А.Нурматов: Кыргыз элинде бузукулук кылган Убактылуу өкмөт бар.

- Экс-президент Аскар Акаев буга чейин Кыргызстанга бир нече ирет келгени маалым. Бирок, бул ирет келгенде соцтармактарда катуу каршылык болду. Себеби, эмнеде?

- Кыргыз элинде бузукулук кылган Убактылуу өкмөт бар. Убактылуу өкмөттүн идеологу Эмилбек Каптагаев. Ал киши диванга жатып алып, бузукулук кылып жатат. Ким гана адашкан эмес. Пайгамбар да адашкан. Акаев кезинде Ош 3000, Манастын миң жылдыгын өткөзгөн. Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө тааныткан киши. Дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз окумуштуу.

Аскар Акаевдин дүйнөнүн алдыңкы Жогорку окуу жайлары чакырып, лекцияларын окутуп жатышат. Эки жыл мурда Кытай мамлекети бизге келип иште дегенде, ал киши макул болбой койду. 2010-жылга чейин тамекиси жок жүргөндөр, байып алышып, азыр ал кишинин жаманатты кылып жатышат. Ичтери күйүп жатышса аракка калемпир салып ичип алышпайбы?

Каптагаевди Аскар Акаев учурунда бир топ жогорку кызматтарга койгон. Кечээ Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчылары Кытайга барганда Орто Азия кооптуу экендиги айтылды. Ошондой ызы чууга булар жол ачкандай болуп жатат. Карапайым эл Акаевдин эмгектерин көрүп эле турат.

- Сиз деле учурунда Убактылуу өкмөттүн жыйындарына катышып жүргөнсүз да?

- Жакында Ош окуясына 13 жыл болот. 2010- жылы 17-мартта Убактылуу өкмөт “Форумга” митинг уюштурушкан. Ош окуясы боюнча кеселдин баары Каптагаевде экен. Ал митинге Оштон биз атайы келгенбиз. Ошол жерде Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев ж.б. электр энергиясынын кымбаттап, элдин турмушу начарлап кеткенине ошондогу президент Курманбек Бакиевди кунөөлөшкөн. Көрсө алардын максатынын төркүнү башкада экен.

Бакиев ошол жылдары өлкөбүздүн экономикалык абалын, элдин турмушун жакшыртуу максатында бир алыскы чоң өлкөдөн бир нече млрд. доллар алып келүүнү сүйлөшүп жаткан экен. Бакиевдин учурунда экономикада бир топ жылыш болгон. Аны статистиканы азыр да ачып карасаң турат. Муну мен жакшы, калп айтпаган бир чоң саясатчынын өз оозунан уккам. “Элдин турмушу жакшырып кетсе, бизге бийлик тийбей калат” деген коркунуч пайда болгон. Ак үйдөн Сапар Исаков болгон маалыматтарды буларга берип турган. Ошол жыйында Атамбаев, Бекназаров, Каптагаев “Бакиев үчүн башымды сайдым” деп айтышкан. Бул деген сөз “мамлекет үчүн эмес, жеке кызыкчылыктар үчүн башымды сайдым” дегенди билдирет.

Ош окуясында 500 адам курман болуп, бир апта от жалындап күйүп турду. Ош окуясынын болоорун бир ай мурда эле ошол учурдагы губернатор Сооронбай Жээнбековго, Убактылуу өкмөткө айтып турганбыз. Эми ал каргашалуу окуя үчүн кимдир бирөөлөр жооп бере турган учур келди. Ким канкор экендиктери ачыкталышы зарыл.

Булак: “Майдан.kg” гезити