Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан акыркы учурларда кыргыз-тажик чек арасында абалды атайын курчутуп жатканын билдирди.

Мекеме тараткан билдирүүдө чек арада жагдайды «жасалма дестабилдештирүү» тажик тарапка пайдалуу болуп жатканы айтылат.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-майдан баштап эле Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагына мал жаюуга аракет кылып жатышкан. «Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн, бирок Ворух анклавынын жашоочуларына чара көрүшкөн эмес», – деп айтылат маалыматты.

Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга болбой турганы боюнча кыргыз тараптын мыйзамдуу талабына каршы Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын чек арачыларына карата ок чыгарганы кабарланды.

Кыргыз тарап Тажикстанды чек ара маселелерин коңшулук мамилелерди сактоо, эл аралык укук жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишкен чечимдерге ылайык гана чечүүгө чакырды.

Ал эми тажик тарап, тескерисинче, Кыргызстандын малчылары Тажикстандын аймагына кирип кеткенин билдирип, кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөргө ок чыгарганын кабарлады.

24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо чыр чыгып, ок атышуу болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы андан Тажикстандын чек арачысы жараат алганын жазды. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат. 

Булак: "Азаттык"

Тема: