2025-жылдагы 75,1 миллиард сом - консолидацияланган делген бюджеттин 6/1 бөлүгүнө барабар каражат.

Бизде бир адат бар, кийинки келген жетекчилер мурдагыларды сырткы карыздарды көбөйтүп жиберген деп айыпташат да анан бир нече айдан кийин өздөрү көбөйткөнгө өтүшөт. Алмазбек Атамбаев сырткы карыздар боюнча өзүнөн мурдагылардын даректерине катуу сындарды айтып, кинээлерди койгон менен ал сырткы карыздарды эки эсе көбөйтүп кетти. Акыркы үч жылда сырткы карыздар 717,65 миллион долларга көбөйүп, 5 миллиард 623 миллион долларга жетти. Аларды тейлөөгө 2022-жылы 33,6 миллиард сом жумшалса, быйыл 48,6 миллиард сом төлөйбүз. Ал 2024-жылда 64,7 миллиард, 2025-жылда 75,1 миллиард сомго жетет. 2027-жылдан кийин ал кайра азая баштайт.

Сырткы карыздардын жана аларды тейлөөнүн опурталдуулугу же оптималдуулугу ички дүң жыйымдын жана бюджеттин көлөмүнө жараша аныкталат. 2004-жылы Кыргызстандын бюджети 500 милион доллардын тегерегинде болсо, сырткы карыздарды тейлөөгө 3,1 миллиард сом жумшалган. Андан бери бюджеттин көлөмү 11 эсеге көбөйдү. Бул өңүттөн алганда бюджеттен 2022-жылы төлөнгөн 33,6 миллиард сом андан 18 жыл мурдагы бюджеттин чыгымына эле барабар. Ал эми мындан аркы 4 жылда сырткы карыздарды тейлөөнүн көлөмү чындыгында тынчсыздандырарлык экенин ачык айтуубуз керек.

2025-жылдагы 75,1 миллиард сом - консолидацияланган делген бюджеттин 6/1 бөлүгүнө барабар каражат. Президент Садыр Жапаров айткандай: Мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгү азыр төлөнүүдө. Эгер ушул акчанын баарын карызга төлөө ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, азыркы аткарылгандардан жүз эсе көп жакшы иштер жасалмак.

Эгерде экономика өткөн жылдагыдай 7 пайызга өсүп, ичте, тышта ыңгайлуу кырдаал түзүлүп турса, аны, андан кийинки пиктик деп аталган жылдардагыны төлөөдөн өкмөт кыйналбайт. Сырткы карыздардын көлөмдөрү 60 пайыздан ашпаса опурталдуу деп эсептелбейт. Бирок, азыркы абалга караганда экономикалык өсүш боюнча өткөн жылдын деңгээлине чыга албайт окшойбуз. Өткөн төрт айдын жыйынтыгы менен 4,5 пайыз гана өсүш болду. Былтыр Россиядан качкандар менен кошо 44 миллиард сомдон ашык акча келсе, быйыл ал кескин азайды. Батыштагылар басым-кысымга алып, айрым каналдарды жапса, реэкспорттук кирешелер да азаят. Анда Кыргызстан үчүн өнөр жай өндүрүшүнөн, курулуш, соода, тейлөө тармактарынан түшүрүлчү алык-салыктарды кескин көбөйткөндөн башка жол калбайт. Буларда жана башка тармактарда резервдер бурчала толук кыймылга келтирилбесе, оңоло баштаган абалыбыз кайра начарлап кетиши да мүмкүн.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити