Бишкектеги аялдар маршынын катышуучуларына карата чагымчыл иштерди уюштурган адамдардын өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан аныкталып, милиция пунктуна жеткирилди.

Бишкектеги аялдар маршынын катышуучуларына карата чагымчыл иштерди уюштурган адамдардын өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан аныкталып, милиция пунктуна жеткирилди. Свердлов РИИБдин маалыматы боюнча, 5 адамга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлгөн.

«Учурда башка катышуучулардын жүргөн жерин аныктоо жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Кечээ, 8-мартта аялдар маршынын жүрүшүндө кармалган катышуучулардын баары бошотулган. Жалпы 60 адам кармалган. Милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн болжол менен 10 жаранга административдик протокол түзүлгөн болчу.

Жактоочунун маалыматы боюнча, эгерде алардын күнөөсү далилденсе 3000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынышы мүмкүн.

8-мартта Бишкекте аялдар маршы өтмөк. Катышуучулар аялдарды жана балдарды колдоо маршын саат 12:00дө Жеңиш аянтында баштамак. Бирок белгисиз жигиттер маршты токтотушкан. Андан соң милиция кызматкерлери тарабынан катышуучулар Свердлов РИИБге жеткирилген.

Булак: Баракелде