Бишкек, “Саясат.kg”. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Шамбесай” кени боюнча митингге чыккан Майдан айылынын жашоочуларына барып жолугушту 

 

23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айыл округуна караштуу Майдан айылындагы “Шамбесай” кенин иштетүүгө каршы нааразычылык акциясы болгон. Анда катышкан аялдарды милиция кызматкерлери сүйрөп бараткан сүрөт социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан эле.

 

“Митинг болгон жерде күч колдонулуп, адам укугу тебеленбеши керек”,- деген Акыйкатчы Токон Мамытов аталган окуя боюнча жеринен барып тактоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын Баткен өкүлчүлүгүнө берген.

 

Тактоо иштерин жүргүзүү жана маалымат алып, мониторинг жүргүзүү боюнча 26-октябрда өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышты.

 

Окуя боюнча маалыматтар жергиликтүү тургундардан алынган. Алар аталган алтын кенин ачууга каршы экендиктерин билдиришип, алтын кенди иштетпөө талабын коюшкан. Себеби алтын кени ачылса экологияга жана элге чоң таасирин тийгизээрин айтышкан.

 

“Шамбесай” алтын кени Майдан айылында жайгашып, калк жашаган жерге жакын б.а. 40 метр аралыкта жайгашкан. Тургундардын айтымында, “Шамбесай” алтын кенин ачуу боюнча чалгындоо иштери 2008-жылы башталган, жалпы эл аталган алтын кенин ачууга жана иштетүүгө ушул күнгө чейин каршы болу келе жатат. Чалгындоо иштери жүргөн мезгилде, экологияга, адамдарга жана мал-жандыкка чон таасири тийип келе жатканын, натыйжада ар кандай мал жандыктар туула баштаганын айтышкан.

 

Нааразычылык акциясына 150дөн ашуун тургундар катышкан. Ал жерде милиция кызматкерлери 5-6 аялды колунан тартып четке сүйрөп чыгарышканын айтышты. Ал аялдар Акыйкатчынын өкүлүнө ошол окуядан кийин бир экөөсүнүн колдору, башы ооруксунуп калганын, бирок ооруканага кайрылбаганын билдиришти.

 

Алынган маалыматтарга ылайык, бул окуя боюнча эч ким камакка алынган эмес жана эч ким ооруканага түшкөн эмес, бирок бул окуя боюнча тургундар укук коргоо органдарынын аракетине карата нааразычылык катын Акыйкатчынын наамына жазышты. Каттын негизинде Акыйкатчы тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлмөкчү.

 

Жолугушууга келген тургундарга өкүлчүлүк тарабынан Акыйкатчы Институту жөнүндө жана тынч жыйындарга чыгуунун мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелери, тартиби жөнүндө маалыматтар айтылды.