Эл ичинде кенден түшкөн акча «пайдасыз жумшалып жатат» деген сындар айтылып жүрөт.
Жакында Таластын мурдагы облус башчысы Бакыт Нарбеков менен шаар мэри Аскар Шабданов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылтакка илинди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча алар Талас шаарында тигүү фабрикасын курууда “Ника KG” компаниясы менен атайылап пайдасыз келишим түзүп, анын эсебине 25 млн. сомду мыйзамсыз которушкан.
Маалыматта “2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан 2021-жылдын 14-октябрында №220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун” долбоордук-сметалык документтери жок талаптарын бузуу менен жана Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуларды чыгарып, жалпы суммасы 82 млн. сомдук долбоор жактырылганы аныкталган. 2022-жылдын октябрь айында Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча тигүү фабрикасын курууга «Ника KG» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. 17-октябрдагы №44 келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100пайыз акча которулушу керек болчу. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбековдун көрсөтмөсү менен президенттин Таластагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбеков Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон, анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, «откат» иретинде акча каражатын алышкан” - деп айтылды.
Атайын кызмат каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктоо үчүн Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана Курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасынын адистери долбоордун сметалык документтерине талдоо жүргүзгөнүн, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени кошумчаланган.
Эске сала кетсек, Таласта Жерүй алтын кени ачылгандан бери облустук, райондук өнүктүрүү фонддоруна ири суммадагы каражаттар түшө баштаган. Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы кен иштей баштагандан бери Талас облустук өнүктүрүү фондуна эле 396 млн. 348 миң 375 сом которгонун билдирген. Эл ичинде кенден түшкөн акча «пайдасыз жумшалып жатат» деген сындар айтылып жүрөт.
Булак: “Майдан.kg” гезити