Жогорку сот Кубанычбек Самаковго карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн канааттандырды.

Жогорку сот Кубанычбек Самаковго карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылды.

Ошондой эле Жогорку сот Самаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, 3 жылдык жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөө чечимин чыгарды. Кубанычбек Самаков — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун уулу.

2008-жылы Башкы прокуратура Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө жер тилкелерин «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуш жерлер» категориясына мыйзамсыз өзгөртүү фактысы боюнча кылмыш ишти иликтөөнү аяктаган.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Карганбек Самаковго Кылмыш-жаза кодексинин «коррупцияны уюштуруу» беренеси, Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге «коррупцияга көмөктөшүү», К.Самаковдун уулу — Кубанычбек Самаковго, ошондой эле алардын 4 тарапташына «коррупцияны биргелешип аткаруу» беренеси менен айып тагылган.

Мындан тышкары Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуштуруу жөнүндө мыйзамсыз чечимин чыгарганы үчүн мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго, мурдагы биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурдагы айыл чарба министри А.Ногоевге 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

2017-жылы 19-декабрда Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров өкүмдү угузган. Карганбек Самаков күчөтүлгөн тартиптеги абакка 10 жылга, ал эми уулу 8 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы экөө жатак абагына чыгарылган.

Булак: Баракелде