Өрүшүң өсө берсин...

Акциясынын басымдуу бөлүгү, 85,16 пайызы мамлекетке таандык “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому мындан эки жылдай убакыт мурда “өлбө жаным өлбө” менен эптеп арабасын тарткан ишкана болчу. А бүгүн кирешеси көбөйүп, алдыга ишенимдүү кадам таштоодо. Эки жылда мындай ийгилик кайдан келди? 

Жетекчиден көп нерсе көз каранды

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчилигине Нургазы Нишанов 2021-жылы дайындалган. Иштиктүү, билимдүү жаш кадрдын келиши ишкананын жашоосуна экинчи дем бергенсиди. Акыркы жылдары ишкананын иши ырааттуу кетип, жаңычылдыктар арбын болуп жатканын түздөн түз Нышановдун аракетине, жетекчи катары иш билгилигине байланыштырууга болот. 

Ал биринчи кезекте ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келатат. Мисалы, чалгындоо иштери 10 миллион тонна углеводдор бардыгын жарыялаган. А Нышанов Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү 500 миллион тонна углевороддорду өндүрүүгө жетерин айтып чыкты. Аны жер алдынан казып алууга бир катар жабдыктар керек болгондуктан, жетекчи учурда күч аракетин ушул тарапка буруп, жаңы бургулоо станокторун сатып алууга аракеттенүүдө. Бүгүнкү күндө ишкананын карамагына бир катар жаңы, заманбап техникалар сатылып алынды. 

Аз убакыттагы ийгилик

2021-жылды ишкананын техникалык-экономикалык жакшы көрсөткүчтөр менен жапкан. 2020-жылга салыштырмалуу 30 миң 279 тонна нефти көп өндүрүлгөн. Жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 173 миң 579 тоннаны түздү. Алдыга коюлган план 121 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 118 пайызды түздү. Нышанов мындай ийгилик бургулоо иштерин туура уюштуруу, жаңы скважиналарды ишке киргизүү, ГРП жасоо жана чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасында болгонун белгилеген. Ошондой эле 2021-жылы нефти өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында 14 нефти скважинасында гидравликалык (ГРП) басым менен пласты жаруу ыкмасын колдонулган. Жыйынтыгында, бул аракет кошумча 3800 тоннадан ашык нефти өндүрүүгө жеткирген. Белгилей кетчү нерсе, булардын баары алты айдагы иштин көрсөткүчү. 

2022-жылы  ишкана 15 миң 821 литр бензин, 5 миң 292 кубометр дизель, 72 миң 130 тонна мазут өндүргөн. Жыйынтыгында, киреше 2 миллиард сомду түзгөн. 

Быйылкы жылдын үч айындагы жыйынтык да өзгөчө болду. Ишкана тарабынан 2023-жылдын 1-кварталында 39 708 тонна мунай өндүрүү пландалган, а бирок иш жүзүндө ал 43 943 тоннага аткарылды. Башкача айтканда, планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, чийки мунайды өндүрүү 110,7 пайызга жетти. 

Компания 1-кварталда жаратылыш газын 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7 пайызды түздү.

Ал эми таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн сом таза киреше табылды. Ошондо белгиленген план 155,7 пайызга аткарылды.

Басым бир гана цифраларды көбөйтүүгө жасалып жаткан жок. Нургазы Нышановдун демилгеси менен компанияда иштеген жумушчуларга жакшы шарт түзүп берүү дагы каралган. Анын жыйынтыгында, "Зорька" лагеринде жаңы катедждер курулуп бүттү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ысык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүүдө. Белгилей кетчү нерсе, жетекчи ар дайым ишкананын жумушчуларынын эмгегин баалайт. Бул анын билдирүүлөрүндө, отчетторунда айтылат. Ишкананын ийгилигин жалпы эмгек жамааттын мээнети менен байланыштырып, аларга ырахмат айтуудан чарчабайт. Бүгүнкү күндө, ийгиликти жалгыз өзү менчиктеп алууну каалагандардын арааны ачылып турган заманда, өзүнүн демилгесин, иш билгилигин жана аракетин жамааты менен бөлүшүп, багындырган жеңишти жалпыга ыроолоо чанда кездешчү сапатка айланган. 

“Кыргызнефтегазга” даңк!

Ишкананын учурдагы көрсөткүчтөрүн жогоруда санап өттүк. Эми эки – үч мурдагы көрсөткүчтөрүнө сарасеп салалы. Башка жетекчилердин башкаруусунда компаниянын бир жылдык кирешеси араң гана 3 миллиард сомго чейинки суммага жеткен. Нышанов жетекчиликке келгенден кийин бул көрсөткүч 5 миллиард 800 миллион сомдон ашты. Дээрлик эки эсе көп киреше. Ушундан эле коррупциясыз таза иштөө жана иштин ыгын билүү менен өз көмөчүнө күл тартып, ишкананын келечегин эмес, жеке материалдык абалын ойлоо мамлекетке канчалык пайда-зыян алып келээрин билүүгө болот. 
90 жылдан бери иштеп келаткан ишкана буга чейин мынчалык жыйынтык көрсөткөн эмес. Сөзүбүз куру болбосун үчүн Ноокен районунун тургуну Акимбай Тешебаевдин ишкана тууралуу жазган пикирин кошолу. 

“Кыргызнефтегаз" ишканасы - бул Кыргыз Республикасындагы эң эле ири ишканалардын бири. Ага Нургазы Нышанов жетекчи болуп келгенден бери ишканада бир топ чоң жетишкендиктер болуп жатканы сезилип турат. Эмгекчилердин укуктары корголуп, эмгек маяналары көтөрүлдү, социалдык маселелер чечилди. Мисалы, өндүрүлгөн нефтинин белгилүү пайызы Ноокен районуна калат. Ал акча каражаты Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна түшүп, райондун социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошууда. 2022-жылга чейин 80-90 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты түшкөн болсо, өткөн жылы бир жылда эле 180 миллион сомдон ашыкча акча каражат которулду. Натыйжада Ноокен районундагы бир топ көйгөйлөр чечилди. Бул менен эмнени айткым келет? “Кыргызнефтегаз” канчалык нефтини, газды көп өндүрсө, ошончолук Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна акча көп түшөт жана көптөгөн айыл тургундарынын көйгөйлөрү жеринде эле чечилет. 

Мисалы, бала бакча куруу, мектептердин чатырларын алмаштыруу, оңдоо, ашканаларды куруу, жаштарга спорттук залдарды куруу, район ичинде камераларды орнотуу, жол чырак, таза суу, жол куруу ж.б ушул сыяктуу жумуштар ар бир айыл өкмөттө болуп жатат. 

Нургазы Нышановдун Ноокен районун көгүлтүр отун (газ) менен камсыз кылуу тууралуу көтөргөн программасы өтө кубандырды. Бул жылы “Кыргызнефетегаз” өткөн жылдан да көбүрөөк милдетти алышты. Ишкананын эмгек жамаатына даңк!”
 
Соңку сөз
 

Нефть жана газ өндүрүү тармагы өлкөнүн экономикалык кубаттуулугун бекемдөөгө салым кошо турчу ири тармак. “Кыргызнефтегаз” Кыргызстандагы мунай жана газ өндүргөн жалгыз өндүрүштүк ишкана. Ошол эле учурда мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке кошумча каржы булак катары каралат.  Өлкө үчүн жооптуу жана маанилүү тармак дасыккан, тажрыйбалуу жетекчиге муктаж. Бул жаатта “Кыргызнефтегаздын” багы ачылды. Өзү жаш болсо да, тажрыйбасы чоң, билими терең Нургазы Нышанов мамлекеттин ишенимин актаары бышык.

Булак: "Майдан.kg" гезити