Бишкектин Биринчи райондук соту Даниэл Ажиевди №1 убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу АКИpress агенттигине күз түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

Ажиев 2 ай тергөө абагында камакта болот.

Кемсинткен билдирүүлөрдөн кийин Бишкек шаарынын жашоочусу кармалган. Аны текшерүү учурунда марихуана баңги каражатын колдонгону аныкталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 27-мартта билдирген.

ИИМдин расмий билдирүүсүндө: «Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кармалган жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нааразычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган.

26-март күнү Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Жазык кодексинин 313-беренесинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну — 1990-жылы туулган Даниэл Ажиев кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгону аныкталды», - деп айтылат.

Булак: Баракелде