Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ушул жумада Нарын облусунун Оттук айылынан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Андан көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомдук алтын аралашкан кен табылган.

“Солтон-Сары” алтын чыгаруучу фабрикасынын жана Солтон-Сары кенинин жетекчилик кызматтагы адамдары алтын уурдаган канал түзүшкөнү аныкталды.

Маалыматка караганда, шектүүлөр алтын камтылган кенди Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу үчүн мыйзамсыз чыгарып турган.

“2019-жылдын 27-декабрында ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Оттук айылынан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Андан өлчөмү 1500 килограммдык 35 кап алтын камтылган кен табылды. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт”,- дешти көзөмөл органынан.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

29-декабрда Солтон-Сары кенинин башчысы А.М.Ж., "Солтон Сары" алтын кен фабрикасынын директору О.Б.Ж. жана адиси К.Н.Р. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул аталган алтын кенинен алтын аралашмасынын уурдалгандыгы тууралуу бир эле учур болсо керек. Демек, малекеттин казынасына оңбогондой зыян келип жүргөн турбайбы. Солтон-Сары алтын комбинатынын жетекчилиги да аралашкандыгына караганда, мындай уурулук мурда эле болуп келгендей. Андыктан тиешелүү көзөмөл органдары дыкат иликтөө жүргүзүшсө, 4 миллион эмес, андан бир нече эсе көп алтын уурдалгандыгынын бети ачылса керек...

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.