ИИМдин Ички коопсуздук аскердик кызматынын №702 бөлүгүндө жоокер каза болду.
Бул тууралуу бүгүн, 31-январда АКИpress агенттигине булактар билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 30-январда болжол менен 15:45 чамасында К.Д. аттуу жоокердин денеси асынган абалда табылган. Бул маалыматты ИИМдин Ички коопсуздук аскердик кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.
Булак: Баракелде