Түндө жубайлардын 600 миң сомдон ашуун акчасын карактап кетишкен. Шектүү кармалды.
Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөзкызматы.
8-октябрда түнкү саат 02:00 чамасында Жер-Ынтымагы конушундагы тургундардын үйүнө кылмышкерлер кирген. Алар аял кишини сабап, анын күйөөсүн жылыткычтын шнуру менен байлап, жубайлардын 150 миң сомун, 5500 долларын жана 60 миң сомго бааланган алтын буюмдарын карактап кетишкен.
Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.
Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүнүн изине түшүп, атайын кызматтын аскерлери менен бирге 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жаранды кармашты. Ал буга чейин бир нече жолу ушул сыяктуу кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.
Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк соттун чечими менен тергөө бүткүчө СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алынды.
Булак: Баракелде