Гүлчамбар

Баткен облустук телеканалынын чыгаан журналисти Арзуу Галымбетова 38 жашында каза болду. Ал мыкты кесипкөй журналист болуп, чек ара, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип келген. Анын эмгеги эл эсинде калып, кыргыз журналистикасында өчпөс из калтырды. Жакындарынын жана кесиптештеринин айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылууда.

Жылдыз Бекбаева, журналист:

“Эки жүздүүлөрдөн, бүт тосуп ичи тардык кылып ушактагандардан чарчап турган”

- Келген сайын жаркылдап жөн келбей Баткендин өрүгүн, өрүк курут көтөрө келчүсүң. Шашпай чайлашып отурчубуз. Акыркы жолу жолукканда бир топко отурдук, сөзүбүз бүтпөй…

Эки жүздүүлөрдөн, бүт тосуп ичи тардык кылып ушактагандардан чарчап тажаганыңды айтып арызданып отурдуң. “Бишкеке келе берсемби, же Ошко келип алсамбы?”- деп сурадың. А мен  жаман оюм жок, “сен азыр Баткенге керексиң, балким кийинчерээк келесиң. Азыр сендей курч журналисттер Баткенге керек”- депмин. Ошондо эле жүрөгүң чыдабай калганын кайдан билдим…

“Чыда, адамдын табиятында ичи тардык менен көрө албастык болот экен. Андан качып кутула албайт экенбиз. Көңүл бурба, бийик бол, эл алдында жүргөн адамды сөз ээрчий берет, маани бербей ишиңди кыла бер”,- дегенден башкага жарабапмын.

Бул сөздөрдү жазыш оор болду, Арзуу, кечир, сени коргой албадык...

Элим, жерим деп чырылдып, баарын сезимтал жүрөгүңө жакын кабыл алып жүрүп кетип калдың…

Кызжибек Раимова, журналист:

“Жалпы журналисттердин Баткендеги баяндамачысы эле”

- Арзуу менен 16 жыл курбу болдук. 2005-жылы 7 кыз алты облустан топтолуп, университеттеги группалаштан бир топ өйдө жакын адамдарга айландык. Ким эмне тамакты жакшы көрөт, ким суукка чыдайт, ким чыдабайт, ким кандай реакция кылат, айтор бири-бирибизди жаттап бүткөнчөлүк жакын, бирге болдук.

7 кыздын ичинен өтө тамашакөйү Арзуу эле, басса турса бизди күлдүрө бергенине көнүп калганбыз. Анан көтөрүмдүүсү да Арзуу, бири бирибиз менен чукчуңдаша кетсек Арзуу арачага түшөт.

Турмушту жасап алуу адамдын колунда дегендер бар. Бирок Арзууда баары башкача эле... Бүгүн кечке ойлонуп, “аттиң, балаң болгондо жашоону таштап кетпей, жашайт белең”- деген да ойлор келди...

Апасынын көзү өткөн соң Арзуу жумушка катуу берилди. Ал жалпы журналисттердин Баткендеги баяндамачысы болуп калды. Башкысы эң эле мекенчил болду, соңку жылдарда ошол курбулар аны Бишкекке келип иштөөгө көндүрө баштадык. “Мен да кетсем Баткенде ким калат”- деп тамашалаган. Баткендин баатыры болдуң.

Бүгүн Арзууга айтылган сөздөрдү окуп ал аз жашаса да, саз жашаптыр деп калдым. Жараткандын жазганынан моюн толгоо мүмкүн эмес го.

Эми мекенге күйсөк Арзуудай күйөлү, Арзуудай иштейли деп журналистикада анын атын алып жүрсөк деген тилек болуп жатат.

Кош курбум, 16 жылдык достук ажал менен аяктаганына биздин кабыргабыз кайышып турат. Жараткан бейиштен орун берсин.

Миргул Бокошева, журналист:

“Баткендин Жанна Д*АРКы өлдү”

- Баткендин Жанна Д*АРКы өлдү. Баткенге Исхак Раззаковчо күйгөн жылдызы өчтү. Баткен деп күйгөндөрдун бир өңүрү үзүлдү. Баткендин кулагы, жер тыншаары элең, Арзуу. Мекенге күйгөн СЕНЧЕЛИК болоор. Күн- түн дебей, жаныңды карч уруп иштедиң. Сырткы душмандан да ички душмандардын азабын көп тарттың. Баркыңды билишпеди. “Нооруз бүтсө эле Ошко барам, эже бир эс алалычы”- дедиң эле, кечээ эле “качан келесиң” десем, “ушул апта” дегенсиң. Каякка шаштың, жамандын жамандыгын билип туруп неге анча камыктың. Өтө оор кабыл алдым. Аттиң...... Сен менин жүрөгүмдө каласың, Арзу...

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл