Санкт-Петербург шаарындагы үйлөрдүн дубалында (фасад) Россиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү тартылып, коркутуулар жазылган.

Граффитинин авторлору кыргызстандыктар экенин «Фонтанка» булактарга шилтеме берүү менен жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, 27-январда полицияга жашоочулардан граффити тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Полиция кызматкерлери тарабынан 2 шектүү — Эл аралык банк институтунун студенти Мухаммадазиз жана анын 23 жаштагы агасы Исломбек кармалды. Алар Ош облусунун тургундары экени аныкталды.

«Тинтүү учурунда тыюу салынган адабияттар табылды. Китептердин арасында куран, Омар Хайямдын ырлары, Сауд Арабияда басылып чыккан экстремисттик буклеттер, оккультизм боюнча тексттер бар», - деп жазды басылма.

Өз кезегинде студенттер Telegram мессенжери аркылуу жашыруун буйрутма алышканын билдиришти. Буйрутма берген адам 5 миң рубль берүүнү убадалаган. Кыргызстандыктарга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги 214-берене (саясий, расалык же диний жек көрүү менен жасалган вандализм) жана 205-берене (террористтик ишмердүүлүккө чакырыктар) боюнча кылмыш иш козголду.

Булак: Баракелде