Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичти кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен мамлекет башчысына кайрылган.

«Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункттарында (опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен жазык иши козголгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн сунушу негиз болгон», - деп айтылат маалыматта.

2019-жылы 30-октябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен Кара-Көл ШИИБдин жетекчисинин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

1-октябрда ИИМдин Ички тергөө кызматына И.Ф. аттуу жаран Кара-Көл ШИИБдин кызматкерине чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Анын айтымында, кызматкер менен Кара-Көл шаарынын Ы.П. аттуу судьясы сүйлөшүп алып, арыздануучуга козголгон ишти оң жакка чечип беребиз деп, андан 100 миң сом талап кылышкан.

Булак: Баракелде