Кармалгандар Ак-Татырдагы мектепти курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө.

 

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Ак-Татыр айылындагы мектептин курулушундагы алешемдиктерге байланыштуу "Авангард-Строй" курулуш компаниясынын башкы директору жана облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коомчулук менен байланыш бөлүмү "Азаттыкка" билдирди.

 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2014-жылдын 17-сентябрында Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендердин жыйынтыгында жергиликтүү "Авангард-Строй" жоопкерчилиги чектелген коому менен 275 орундуу мектеп куруу жөнүндө келишим түзүшкөн. Долбоор 64 миллиондон ашык сомго бааланып, акча бөлүнгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын ноябрында бүткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок иш белгиленген мөөнөттө бүткөн эмес. Мектеп курулушу боюнча аткарылбаган иштерден мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

 

Учурда курулуш компаниясынын башкы директору эки айга камакка алынды. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары үй камагында.

 

УКМК "Авангард-Строй" - негизинен Нарын облусунда иш жүргүзүп келгенин жана анын Бишкектеги "Авангард-Стиль" компаниясы менен байланышы жоктугун билдирди.

 

Аталган компаниянын камакка алынган жетекчисинин ысымы ачык айтылган жок. Шектүү тарап атайын кызматтын маалыматына пикир билдире элек. 

 

"Азаттык"