Ага каражатты Кыргызстан кайдан табат?
Жакында Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү Кыргызстан карызы үчүн Жетим-Тоо кени Кытайга бергени жатканын төгүндөп, ал темир кенин Кыргызстан өз күчү менен иштеткени жатканын маалымдады. Адистердин эсеп-болжолдору боюнча, ал кенде алтын аралашкан 3-10 миллиард тонна руда бар. Ал Нарын–Ысык-Кол облустарынын тоо кыркаларынын ортосундагы узуну 70, туурасы 10 чакырым тилкеде жайгашкан. Бул чынбы же катабы, айтор, маалымдоо каражаттарында рудалардагы темирдин курамы 32 пайыз деп жүрөт. “Кумтөрдөгү” алтындын ар тонна рудадагы катышы орто эсеп менен 1,5-2,5 пайызын эске алганда, Жетим-Тоо Кыргызстандын экономикасын ишенимдүү бутка тургуза турган казына десек болот. Темирдин ж.б. баалуу металлдардын өндүрүштүк чыгышы рудалардын жалпы көлөмүнүн 3/1не жакын болуп жатпайбы. Аны эн кеминде 25-30 жыл иштетсе болот. Ага каражатты Кыргызстан кайдан табат?
“Кумтөрдү” канадалыктар кенди күрөөгө коюу менен банктан 400 миллион доллар карыз алып, сырт жактардан адистерди чакырышып, анан өндүрүлгөн алтындардан түшкөн кирешелердин эсебинен оңой эле кутулушкан. Кыргызстан деле ошондой жол менен Жетим-Тоону өзү иштетсе болот. Азыр Өзбекстанда, Казакстанда тоо кендерин иштетүүнү уюштуруп, жүзөгө ашыруу боюнча менеджер-адистер жетишерлик. Алсак, мурда Өзбекстанда бир кенди ишке киргизген А.Алексеев деген адам Кыргызстандагы “Бозымчак” кенине келип, анын ишин уюштуруп, ал туруктуу иштей баштаганда Россияга кеткен. Азыр ал Чита менен Жакутия чектешкен НоваяЧара деген жердеги дүйнөдө эң ири делген Удокань жез комбинатынын башкы директору катары аны ушул жылдын августунда ишке киргизгени жатат. Ал жез кени алгач жылына башка компоненттерин кошпогондо 200 миң тоннадан жогорку сапаттагы жез чыгарса, комбинат толук кубаттуулугуна чыкканда жылына 400 миң тонна жез өндүрүп, Россиянын федералдык бюджетине жылына 700-800 миллиард рубль же Кыргызстандын бир жылдык ИДЖсына жакын каражат которо баштайт экен. Маалымат булактарында, ал кен эң кеминде 70 жыл иштетилет деп жүрөт. Албетте, темирдин баасы жездей эмес, бирок кошумча элементтерин кошкондо Жетим-Тоо да жылына Кыргызстандын бюджетине ошонун 60- 70 пайызынча каражат түшүрө баштаса, кандай сонун болмок! Анда Нарын менен Ысык-Көл тез эле Швейцарияга айланмак. Өлкөбүз сырттан карыз алууну токтотуп, азыркыларынан кыйналбай кутулмак. Эң негизгиси, кадрдык, материалдык-техникалык күчтүү потенциал түзүлүп, калган кендерди Кыргызстан өзү эле кыйналбай иштете бермек.
Менин бул жерде айтайын дегеним, Кыргызстан А.Алексеевдей тажрыйбалуу менеджерди чакырса, ал ашып кетсе, 15- 20 адисин ээрчите келмек, калган кадрлар өзүбүздөн эле табылмак, алар өздөрү эле банктардан кредит, керектүү техникаларды алып, биргелешип 3-4 жылдын ичинде Жетим-Тоону өндүрүшкө киргизишмек. Айрым маалыматтарга ылайык, А.Алексеевдин Удоканды толук ишке киргизгенден кийин Борбордук Азияга кетсем деген ою да бар экен.
Азыр дүжүр экологдордун айрымдары темир кенин иштетүү айлана чөйрөгө зыян тийгизет деген, негизинен сырттан каржыланган эски жомокторун айтып жүрүшөт. Дүйнөдө темир рудаларынан он эсе зыяндуу уран рудалары деле иштетилип жатат. Эгерде техникалык коопсуздук эрежелери сакталса, андай өндүрүштөрдүн зыяндары деле болбойт. Болсо да өтө эле минималдуу, тийиштүү нормалардын чектеринде гана болот. Аларга салыштырганда жакырчылык, жумушсуздук элге, мамлекетке жүз эсе зыяндуу экенин качан түшүнөбүз? Алдуу-күчтүүлөр дүйнөнүн төрт тарабына таркап кетүүдө. Ал жактардан которулган акчалар гана эмес, жыл сайын 300-400дөн “200” жүктөрү да келүүдө. Мигранттардын жолдо, иштеген-жашаган жерлериндеги азап-тозокторун айтпай эле коёлу. Аны өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бул жактарда он миңдеген балдар ата-энесиз тирүүлөй жетим болуп чоңоюшууда. Миңдеген үй-бүлөлөр бузулууда. Андан да жаманы жөндөмдүүлөрдүн, эптүүлөрдүн сезилерлик бөлүгү ошол жактардын жарандыгын алышып түбөлүккө калып калышууда. Алардын балдары Кыргызстан жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Же биз жумушсуздуктун айынан адамдык эң кымбат ресурстарыбыздан ажырап жатабыз. Андай көрүнүштөр, тилекке каршы, жумуш орундары көбөймөйүнчө токтобойт.
Булак: “Майдан.kg” гезити