Судьялар кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясына Башкы прокуратурадан Биринчи май районунун М.О. аттуу судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуш түшкөн жок.

Судьялар кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясына Башкы прокуратурадан Биринчи май районунун М.О. аттуу судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуш түшкөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан Биринчи май райондук сотунун О.М. аттуу судьясы (аял киши) пара алып жаткан жеринен кармалган. Маалыматтарга караганда, судья жарандык иш боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн 2000 доллар талап кылган. Бүгүн, 13-мартта судья жумушка чыкканы белгилүү болгон.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине ылайык, судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясынын макулдугу менен Башкы прокурордун сунушу боюнча жол берилет.

«Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясына тийиштүү сунушту киргизет. Анда жазык ишинин жагдайлары, судья айыпталып жаткан жазык мыйзамынын беренеси, жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт», - деп айтылды маалыматта.

Мындан тышкары Жогорку соттон кармалган судья жумушка чыкты деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдашты.

Булак: Баракелде