Китепкана чыры...
Бүткүл калайык калың журтка шардана болгон Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканадагы чыр Нуржан Иманкулова кызматтан четтесе да токтой элек. Кеткен жетекчи Нуржан Иманкуловабы, же анын китепканада калган өзүнүн командасыбы, айтор чындыкты бетке айткан, калпыс ишти көзүнө сайып көрсөткөн Сайракан Бобушеваны “серый кардинал болуп, жаңы келген жетекчини мурдунан жетелеп алды” деген чындыкка таптакыр дал келбеген, жалган маалыматтарды сайттарга чыгарышууда. Нуржан Иманкулова “мага жалган жалаа жаап жатат” деген Сайракан Бобушева менен жолугуп, маселенин аныгын билүүгө аракет кылдык.
- Кезинде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана Орто-Азиядагы мыкты китепканалардын бири болчу. Бирок, Нуржан Иманкулованы алган билими, тажрыйбасы бул китепкананы башкарууга жетпесе да, таанышы аркылуу улуттук китепканага жетекчи болуп келди. Башында үйрөнүп кетээр деп колдодук. Бирок, Нуржан Иманкулова үйрөнмөк турсун, 2 жылда бир да жолу чогулуш кылбай, өзү алып келген команда менен гана иштеп, китепканадагы кызматкерлерди каалагандай калчады. Тагыраагы, китепкананы билимсиз, интеллекти жок, 5 китеп окубаган адам башкарып, ынтымактуу коллективди ыдыратып, 6 миллиондон ашык китептин рухун, духун тебелеп, мамлекеттик мекемени өз менчигиндей пайдаланды. Катачылыгын айтып, бул жерден туура эмес кылдыңыз деген ачык сөзүм үчүн кызматтан кетсе да, мага асылганын токтотпой, каралоо менен убара болуп жатат.
Чынында Нуржан Иманкулова кыргызча жазмак турсун, жөндөп да сүйлөй албайт. Ошон үчүн мени жамандаган материалды ага жанжөкөрлөрү жазып бериши мүмкүн. Кыскасы, туура эмес иштери үчүн, кызматкерлерди басмырлап, оозуна келгенди сүйлөп, жетекчилик кызматтын кадырын билбегени үчүн кызматтан кетти. Эми мага жөнү жок асылып, ыгы жок дооматтарды коюп жатат. Мынча болду экөөбүздүн тең аракетибизге укук коргоо органдары баа берсин. Кимибиз китепканага көбүрөөк зыян келтириптирбиз, кимибиз мыйзам бузуп, прокуратураны да, министрликти да алдаганыбызды аныкташсын. Кимибиз мыйзам бузуп, кимибиз жок адамдардын атынан айлык алып, кимибиз Прокуратура менен Маданият министрлигин алдап, талапка жооп бербегендерди жооптуу кызматта койгонубуздун ачыкташсын. Басмаканда иштей турган Мамбетова Кахарканды ким прокурор кетери менен министрликти кошо алдап, эки жыл бою бөлүм башчылык кызматтын айлыгын төлөп жүргөнүн ачыкка чыгарышсын. Коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы чындап башталса, анда бул нерсе да көз жаздымда калбасын. Нуржан Иманкулова мурунураак акчаларды мыйзамсыз алганы аныкталып, ири суммадагы каражатты мамлекетке төгүп берсе, бу сапар дагы билими, кылган кызматы бөлүм башчылыкка жарабаган адамга бөлүм башчылык айлыкты төлөп жүргөнү үчүн да укуктук баа берилсин. Ошондой эле “кейпиң жакпайт, сөөл жыландайсың” деп кызматтан кетирген чыныгы кесипкөй адистерге жасаган мамилесине да жооп берсин. Анын бул жакта жооп бере турган нерселери көп. Эки айдан кийин кайра кызматка келем дебей ошол калпыс иштери үчүн баа берилсин.
Баса, пенсионерлер деп эле келгенден бери бизди жээрип бүтпөй жатат. Чынында ошол 20дай пенсионер китепкананы сүйүп, жаштыгын арнап, жүрөгү менен иштеп, китепкананы китепкана кылып тургандар. Жаш кадрлар келсе биз да үйрөтүп, үйүбүздө тынч отургубуз келет. Бирок, жаштар келген жок. Нуржан Иманкулова деле китепке күйгөн жаштарды алып кыйраткан жок. Тагыраагы, пенсияга чыккан тааныш-билиштеринин эле алды. Алар деле бизден жаш эмес. Биз курактуу аялдар болду. Анан эмнеге жаштарды кызматка тартсам, булар кетирип салат деп доомат коёт билбейм. Чынында биз дагы 40 жылдан ашык эмгегибизди өтөп койгон үчүн китепканага жүрөгүбүз менен күйөбүз, жаштар келсе үйрөтөлү дейбиз. Ошондой эле бул жакка чындап китепти сүйгөн жетекчи келсе экен, китепкананы өстүрсө экен деп тилейбиз. Биз Нуржан Иманкуловага катачылыгын бетине айткандан башка жамандык кылган жокпуз. Баласы камалганда дагы жүрөгүбүз ооруду аял катары. Эне катары аячубуз. Бирок, жетекчи экенин билбей, интригадан башы чыкпаганына жинибиз келчү. Ошону айтып коюп балээсине калдым.
Баарынан кызыгы, мага асылгандар билимдүү, адамгерчиликтүү уулдарымды да сөз кылыптыр. Мындай иштерге үй бүлөбүздү аралаштырып, балдарыбызга асылыштын кажети жок эле. Кимдин баласы кайда иштеп, кайда отурганын элдин баары билет. Менин балдарыма орунсуз асылганча, мага асылгандар балдарын мендей тарбиялап алышса болмок.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан.kg” гезити