сот системасындагы көйгөйлөр, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр, райондор ортосундагы талаш жайыттар, экология, ички жолдордун абалы ж. б. маселелерди көтөрүштү.
Мындан тышкары жыйындын делегаттары Президент Садыр Жапаровдун кадрларды ротациялоо боюнча учурдагы саясатын канааттануу менен белгилеп, коррупцияга шектелгендер четтетилип жатканын, адистер менен алмашуу аркылуу айыл өкмөттөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жүрүп жатканын белгилешти. Ошондой эле Курултайдын катышуучулары өлкөдө, тактап айтканда социалдык-экономикалык сектордо жүргүзүлүп жаткан реформалар үчүн бийликке ыраазычылык билдиришти.
Курултайды жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров делегаттар тарабынан көтөрүлгөн темалар кайсы баскычта чечилип жатканын кеңири айтып берди.
Аягында экинчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынды.
7. Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды.
Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилип жатканын” билдирди.
19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.
Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.
Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.
Булак: "Майдан.kg" гезити