Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку депутат Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты.

Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде АКИpress агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

С.Кенжебаев сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 20-июнга чейин №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) камакта болот.

С.Кенжебаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ири суммадагы акчаны алдап алууга шектелип кармалган.

Комитеттин маалыматы боюнча, Кытайдын М.М. аттуу жараны арыз менен кайрылып, 350 миң долларын алдап алган С.К.га карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берененин 3-бөлүмү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында М.М. Кыргызстанга ири компаниянын өкүлү катары «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу үчүн келгени аныкталган. «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сынакка даярдануунун жүрүшүндө С.К. менен таанышкан. Ал кытайлык инвестордун ишенимине кирип, 350 миң доллар алып, акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле С.К. кытайлык инвестордон дагы 250 миң доллар талап кылганы боюнча далилдер табылган.

Булак: Баракелде