Бишкек, “Саясат.kg”. Элди дүрбөткөн маалыматтар көбөйгөндөн көбөйүп баратат...

Бүгүн социалдык тармактарда Кант шаарындагы көчөлөрдүн биринде жерде жаткан аялды камерага тартып, “Тез жардам” кызматы келбей жатат, милиция  эч кандай жардам көрсөтпөй кетип калды, адамдын өлгөнү ит өлгөндөй болуп калдыбы, биздин “чоңдор” (бийлик) иштеген жок”- деп сүйлөгөн жигиттин видеосу кеңири тараган.  

Бирок,  Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, райондук ички иштер бөлүмү учурунда иш алып барып, “жерде кароосуз жатат” деген аял “тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген. Жыйынтыгында, аялдын спирт ичимдиктерин ичип,  мас  экендиги аныкталган. Ал турсун милиция тарабынан өздүгү такталып, ал Кант шаарынын тургуну - С.В.К. аттуу аял болуп чыкты. Учурда ал аял  өзүнө келип, кечирим сурап, таарынычтан улам көп ичип алгандыгын айтууда. 

Ал эми аялдын мас болуп жатып калган абалынан пайдаланып, мындай чуулгандуу видеону тартып, жалган маалымат тараткан адам милиция тарабынан изделип жатат.

Тема: