Же элдик гезитке 10 жыл

Гезиттин он жылдык  ишине саресеп

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында Кыргызстанда демократиялык кыймыл чындап жанданганда анын активисттери “Майдан” аттуу гезит ачышып, ага кайталангыс акын Аман Токтогулов редакторлук кылган. Ал басылманын өмүрү узак болгон  эмес, ыраматылык Аман агабыз кайтыш болгондон кийин жабылып калган.

Мындан 10 жыл мурда, тагыраагы 2010-жылдын 21-декабрында каттоодон өткөн “Майдан.kg” гезити анын укуктук мураскору эмес, бирок анын саясый, идеологиялык жактан реинкарнациясы десек жаңылбайбыз. Анткени, азыркы “Майдан” мурдагы аты уйкашынын жолун улантып, маалымдуулуктун, демократиянын, мекенчилдиктин жана биримдиктин жарчысы болуп келатат.  Он жылдан ашык убакыттын ичинде ар кандай себептерден улам көптөгөн басылмалар жабылды, жаңылары ачылды, айрымдары сезонго жараша иштерин токтотуп, мезгилдик  мүнөздө иштөөгө өтүшсө, “Майдан” Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасынан өз ордун таап, ишин үзгүлтүксүз улантып келе жатат. “Майдандын”  негизги темалары кайсылар? Гезит башка мезгилдик басылмалардан  эмнеси менен айырмаланат?

Кыргызстандагы мезгилдик басылмалардын системдүү кемчилиги

Мурдагы мезгилдерде мезгилдик басылмалар күндөлүк жаңылыктардын жарчысы болуп келишсе, турмушубузга интернет, уюлдук телефондор киргенден кийин, ачык эле айталы,  алар бул жааттагы маанисин жоготту. Анын үстүнө мезгилдик басылмалардын басымдуу көпчүлүгү бир жумада бир чыкса, ага өтө маанилүүлөрдөн башка жаңылыктарды, кабарларды жарыялоонун кажети жок. Анткени, күндө болуп жаткан жаңылыктарды окурмандар күндө интернет, уюлдук телефондор аркылуу эле билип турушат. Аны эске албастан айрым мезгилдик басылмалардын, өзгөчө өкмөттүк ЖМКлардын маалыматтарга басым жасаганы алардын потенциалдуу окурмандарын гана азайтууда. Өкмөттүк басылмалардын андай саясаттарын түшүнсө болот, анткени алар архивдик максатта да иштешет. Алардын тигилмелери китепканаларда сакталып, кийинки муундар үчүн тарыхый документтерден болуп калат. Бирок, айрым эркин гезиттердин да майда жаңылыктарга басым жасап жатышкандары - азыркы медиа абалды, окурмандардын талаптарын түшүнбөгөндүк десе болот. Эч кандай окурман электрондук маалымдоо каражаттарынан окуган, көргөн  маалыматтар менен кайра таанышуу үчүн гезиттерди сатып албайт. Эгерде Кыргызстандын мезгилдик басылмалары электрондук маалымдоо каражаттарына чыкпаган жаңылыктарды берип турушса, анда алар менен атаандашканга жарамак. Бирок, андай мүмкүнчүлүк өнүккөн чет өлкөлөрдүн ондогон миллиондогон нускалар менен чыгып жаткан, жүздөгөн, миңдеген адамдар иштеген мезгилдик басылмаларында эле болбосо, ачык эле айтыш керек, биздин мезгилдик басылмалардын ага каржылык, кадрдык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Анда биздеги мезгилдик басылмалардын саясаты, философиясы жана максаты кандай болушу керек?

Окурман катары өз практикама кайрылсам, мына ошол интернеттеги, уюлдук телефондогу айрым резонанстуу жаңылыктарды кеңири чечмелеп түшүнүү, анын электрондук маалымат каражаттарында чагылдырылбай калган жактарын да жетишерлик билүү үчүн гана гезиттерди сатып алам. Бул жаатта Россиянын “МКК” (“Московский комсомолец в Киргизии”) басылмасынан үлгү алса болот. Ал гезитте жаңылыктар, кабарлар берилбейт, бирок жума ичиндеги резонанстуу окуялар аналитикалык мүнөздө кеңири талданат. Байкашымча, Россиянын башка мезгилдик басылмалары да ушундай өңүттө, максатта гана иштешет. Алардын айрым аналитикалык макалалары көз карашыңды өзгөртөт, өмүр бою болбосо да көпкө чейин эсиңде калат. Мен алардын айрымдарын кыркып алып, атайын папкаларда сактап да коём.

“Майдан” мага эмнеси менен жагат?

Мен “Майдан” чыккандан бери анын ар бир саны менен таанышып келатамын. Гезит деген-гезит, ал момпосуй же гамбургер эмес, анын сандарында жаккандары да, кайдыгер калтырганы да болот. Айрым материалдарды колдосоң, айрымдарына каяша жазгың да келет. Убакыт жетишерлик болсо, ошентип деле турмакмын, бирок өзүңдүн негизги иштериңе, башка милдеттериңе араң үлгүрүп жатканда алардын баарын  ишке ашырууга мүмкүн да эмес. Ана-мына деп жүрүп, козголгуча алардын көбү эскирип, актуалдуулугун жоготуп да жиберет. “Майдан” мага эмнеси менен жагат?

“Майдан” өз ишин убактылуу өкмөтчүлөрдүн баш аламан саясатын аёосуз сындоодон, 2010-жылдын июнундагы Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу кандуу окуяларды талдап, кеңири чагылдыруудан баштаган. Анда Ош, Жалал-Абад облустарындагы кагылышууларды локалдаштырып, тынчытууга аябагандай чоң салым кошкон Камчыбек Ташиев гезит бетинде көргөндөрүн, билгендерин ачык айтып, окурмандарга белгисиз көп маалыматтарды берип турган. Андан кийин гезит Алмаз Атамбаевдин кландык башкаруусуна тикелей каршы турду, ал камакка алынгыча ага каршы күрөштү. Окурман катары айтсам, Алмаз Атамбаевдин жана анын айланасындагылардын коррупциялык афералары боюнча “Майдандай” көп аналитикалык материалдарды жарыялаган башка бир да басылма болбоду. Менде гезиттин тигилмелери сакталып турат, жакында барактасам Алмаз Атамбаевдин бийлигинин Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу, Улуттук тарых музейин реконструкциялоодогу, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы коррупциялык механизмдери боюнча отуздан ашык аналитикалык материал жарыяланыптыр. Алардын айрымдарынын аргументтик базаларынын ишенимдүүлүгү  прокурордун айыптоо корутундусунан айрымаланбайт, окурмандарды дароо ынандырып, эстеринде мыктай кадалып калат. Аларды жыйнап, өзүнчө китепче кылып чыгарып койсо, Кыргызстандын жаңы тарыхын үйрөнгөндөргө, төртүнчү президентинин ким экендигин кеңири, терең билгенге мыкты булактардан болмок.

“Майдан” жаралгандан бери өлкөбүздөгү баардык саясый кампанияларды, окуяларды кеңири чагылдырып, саясый, коомдук ишмерлер, адабияттын, маданияттын жана искусствонун мыкты өкүлдөрү менен маектерди, бейнелерди жарыялап келүүдө. Журналистиканын окурмандар жеңил өздөштүрүүчү, ошол эле мезгилде эң актуалдуу жанры-интервью. Гезитке жарыяланган интервьюлардын басымдуу көпчүлүгү окурмандарды кызыктыра тургандыгына күбө болуп келатам.

“Баарын коюп  “Манасты” айт”

“Майдан” башка көпчүлүк басылмалардан жалаң саясат менен гана алектенбестен улуттук маданияттын, адабияттын көйгөйлөрү, элдик  оозеки чыгармачылыктын “Манас” баштаган мыкты үлгүлөрү жөнүндө материалдарга, кыска аңгемелерге, повесттерге да орун берип келаткандыгы менен айырмаланат. Алсак, Советбек Байгазиевдин, Топчубек Тургуналиевдин  “Манас” эпосу жөнүндөгү макалалары, интервьюлары, Бекен Назаралиев, Папан Дүйшөн­баев сыяктуу авторлордун аңгемелери, повесттери жарыяланды. Эгерде жер-жерлерге жетсе, С.Байгазиевдин, Т.Тургу­налиевдин материалдарын адабият сабагынан берген мугалимдер кыркып алышып, сабактарына пайдаланышмак. Андайларды мурда көп көрчүмүн, азыр деле кээде  көрүп жүрөм.

Мага Темиралы Кунашовдун "Рыспай кандай адам эле?” деген эскерүүсү өзгөчө жакты. Гезиттин онго жакын санына чыккан ал эскерүүнү окугандан кийин бир убакта улуу обончу, аткаруучу менен аралашып жүргөндөй боло түштүм. “Майдан” мындан ары да андай материалдарды берип турса дейм. Батыштагы мезгилдик басылмалардай, гезиттик аянттын мүмкүнчүлүгүнө ылайыктуу, сюжеттери динамикалуу  кыска детективдик, окуялуу аңгемелер берилип турулса, кызыктуулугу артмак.

“Майдандын” алдындагы ыйык милдет

“Майдан” деген аябагандай ыйык, жооптуу ат. Ал тынбаган күрөштүн символу.  Кыргыз коомчулугу азыр тагдыр чечүүчү учурда турат, алдыдагы кечиктирилгис чоң мbлдеттер чечүүнү күтүп жатат.

Кыргызстан жаңы тарыхында саясый, экономикалык реформаларды кошуналардын баардыгынан эрте баштаган менен маданий, гуманитардык реформаларда баардыгынан артта калды. Алар кайсылар?

Эгемендүү түрк мамлекеттеринин баардыгы латын арибине өтүп кетишти. Аймагында  славян улутундагы 4 миллиондой адам жашаган Казакстан да өтүүдө. Бизде славяндардын жалпы саны 400 миңге да жетпейт. Эгерде Кыргызстан да кириллицадан латын арибине өтпөсө, түрк дүйнөсүнөн бөлүнүп, изоляцияда калганы турат. Мурда Казакстандан чыккан басма продукцияларын эркин окуй берчүбүз, өзбектердин көрнөк-жарнактарын түшүнчүбүз. Латын арибине тезирээк өтпөсөк, жакында кошуналарыбыз, боордошторубуз казактар менен өзбектерди, түркмөндөрдү да түшүнбөй калганы турабыз. Латын арибине өтсөк, Кыргызстандын түрк өлкөлөрү менен гана эмес, англис тилдүү өлкөлөр менен интеграциялануубуз кескин жакшырат. Компьютерлерди, уюлдук телефондорду пайдалануу да жеңилдейт. Бул биринчиси.

Экинчиси, дүйнөнүн көз карандысыз көп улуттуу өлкөлөрүнүн баардыгында башка улуттардын, этностордун өкүлдөрүн ичтен интеграциялоо титулдук элдин тилинин, маданиятынын базаларында жүргүзүлөт. Бизде гана ал максатта орус тили пайдаланылууда. Дунган, корей, орус, украин, немис сыяктуу этностордун өкүлдөрүнүн алды 150, аркасы 80-90 жылдан бери Кыргызстанда туруктуу жашап, иштеп келатышкандыгына карабастан алардын 90-95 пайызы кыргызча билишпейт, түшүнүшпөйт. Тили, маданияты жуурулушпаган жерде биримдик да, ынтымак да болбойт. Ошондуктан расмий тилди эл аралык жолугушууларга гана калтырып,  мамлекеттик тилдин колдонулуш чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы, билимий-илимий мекеме-уюмдардагы иш кагаздарынын баардыгын расмий тилге өткөрүү зарыл.  Ансыз  Кыргызстан бирдиктүү күчтүү өлкө боло албайт, ар кимиси ар кайсыл жактарды караган ар кошкондордун “обшягасы” бойдон кала берет.

Башка айта тургандар да аз эмес, бирок гезиттин аянты ага мүмкүнчүлүк бербейт, аманчылык болсо алар жөнүндө да айтабыз, жазабыз. Эми кыска кайрыганда, “Майдан” дагы көпкө жашасын, авторлору, окурмандары көбөйсүн, өлкөнүн, элдин, руханий дөөлөттөрдүн тагдырлары үчүн чындап күйгөн чыныгы  мекенчилердин басылмасы болуп  кала берсин.

Бар бол, “Майдан”!  10 жылдык мааракең  кут болсун!

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №38 (522), 15-декабрь 2021-жыл