Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага инспектору Мыктыбек Турдубеков билдирди.

 

Сузак районунда РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан кыргыз паспортун колдонуп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. 

 

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 1-январында Өзбекстан Республикасынын жараны — 1991-жылы туулган М.А.К. паспорт алуу максатында мыйзамсыз Сузак райондук паспорт бөлүмүндө иштеген А. (аял киши) аттуу жаранга 2,5 миң доллар берип, 1991-жылы туулган Ж.С.Б. аттуу бөлөк ысым менен Кыргыз Республикасынын жараны тууралуу паспортторду (ID-карт жана чет өлкөдө колдонуучу эски үлгүдөгү көк паспорт) жасатып, колдонуп жүргѳндүгү аныкталган.

 

«Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мүлктөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, паспорт ээси — Өзбекстандын жараны М.А.К. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны менен бирге паспорт берген тарап боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлө баштады», - деп айтылат маалыматта.

 

Turmush