2 миң доллар пара менен кармалган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы коеё берилди.

2 миң доллар пара менен кармалган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы коеё берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Финполдон билдиришкендей, мыйзам боюнча судьянын кол тийбестиги бир. “Учурда кол тийбестик макамынан ажыратуу жагы каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ,12-март күнү Финполдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чарасынын натыйжасында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектелип Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы "О.М." колго түшкөн. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Булак: Кабар